Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Халтурщик толтура сыйлык алса деле халтурщик бойдон кала берет»

Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Халтурщик толтура сыйлык алса деле халтурщик бойдон кала берет»

«Сыйлык башка, сый башка»

Түркияда убактылуу жашап, иштеп жаткан белгилүү журналист, акын, котормочу, аналитик агабыз Жыргалбек Касаболот «Сыйлык башка, сый башка» аталыштагы макаласын жаңылап, «Фейсбуктагы» баракчасына ачуу чындыкты жарыялады:
— Акыркы убакта социалдык тармактарда тигил же бул коомдук же маданий ишмерге сыйлык, наам берүү жөнүндө сунуштар, көп учурда нааразы пикирлер да айтыла калып жүрөт. Арасында өзүнө берилчү сыйлык тууралуу өзү маселе көтөргөн адамдар да кезигет. Албетте, ар бир адам кайсы бир кызматка өз талапкерлигин өзү көрсөтүүгө укуктуу болгон сыңары эле, алардын да буга акысы бар. Ар ким өз эмгеги ким тарабынан кандай бааланганына түрдүү мамиледе болгону да мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Бирок маселенин тамыры тереңирээк.
Мамлекеттик сыйлыктар жана наамдар системасы тээ совет мезгилинде эле түзүлгөн. Ал кезде сыйлыктар тигил же бул тармактын өкүлдөрүн моралдык жактан кызыктыруунун бир жолу болгон экен. Маданият ишмерлери үчүн бул система көбүнчө ошол кездеги коммунисттик идеологияга өтөгөн кызматынын чен-өлчөмүнө да айланган жайы бар. Эгерде көркөм баалуулугун алсак, ошол кезде деле бул механизм идеалдуу болбоптур. Эсеби маселен, далай ырлары элдик болуп кеткен Какен Алмазбеков аттуу акын өткөнүн көбү билсе керек. Ошол кишинин эч кандай деле олуттуу сыйлыгы болгон эмес. Эл акыны атанган, убагында алдыңкы деген наамдардын көбүн алган атактуулардан ушул азыр да ырлары төөлүк өйдө турат. Мамлекеттик наам албаган Тургунбек Бекболотов, Анасбек Жумалиев ж.б. жазган чыгармалар азыр да актуалдуу, көркөмдүк деңгээли өтө бийик. Бул эми көзү өткөндөрү, азыркыларын козгобой эле коелу. А бирок советтик идеологияга гана кылган кызматы үчүн толгон-токой наам алган, окуу китептерине кирген, антсе да эсте калар эч нерсеси жок акын-жазуучулар толтура. Алардын баарынын мурасы улуттук кызыкчылыктын жана көркөм деңгээлинин позициясынан жасалуучу тарыхый ревизияга муктаж.
Кийин Кыргызстан эгемендик алган соң мурдагы наамдардын, сыйлыктардын бир топтору жокко чыгарылып, бирок алар үчүн каралган сый-ургаалдардын баары сакталып калган. Ордуна «Манас» ордени, «Даңк» медалы, «КР Баатыры» сыяктуу толгон-токой наамдар, сыйлыктар кошулду. Алар деле канчалык объективдүү берилгенин азыр айтыш өтө кыйын. Айталык, «Манас» орденин алгандардын арасында убагында кыргыз тилин орус тилине басып бергендер, мамлекеттик мүлктү пландуу түрдө жок кылгандар, уулу мамлекеттик чыккынчылык үчүн соттолгондор, ушул азыр түрмөдөн качып жүргөндөр, дегеле башка өлкөлөрдүн коомдук ишмерлери ж.б. бар. Баатыр наамы бурмаланып, согушта чындап эрдик көрсөткөндөргө эмес, көбүнчө маданий, коомдук ишмерлерге берилип калды. Токтогул сыйлыгы совет мезгилинде эле негизделип, ал эми чындап кыргыз философиясынын туу чокусу болгон Өтө Көкө уулу (Жеңижок) арткы планда турат.
Маданиятка эмес, көбүнчө коомдук-саясий турмушка, таптакыр өзүнчө тармак болгон маалымат чөйрөсүнө тиешелүү журналисттер, ЖМК өкүлдөрү эмгиче «Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам алып келатышат. Өмүр бою, мисалы, экономика же коопсуздук тууралуу жазган киши маданиятка эмне тиешеси болушу мүмкүн?
Биз республикалык маанидеги сыйлыктар менен наамдардын айрымдарын гана кеп кылдык. Ар бир министрликтин, мекеменин, мамлекеттик уюмдун сыйлыгы, коомдук уюмдардын сыйлыктары толтура.
Ушунун баарын эсепке алганда, учурда өлкөдөгү мамлекеттик сыйлык жана наам берүү системасы эскирди. Аны жоюп сала турган убак бышып жетилди. Эмне үчүн?
Биринчиден, дегеле сыйлык, наам адамдын эмгегин, өнөрүн, жетишкендигин баалоонун объективдүү чен-өлчөмү боло албайт. Халтурщик толтура сыйлык алса деле халтурщик бойдон кала берет. Наам алса эле жакшы болуп калбайт. Тескерисинче, мыктылар сыйлык албаса эле начар болуп калбайт. Мыкты бойдон кала берет. Сыйлык, наам – болгону конкреттүү адамдардын жетишкендигине башка бир конкреттүү адамдардын берген субъективдүү баасы. Каратэ, таэквондо сыяктуу таймаш өнөрлөрүндө белбоонун түсү мушкердин чеберчилигин көрсөткөн белги болуп эсептелет. Бирок эр өнөрүндөгү чеберчилиги менен дүйнөгө даңкы чыккан Брюс Лиден белбоосунун түсү тууралуу сурашканда «белбоо шымың түшүп кетпеш үчүн эле керек» деп жөпжөнөкөй жооп берген. Ушунун өзү тышкы атрибут ички мазмундан төмөн турарын көрсөтүп турат.
Кыргызстан жасалма дипломдор жагынан караандатпай калды. Ошондой дипломдорду алгандардын баарын жогорку билимдүү деп айта алабызбы? Экономика факультетин «бүтүргөндөрдүн» айрымдары башкасын кой, процент чыгарганды билбей отурушпайбы?
Илгери бирөө гезитке:
«Жергебиз биздин демарал,
Жегичтер үчүн жем арал.
Жегени желим болсо да,
Жетинин бири генерал» деп жазгандай, жогорку аскердик наамдарды алган адамдарыбыз көп болгону Баткен окуясынын, жакында болгон Тажикстандын агрессиясынын алдын ала алган жок го. Бири туткунга түшүп, башкасы киши өлтүрүп четке качып, дагы бири кол астындагыларын таштап салып карматпай жүрбөйбү.
Экинчи себеби дал ушундан эле келип чыгат – тилекке каршы, совет мезгилинен бер калган инерциядан улам акыркы убакта чындап эле эмгеги сиңген көп эле кишилер өзүнүн дараметин сыйлык, наам сыяктуу чен-өлчөмдөргө жараша баалачу болду.
Сыйлык берүү системасынын бюрократиясына көз каранды болуп калды. Бюрократиясы ушунда – эки жолу Ардак баракчасын алса үчүнчү жолкусунда эмгек сиңирген наамын алууга укугу бар экен. Анын да бири тап жылдырбай озуп, бири жылдап кечигип, айтор, жоопторуна караганда суроолору көп түзүм окшойт. Бир топтору үчүн бул чөйрөдөгү коррупция, кагаз кармаш, күбөлүк күрөш катуу психологиялык сокку болуп, өмүр бою арманда кеткендери кездешет. Бир келген адамдын өмүрү менен көңүлү ушунча баркы кеткен кагаздарга кор боло турган эмне жөнү бар?
Үчүнчү себеби – саясий коньюнктурага ылайык же коррупциялык ыкмалар менен алынган, калыс берилбеген сыйлыктар жалпы элдин, өзгөчө жаңыдан дүйнө таанымы калыптанып келаткан жаштардын жашоодогу багытын бузат. Бул өтө чоң зыян. Өсүп келаткан муун кимден үлгү аларын билбей, башы адашат. Ансыз деле мисалы биз, журналисттер жеңил баа бирөөлөрдүн баскан-турганын жаза берип, арзыбаган аброй түзүп бердик. Аны окуган эл мыктыларга эмес, ошолорго түздөндү. Рыспай Абдыкадыровдун, Түгөлбай Казаковдун, Асанкалый Керимбаевдин, Жумамүдүн Шералиевдин шыйрагына тең келбегендерди кыйшаңдатып пир тутуп калды. Ал эми убагында сыйлык менен наамга карк болгон мыктылар өз маегинде жеңил ойлуу жеке турмушун элге жайып, түгөйүнүн арбагын көз көрүүнө тебелеп турса аны чыгармачылык эркиндик деп түшүнгөн кыздар сөзсүз пайда болот. Аларга улууларын туурап сыйлык үчүн таарынган жигиттер кошулат. Бул жалаң эле алардын күнөөсү эмес, мурунку муундун өз түшүнүгүнө жараша көрсөткөн багыты, берген тарбиясы. Мунун тегерегинде интрига күчөп, келечекте элге жарык үлгү болот деген жаштар арыз менен дооматтан башы чыкпай, эл тургай өздөрүнүн жан дүйнөсү талкан болуп майдаланат. Ошентип өзүбүз сазга батканыбыз аз келгенсип кийинкилердин да өзөгүнө балта чаап алабыз.
Албетте, мамлекеттик сыйлыктар менен наамдардын баарын жоюп салуу далайларына оор тийиши турган иш. Ал тургай далай талкууга жем таштап, кызыл чеке талаш-тартыштарга себепкер болушу да мүмкүн. Ошентсе да эгемен мамлекет катары бул эртедир-кечтир жасала турган нерсе. Себеби кечиктирген сайын Гордийдин түйүнүндөй болуп ого бетер татаалдашып, пайдасынан зыяны көбөйүп, чечилиши оорлой берет.
Жойгондон кийин:
а) улуттук кызыкчылыкка жараша таптакыр башка критерийлер менен кайрадан түзүп чыкса да болот. Бирок, ал үчүн мамлекет өзү улуттук кызыкчылыктарды так аныктап чыгышы зарыл. Азырынча мамлекет башындагылардын өзүндө да улуттук кызыкчылык тууралуу терең түшүнүк жок, көбүнүн түпкү мотивациясы жеке саясий кызыкчылыкка негизделген;
б) системаны кайра түзбөй эле тиешелүү коомдук уюмдардын ыкыбалына калтырып, бара-бара коомчулук өзү жакшы-жаманын ылгап алышын күтүп туруу да бир вариант. Жалпысынан элдин эстетикалык табитин улуттук баалуулуктарга жана улуттук кызыкчылыкка эптүү жалгаштырып оңдоого багытталган коомдук уюмдар ачылып, ишке киришсе жакшы болмок. Алардын ишин долбоорлук негизде уюштурса да болот. Бирок бул биздеги демөөрчүлөрдүн атуулдук сезимине жана тапкан каражатынын тазалыгына көз каранды. Арам акча адал ниетте башталган ишти да жаманатты кылары белгилүү.
Ошондуктан коомчулук бул системаны реформалоо боюнча өз сунуштарын айта турган учур келди.

Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Мамлекеттик сыйлыктардын кайсынысынан болбосун ыктыярдуу түрдө баш тартам»

Жыргалбек Касаболот агабызды баарыбыз эле жакшы билебиз, мыкты журналист, мыкты акын, мыкты котормочу, мыкты аналитик, эл, жер, эне тилибизге күйгөн мекенчил инсан. «Эмгекти эл баалайт» дегендей, жогорудагы макаласынан кийин коомчулук «Жыргалбек Касаболотко наам берилиши керек» деп жазып чыгышкан. Ар тараптуу таланттуу агабыз колдогондорго ыраазычылыгын билдирип, мындай деп жазган:
Бул макала жарык көргөндөн кийин башка тайпаларда айрым жакшы санаалаштар мага да сыйлык берилишине тилектеш болуп пикир айтышкан экен. Албетте, анысына чоң ырахмат. Бирок мамлекеттик сыйлыктарды жоюп эле салган оң деп бул жерде айтылган сунушумдан улам, мен мындан ары азыркы мамлекеттик сыйлыктардын кайсынысынан болбосун ыктыярдуу түрдө баш тартам. Анткени айткан сөзүбүз менен кылган ишибиз бир болушу керек, кийинки муун бизден ошондой туруктуулукту күтүүгө акысы бар. Ал үчүн азыркы мамлекеттик кызматтагы ага-инилерди, эже-карындаштарды сындап кереги жок, алар бул системанын алкагында өз ишин колунан келишинче аткарып жатышат. Мен алардын ишине ийгилик гана каалайм. Баарыңыздарга рахмат!

Эгемендик

Эсенби, өлкөм, эчен түркүн эл кирген,
Эски үйдөгү энем болуп телмирген?
Эгемендик баш бакканда курч элем,
Эми мына элүү жашка келдим мен.
Азаттыгың бааланабы акыры?
Ардакталып ак ордоңдун чатыры,
Азыр мына болгон-бүткөн абалың
Аянтыңда көздөн чууруп жатыры:
Чоң дүйнөдөн артып калган кешиктер,
Чоңдоруңа айгак болгон тешиктер,
Чогулта албай жер бетинен өз элин
Чоочундарга кең ачылган эшиктер,
Баскынчыга ок атпаган танкалар,
Байкалбастан тарып жаткан карталар,
Талаш-чырда чындык үчүн күрөшпөй
Таазим кылып жетип барган маңкалар,
Акыбалың билип алган өнөктөр,
Акылыңа кирип алган бөлөктөр,
Өйдө умтулсаң кагылбаган канаттар,
Өз тилиңде сүйлөтпөгөн себептер…
Үйлөп жатып тутандырган үмүттөр,
Үч бийликти кууп түшкөн жигиттер,
Ордоңду ээлеп ордун тапкан сүлүктөр,
Отуз жылда ташыркаган күлүктөр,
Ачылбастан актай калган барактар,
Азырынча алынбаган сабактар,
Таш жолуңду тазаласам деп жүрүп
Талаа-түздө талыкшыган канаттар…
Өткөн өмүр, жаштыгымдын бир деми,
Өзүңө тең балдарымдын күлгөнү,
Тентисек да терип сактап келаткан
Теңирдин да болсо керек билгени.
Карегиңде — жакшысы да, жаманы,
Кара жериң, калктын баскан таманы.
Кылымдардан сүзүлсө да үзүлбөй
Кыргыз жеткен азыркынын заманы.
Бир тамчыдан кызматыбыз өтөлүү,
Бийиктиктин мыйзамы экен көшөрүү,
Кадырыңа жетпесек да, жетсек да
Кайран баштар кан жолуңда төшөлүү.
Жыргалбек КАСАБОЛОТ
31.08.2021
Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров республиканын маданий, интеллектуалдык жана рухий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн жана Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка 31-августта кол койгон.
Сыйлык алгандардын ТИЗМЕсин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.