Күйөөсү тепкилеп өлтүргөн ооган акын кызынын ырын Нурзат Мокенова кыргызчага которду

Күйөөсү тепкилеп өлтүргөн ооган акын кызынын ырын Нурзат Мокенова кыргызчага которду
Сүрөттө: Надия Анжуман

Таланты ташкындап турган кезде күйөөсүнүн колунан бейажал тапкан оогандык акын кыз, бир баланын энеси, маркум Надия Анжумандын кыялын, умтулуусун, кыйкырыгын биздин жаш акын кызыбыз Нурзат Мокенова ооган тилинен кыргызчага которду.

«Ырдын эми пайдасы жок — керек беле жазыштын?

Убакытка ташталдым мен, ырдаймынбы… унчукпайм.

Жүрөгүмдү кескилешти, тепкилешти чынымды,

Мерез жандар шамдай көрүп «жалп» өчүргөн ырымды.

Байкабастыр эч кимиси тирүүмүнбү же өлүк,

Күлдүм балким, же кайгырдым — ортосунда бир өмүр.

Көңүл өчтү, үн дебеймин кайгы-торум жолумда:

Куру бекер мунун баары, каршы чыктым оюма.

Дуулдатып жүрөгүмдү жазгы шамал какпагын,

Билем сынган канатымды, күчүм да жок, учпаймын.

Бирок, жакын эркиндигим, алыс-жакын уккула!

Талкалаймын «түрмөлөрдүн» дубалдарын тирелген!

Гүл эмесмин эң бир назик — Оогандын бир кызымын.

Согуш мени талкалаган, дүйнөм менин азалуу.

Эми арга жок, кыйкырамын!

бүткүл аалам түшүнсүн,

Ырдап турам аялдардын эркиндигин, теңдигин»

«Бул ырды которууга эмне себеп болду?» деп Нурзат Мокеновага кайрылсак, ал: «Ошол учурда өзүмдүн ички дүйнөмдө бук, ыза толуп жүргөн. Ошол котормо менен өзүмдүн да жан дүйнөмдөгү бук кошо чыгып кетти. Ал акын кыздын ырларын буга чейин которуп жүргөн акын, журналист Мезгил Исатов мага «Надия Анжумандын ырларын окуп көрчү» деп сунуш кылды. Окуп жактырдым, анан котордум»,-деди.

Чет тилден котормолорду которуп, мыкты ырларды жазып кыргыз адабиятына салым кошуп келаткан жаш акын кызыбыз Нурзат Мокеновага ден соолук, ийгилик каалайбыз! Акын кызыбыздын көптөгөн котормолорун, ырларын жакында сайтыбызга беребиз.

Ыр жазгандыгы үчүн адабиятчы күйөөсүнүн колунан тепкиленип өлтүрүлгөн Надия Анжумандын оор тагдырын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Сүрөттө: Нурзат Мокенова. Сүрөт «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.