Москвада 111 саат манас айткан Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга келатат. Татыктуу тосуп алалы! (Дарек)

Москвада 111 саат манас айткан Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга келатат. Татыктуу тосуп алалы! (Дарек)

Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата Москва шаарында беш күн, беш түн 111 саат манас айткан манасчыбыз Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга кайтып келатат.

Бул тууралуу жубайы Ырыс Окенованын «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды.

Андагы маалыматка караганда, 7-сентябрда манасчыбыз Бишкекке келет. Аны мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев, Маданият министрлигинин өкүлдөрү, манасчылар, чыгармачыл адамдар, журналисттер тосуп алат.

Ошондой эле манасчыбызды тосуп алууну каалагандар үчүн төмөндөгүдөй дарек жазылды:
Күрөңкеев менен Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилиши;
Жаштар театрынын алды;
7-сентябрь, саат 15:00. 

Касиеттүү үй-бүлө…

Төрт баланын (Эрболот, Байнур, Каган, Адеми) атасы Дөөлөт Сыдыковдой өнөрлүү уулду жарык дүйнөгө алып келген Мейрамгүл Сыдыкова апабыз. 75 жаштагы апа Баатыр эне, 12 бала төрөгөн. 12 бир туугандын тогузунчусу — манасчы уулу Дөөлөт Сыдыков. Дөөлөт 1983-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Шор-Булак айылында туулган. Ысымын ыраматылык атасы койгон экен. Атасы Качкын Сыдыковдун көзү тирүү (2006-жылы көзү өткөн) болгондо быйыл 81 жашка чыкмак. Айтмакчы, Дөөлөттүн атасы, чоң аталары да манас айтышкан. Чоң апасы болсо, эгиздерди (үч эм, төрт эм) төрөп, 33 баланы жарык дүйнөгө алып келиптир…

Эске сала кетсек, былтыр, 12-ноябрда, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Дөөлөт Сыдыков манасчылык өнөрдү Гиннестин рекорддор китебине киргизүү максатында эртең мененки саат 9:42де баштап, кечки саат 00:27де жыйынтыктап — 14 саат 27 мүнөт тынбай эс албай, тамактанбай, суу ичпей манас айтып рекорд койгон.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.