Кыргызпатент менен “Тэкайым” фонду кызматташтыкты бекемдөө Меморандумуна кол коюшту

Кыргызпатент менен “Тэкайым” фонду кызматташтыкты бекемдөө Меморандумуна кол коюшту

Бүгүн, 30-июлда Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) менен “Тэкайым” коомдук фонду кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, кызматташтыкты бекемдөө, өнөктөштүк мамилени тактоо максаттагы документке Кыргызпатенттин директору Динара Молдошева менен “Тэкайым” коомдук фондунун төрайымы Айтурган Зулпукарова кол койду.

Эки тараптуу келишимдин негизинде тараптар биргеликте иш-чараларды өткөрүү аркылуу социалдык инновацияларды ишке ашыруу менен балдар жана өспүрүмдөр арасында STEAM билим берүүнү жайылтуу жана илгерилетүү, бардык аймактарда инновациялык ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, шыктандыруу боюнча иш алып барат.

Жолугушууга Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директору Жоодарбек Жумабаев, Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын директорунун орун басары Касиет Качаганова, Кыргызпатенттин окутуу секторунун башчысынын милдетин аткаруучу Жаңыл Кожогулова жана «Курак» Айымдар Форуму», “Тэкайым” коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири Елена Чигибаевалар катышты.

Белгилей кетсек, Кыргызпатент “Тэкайым” менен бирге STEAM-билим берүүнү өнүктүрүү боюнча бир нече иш-чараларды өткөргөн. Бардык аймактарда “STEAM билим берүү Караваны”, STEAM IDEATHON жана Technovation Girls Challenge долбоорунун финалы, Кыргызпатенттин кызматкерлери үчүн дизайн ой жүгүртүү боюнча тренинги, “StartUp Kyrgyzstan” республикалык сынагынын акселерациялык программасынын негизинде тренингдер ж.б.

Кыргызпатенттин басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.