Бишкектеги чоӊ көчөгө Ашыралы Айталиевдин ысымын берүүгө атактуулар макул. А президентчи?..

Бишкектеги чоӊ көчөгө Ашыралы Айталиевдин ысымын берүүгө атактуулар макул. А президентчи?..

Бир күн даам таткан жериӊе миӊ күн салам айт!

Ашыралы Айталиев атабыздын 81 жаштагы байбичеси Наила апабыз менен байланышыбыз ортодо узакка үзүлүп калды. Акылман кыргыз элим айтып койгон «Бир күн даам таткан жериӊе миӊ күн салам айт!» деген накыл сөздү, Ашыралы атадай, Наила ападай асыл адамдарды унутта калтыргандардын катарына кирип калгандай өзүмө канча капа болдум. Ашыралы атабыз бар кезде алардын куттуу үйүнө өз үйүмдөй каттап, Наила апанын жайыл дасторконунда даам сызып, эски учурларды бир күлүп, бир муӊайып айтып беришкен жылуу жүздөрүн жүрөгүмдүн түпкүрүндө катып жүргөнүм менен, турмуш-тиричилик убарасы менен ортодо көп убакытты уттуруп ийдим.

Бирок апа дайыма көӊүлүмдө жүрчү. Апа да мени сураштырып издеген экен, акыры жолугушчу күн келип барганымда, маӊдайы жарыла кубанды…  Турмушумду сураганда, «Апа, турмуш курдум, бирок, ал бакыт узакка созулган жок, кечиккен махабатымдай байымдын өлүмү кечендегенде эмне…» деп үнүм каргылданып, көзүмө жаш тегеренди…

«Кагылайын кызым, Кудай деле жакшы адамдарды алып кетет экен. Баарыбыз Алла Тааланын колундабыз. Жолдошун жоготуу өтө оор, азаптын азабы. Азыркыга чейин атанарды жоктойм. Курандан башка арга жок» деп Эрниске багыштап куран окуду…

Анан көп нерсени баарлаштык, Ашыралы атабыз кеткенден кийин адамдыктан кетпей сүйүнткөн, пендечилик кылып капаланткан, кейиткен, жүрөгүн оорутуп назарын сындырган адамдар болгон экен, айтор, көкүрөгүнө жыйган нускалуу кебин айтып отуруп, Апа азыр бардык үмүтү, тилеги, каалоосу, айтаар сөзү, сураныч-өтүнүчү байланган жалгыз аманатын айтты – Бишкектин чоӊ көчөлөрүнүн бирине абышкасынын аты берилсе дейт. Бул маселе боюнча убагында барбаган жери, какпаган каалгасы калбаптыр. «Эки жылдан бери бутум баспай калгандыктан токтоп отуруп калдым.Эртеӊ кандай болуп кетем деп акыркы күндөрдө жашап жатам, кызым. Атаӊдан далай жолу интервью алып, куттуу үйүбүзгө келип, батасын алдыӊ эле, балам. Туубасам да тутунган кызым элеӊ, эми келиним болупсуӊ, ошондуктан бул демилгени сага тапшырдым» деп мага аманат кылып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады эле.

Ал кайрылуу «Алакан» сайтыбызга, Ютубдагы каналыбызга жарыяланган күндөн, кыргыз элимден айланса болот, «колдойбуз!» деп дароо үн кошушту жана кошушууда. Чыгармачыл адамдардын көбүнө кайрылдык, каршы болгон эч ким болгон жок, баары колдоп, кагаз жүзүндө кол коюп бергенге да даярбыз дешти.

Апанын демилгесин колдойлу! «Бул баарыбыздын кыргызга кызматын өнөр-таланты менен ашыра кылып кеткен Ашыралы атабыздын жаркын элесине жасаган урматыбыз, сыйыбыз болот… 

Наила АЙТАЛИЕВА: «Бишкектин бир көчөсүнө абышкамдын аты берилгенин угуп, көрүп кетсем арманым жок эле»

Ашыралы атабыз өмүрүнүн 62 жылын чыгармачылыкка арнаптыр. Замандаштары «карыганча үнүнүн тазалыгы, шаңы өчкөн жок» деген атабыз ушул жылдары өзүнүн эмес, обончулук, ырчылык, дастанчылык, айтыш өнөрүнүн келечегине кам көрүптүр.  III даражадагы «Манас» орденин ээси, Кыргыз Эл артисти, залкар төкмө акын, залкар обончу, дастанчы атабыз эмгек жолун 1946-жылы 19 жашында Филармонияда иштөөдөн баштап, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте балдарга акындык өнөр боюнча сабак берип, комуз үйрөтүп, кийин өмүрүнүн акырына чейин «Айтыш» коомунда да бир топ жаш төкмөчүлөрдү таптап шакирт даярдаганы баарыбызга маалым. Эми жараткан керемет ырлары, кыябына келтире аткарган дастандары, айтыштары өзүнчө чоӊ сөз. «Мыкты чыгарманын өмүрү узун болот» дегендей, бардык ырлары алигүнчө ырдалып келет…

Ушундай көп кырдуу, кайталангыс өнөр адамы болгон залкар талантыбыздын ысымы алигүнчө эч жерге бериле электиги чынында уят эле иш. Ашыралы атабыздан өнөр үйрөнөбүз деп далай (азыр атагы чыгып калган) төкмө акындар, ак батасын алабыз деген бир топ чыгармачыл адамдар, журналисттер куттуу үйүнүн босогонун  аттап, Наила апабыздын колунан чай ичкенбиз. Жаркылдаган кабагы, дүйүм толгон дасторкону менен тосуп алган апабыз азыр биздин үн кошуубузга зар болуп турат. «Тиги дүйнөгө кете электе чалымдын ысмы Бишкектин бир көчөсүнө берилгенин угуп, көрүп кетсем арманым жок эле деп Жараткандан тилеп отурам» деп жүрөк ооруткан апаны тамашалап: «Ашыралы атаны сагынып эле шашып жатсаӊыз керек, кое туруӊуз эми. «Эч бир президент чечпей койду эле, азыркы президент Садыр балам чечип берип, аты тарыхта калды» деп айта барасыз да» деп күлдүрүп жатабыз… А бирок…

Өмүр бою чалынын талантын баалап, жакшысын ашырып бизге үлгү болуп келаткан апабыздан кечирим сурайбыз. Себеби, бул маселени Апа эмес, биз көтөрүшүбүз керек эле…  Апабыздын акыркы суранычы бийлик адамдарына да жетип, аткарылат деген ишеничтебиз!

 Назира СААЛИЕВА

 Бир собол

— Айтылуу Ашыралы Айталиевдин ысымын Бишкектеги бир чоӊ көчөгө берүүгө кандай көз караштасыз?

 Ибрагим ЖУНУСОВ, мурдагы маданият министри, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси:

«Ашыралы Айталиевдин атын көчөгө берүү да аздык кылат»

— Албетте, Ашыралы байкенин атын көчөгө берүүнү колдойм. Көчөгө эле эмес, керек болсо районго бериле турган улуу инсан, залкар талант. Мен алп акын менен көп жолу жолугуп, баарлашып, көп жолу концерттерде чогуу болгонбуз. Бул адамдын эӊ жакшы сапаты: улуу-кичүү, белгилүү, белгисиз деп бөлбөй, баарына бирдей мамиле жасачу. Бой көтөрүү деген такыр жок болчу, жөнөкөй адам эле. Бир мисалды эле айтайын, менин апам 55 жашка чыгып, пенсияга узатуу иш-чарасына барып берген эле. Айылдагылардын баары келген. Менин апам залкар таланттарды баалап, алардын чыгармачылыгын үзбөй көрүп, укчу. Апам баалаган залкарларды апама жагымдуу маанай тартуулайын деп чакыргам. Анда мен жаш элем. Жаш бала дебей, улуугун көрсөтүп Ашыралы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Рыспай Абдыкадыров, Токон Эшпаев, Асанкалый Керимбаев, Түгөлбай Казаковдор келишкен. Ашыралы Айталиевдей улуу инсандын атын өмүр бою унутпай, кийинки муунга, кылымдан кылымга калтыруу керек. Көп кырдуу талантка көчөнүн атын берүү да аздык кылат…

Султан РАЕВ, мурдагы маданият министри, Кыргыз Эл жазуучусу:

«Улуу чыгарманы жаратуу Улуу адамдын гана колунан келет»

— Кыргыз Эл артисти Ашыралы Айталиев төкмөчүлүктүн акыркы могикандарынын бири. Улуу чыгарманы жаратуу Улуу адамдын гана колунан келет. Кыргыздын элдик гимнине айланган Ашыкемдин «Нарындан жазган салам кат» аттуу чыгармасы не деген керемет! Бул ырдын ырдалып келатканына 50 жылдан ашып калды. «Жылкычынын ыры», «Көл жээгинде», «Сүйгөнүм» жана башка ырлары да кыргыздын классикалык чыгармаларынын катарына кирген. Андыктан Бишкектеги чоӊ көчөнүн бирине ысымын берүүгө татыктуу инсан, мен колдойм.

Кыргызбай ОСМОНОВ, Кыргыз Эл артисти, Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын жетекчиси:

«Ашыкемдин аты эчак эле берилиши керек эле»

— Ашыкемдин байбичеси Наила апабыздын кайрылуусу туура, колдойм.  III даражадагы «Манас» орденин ээси, Кыргыз Эл артисти, залкар төкмө акыныбыз Ашыралы Айталиев ысымын Бишкектеги бир чоӊ көчөсүнө бергенге татыктуу инсан. Эчак эле берилиши керек эле.

Ысмайыл Борончиев, Токтоналы Шабданбаев, Токтосун Тыныбеков, Эстебес Турсуналиев өңдүү акындар менен айтышып  төкмөлүктүн жөрөлгөсүн уланткан, айтыштын ар кыл салттарын өнүктүргөн. «Карагул ботом», «Ак Мөөр», «Ак Саткын менен Кулмырза», «Олжобай менен Кишимжан» ж. б. дастандарды айткандары эле кандай эмгек! Канча деген обону мыкты ырларды жазды, аткарды. «Жылкычы», «Ак шоокум», «Нарындан жазган салам кат», «Жолугабыз аз күндө», «Чабандын саламы», «Оюңда кимдин гүлүсүң», «Түшүнсөң боло суратпай» ж. б. ырлары канча ырчынын репертуарына кирди, эл арасына тарап, канча деген жүрөктөрдөн түнөк тапты, азыр деле түнөк таап келатат…

Камила ТАЛИЕВА, мурдагы ЖК депутаты, мурдагы вице-премьер-министр:

«Ашыралы Айталиевдин атын чолок көчөгө эмес, чоң көчөгө берүү керек»

— Учурдан пайдаланып, алгач Наила апабызга ысык салам айтып, бекем ден соолук каалайм. Анан Кыргыз Эл артисти Ашыралы Айталиевдин ысымын берүү сунушун колдойм. Кайрылуусун кылдаттык менен уктум. Эки жылдан бери баспай калганын угуп капаландым. Ошентсе да, кайратынан тайбай абышкасына көчөнүн атын сурап жатканына таазим кылдым. Бул маселени төкмөчүлөр көтөрүшү керек эле… Залкарлардын мектебинен таалим алып калган, Ашыралы Айталиевдин колунан тапталган төкмөлөр бар да…

Ашыралы Айталиевдин эмгеги тууралуу байбичеси туура айткан, кыштыр-жайдыр жөө-жалаӊ, талаа-түздө калып, элдин рухун, духун көтөрүп кыргыз маданиятына чоӊ салым кошкон. Ушундай ак эмгектери менен наам алышкан. Шедевр ырларды жараткан. «Нарындан жазган салам кат» аттуу ыры керемет да! Ырларынын баары уккулуктуу, кайталангыс, бүт баарын тажабай угам. Кайталангыс улуу инсандын атын чолок көчөгө эмес, чоң көчөгө берүү керек. Кол топтогула, кол коюп берели.

Абдиламит МАТИСАКОВ,  «Даңк» медалынын ээси, профессор, публицист:

«Арстан акындын атын берүүнү кош колдоп колдойм»

— Кыргыздын кыйырына таанымал арстан акын Ашыкем комуз чертүүнү 1942-43-жылдары баштаган. Жаш кезинен Осмонкул, Калык, Токтонаалы, Ысмайыл аттуу залкарлардан таалим алып, ал таалимди кийинки муунга өткөрүп берип кеткен улуу инсан. Ырлары мыкты. “Жылкычы”, “Нарындан жазган салам кат”, “Ак шоокум”, “Оюнда кимдин гүлүсүң” жана башка ырлары элдин сүйүктүү ырлары болуп элге сиңип кетти. “Карагул ботомду” аткарганда залда болобу, башка жерде болобу, ыйлабаган киши калчу эмес… Анан кыргыздын ушундай залкарына кантип бир көчөнү бербей кое алабыз. Мен кош колдоп колдойм! Башка ой болушу мүмкүн эмес!

Дөөлөт СЫДЫКОВ, манасчы: «Ашыкеге берилбеген көчө кимге берилет?!»

— Залкар талант Ашыралы Айталиев атабызды кимдер тааныбайт, баары тааныйт. Шедевр ырлары ушул күнгө чейин ырдалып келатат. Ушундай улуу адамга борбор калаабыздын бир көчөсүнө ысымын берүү демилгесин көтөрүп жаткан Наила апабызга Кудай өмүр берсин, тилеги орундалсын. Ашыкеге берилбеген көчө кимге берилет?! Апанын кайрылуусун президент Садыр Жапаров угуп, оӊ жакка чечип берээр. Кайрылууну мен чын дилимден колдойм. Кол коюш керек болсо, макулмун.

Алтынай ТЕМИРОВА, драматург, акын, котормочу:

«Шедевр чыгармаларды жаратканы үчүн эстелик койсо да болот»

— Айтылуу Ашыралы Айталиев кыргыздын эң бир көрүнүктүү залкар таланттарынын бири. Кыргыз элинин сыймыгы болгон улуу инсан казак, өзбектерге чейин таанылган төкмө акын. «Нарындан жазган салам кат» ырын казактар ырдап да жүрөт.

Көзү тирүү болгондо быйыл 94 жашка чыкмак экен. Өзү жок болсо да, артында асыл сөздөрү, шедевр ырлары калды. «Нарындан жазган салам кат», «Карагул ботом», «Аксаткын менен Кулмырза» ж.б. шедевр чыгармалардын аткаруучусуна, жаратманына кандай түрдө болсо да (атын коюп деле) эстелик койсо болот. Анткени ошого татыктуу инсан.

Бишкектеги бир көчөгө аты берилиши керек. Байбичесинин кайрылуусун колдойм…

Искен КОЖОКЕЕВ, «Айкүр» федерациясынын вице-президенти:

«Бир көчөнү үч ысым менен атоого каршымын»

— Дастанчы, төкмө акын Ашыралы Айталиев сыяктуу улуу инсандар бул нерсеге татыктуу. Бирок, бизде бир жаман адат пайда болду, бир чоӊ көчөнүн аталышын үчкө бөлүп атоо деген. Бул туура эмес. Мен бир көчөнү бөлүп-жарып үч адамдын ысымы менен атоого каршымын. Бул, орой айтканда, бүтүн бир адамды үчкө бөлүп салгандай сезилет. Ошондуктан мунжу  кишидей кылбай, көчө толук бир адамдын атынан аталса жакшы болмок. Анан көчө аталышын мыкты тааныштын же демөөрчү-сүрөөнчүнүн күчүнө салбай, кимдин болбосун, аброй-беделине, даӊаза-даражасына, элге кылган кызматына жараша татыктуу коюш керек. Бул менин жеке пикирим. Андыктан Ашыралы Айталиевдей залкарыбыздын ысымы бир бар болуп, бир жок болуп кеткен үзүк-кесик же кайсы бир булуӊ-буйтка жердеги көчөгө эмес, татыктуу бир чоӊ көчөгө берилет деген тилектемин…

Нуржигит КАДЫРБЕКОВ, мурдагы маданият министри, «Ыйман Нуру» партиясынын лидери:

«Улуу өнөрдүн сакталып калышына зор салым кошкон залкар инсандын атын берүү туура»

— Ашыралы Айталиев кыргыздын таланттуу залкар инсандарынын бири. Атабыз залкар дастанчы, обончу, ырчы, жазма да, төкмө акын да болгон. Эл аралык айтыштарда кыргыздын намысын коргоп чыккан. «Төрт төкмө акындан кийин төкмөчүлөр жоголуп кетет» деген коркунучта турганда, аны жандандырууга чоӊ үлүшүн кошкон, улуу өнөрдүн сакталып калышына зор салым кошкон инсандардын бири. Бир топ шакирттерди таптап чыгарды. Байлык топтогон жок, бийликке умтулган жок. Кыргызга калтырганы – улуу сөзү, авазы, обону, ыры. Мындай залкар адамдын атын кайсы бир көчөгө берүү абдан туура, колдойм. Татыктуу адам.

Азыр эми таасирлүү кызматта иштеген тааныштарына байланыштуу кээде анча деле элге эмгеги сиӊбеген кишилердин аттары коюлуп калууда. Кыргыз маданиятына эмгеги сиӊген, кыргыз баалап, сыйлаган залкар адамдардын аты коюлса туура деп эсептейм. Алардын бири – Ашыралы Айталиев.

Кенжебек АЛДАЯР, комузчу: «Залкар инсандын ысымы көчөгө ыйгарылышын колдойм!»

— Залкар төкмө акын Ашыралы Айталиев эмгек жолун Улуттук филармониядан баштап, ал жерде 45 жыл иштеп пенсияга чыккан. Колуна комузду мектепте окуп жүргөн кезинде алган. «Карагул ботом», «Ак Мөөр», «Ак Саткын менен Кулмырза», «Олжобай менен Кишимжан» өңдүү дастандарды ийине жеткире аткарган дастанчы да болгон! Анын аткаруусундагы ырлары кыргыз элинин алтын казынасынан орун алган.

Төкмөлүк акын өнөрүн көзү барда бийик даңазалаган талант катары элдин эсинде ар дайым жашай бермекчи.

Кыргыз маданиятынын өнүгүп-өсүүсүнө өбөлгө түзгөн залкар Ашыралы Айталиевдин ысымы көчөгө ыйгаруу демилгесин колдойм.

Түмөнбай КОЛДОШОВ, Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык коллежинин директору, ырчы, обончу:

«Залкардын ысымын татыктуу жерге ыйгаруу абзел»

 — Кыргыз Эл артисти Ашыралы Айталиев атабыздын ырын угуп чонойдук да.

Байбичеси Наила апанын кайрылуусун окуп, угуп чыктым. Апа көтөрүп жаткан демилге туура, кайрылуусун колдойм. Бирок, залкар инсандын ысымын эптеп бир жерге эмес, татыктуу жерге ыйгаруу абзел! Кол топтоо керек!

Малик АЛИКЕЕВ, КРнын эмгек сиӊирген артисти: «Элдин баары колдойт деп ойлойм»

 Ак таңдай акын, залкар талант Ашыралы Айталиев атабыздын аракети менен Кыргызстанда жаш төкмө акындардын, манасчылардын мектеби ачылган. Жаш таланттарды, төкмөчүлөрдү таптап чыгууга өмүр бою жанын үрөп өттү.

Маданиятка зор салым кошуп кеткен атабыздын атын коюуну кош колдоп колдойм. Чыгармачыл адамдар эле эмес, эл дагы колдойт деген ойдомун.

Амантай КУТМАНАЛИЕВ, КРнын эмгек сиӊирген артисти, төкмө акын:

«Төкмө акындардын баары колдойт»

— Ашыралы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаев — бардыгы тең менин устаттарым. Ушундай улуу инсандар менен чогуу жүрүп, таалим-тарбия алып калганыма сыймыктанам. Мен филармонияга жаңы келген учурда: «Төрт эле төкмө калды, алар менен бул өнөр токтоп калабы» деген сөздөр жүрүп жаткан эле. Кудай жалгап, андай болгон жок, улуу инсандарыбыз көп төкмөчүлөрдү таптап чыгарышты. Анан биз устатыбыздын атын берүүгө кантип каршы чыгабыз? Баарыбыз колдойбуз. Муну бизден суроонун да кажети жок.

Биз Ашыкемден куттуу үйүнө көп барып, сабак алып, Наила апабыздын колунан чай ичтик. «Саргашка» деген атты Ашыралы атам ыйгарганын баарыӊар жакшы билесиӊер.

Максат КУЛУЕВ, төкмө акын: «Учурунда бул демилгени көтөргөнбүз…»

— Мен Наила апа менен байланышып, кабарлашып турам. Президентке кайрылуусун колдойм. Апабыз көтөрүп жаткан демилге көптөн бери айтылып келет. Учурунда бул боюнча чуркап, Ашыралы атабыздын ысмы Ысык-Ата районундагы же Кант шаарындагы маданият клубуна берилсе дегенбиз. Тилекке каршы, кайсы бир түшүнбөгөн чоӊдордун азабынан бул демилге ишке ашпай калган. Кайрадан демилге көтөрүлдү, эми аягына чейин чогуу чыгаралы. Каалаганым — Бишкектеги бир чоӊ көчөгө аты берилип калса жакшы болмок…

Назира СААЛИЕВА

P.S. Наила апабыздын кайрылуусун, демилгесин колдоо улантылат. Кыргыз Эл артисти Каныкей Эралиева, ырчылар Стамгүл Турдалиева, Салима Балтаеванын жана белгилүү сүрөтчүлөрдүн, журналисттердин, коомдук ишмерлердин пикирин окуй аласыздар! 

7 thoughts on “Бишкектеги чоӊ көчөгө Ашыралы Айталиевдин ысымын берүүгө атактуулар макул. А президентчи?..

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.