ЖАПАРОВ: «Ханафий мазхабы элибиздин үрп-адатына каршы келген эмес. Бул боюнча Жарлыгым чыккан»

ЖАПАРОВ: «Ханафий мазхабы элибиздин үрп-адатына каршы келген эмес. Бул боюнча Жарлыгым чыккан»

Бүгүн, 6-сентябрда президент Садыр Жапаров Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиевди кабыл алды. Мындай маалымат президенттин сайтына жайгаштырылды.

Андагы маалыматта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) учурдагы ишмердүүлүгү, келип чыккан чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу, өлкө элинин биримдигин чыңдоо маселелери талкууланганы жазылган. Ошондой эле, мамлекет башчы Кыргызстан светтик, көп конфессиялуу өлкө экенин, анын калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзөрүн, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өлкөдө диндер жана улуттар аралык тынчтыкты сактоодогу маанилүү роль ойноорун баса белгилептир.

«Ислам дини толеранттуулукка, сабырдуулукка, айкөлдүккө чакырат. Бул багытта Кыргызстан мусулмандар дин башкармылыгынын ролу өтө чоң. Мына ушул жаатта башка жамааттардын башын бириктирип, аалымдар жана казылар менен бирге иш алып баруу зарыл.

Туура эмес диний чечмелөөгө жол берилбеши үчүн идеологиялык коопсуздукту күчөтүү керек. Кылымдардан бери бабаларыбыз карманып келген салттуу ханафий мазхабы элибиздин үрп-адатына каршы келген эмес. Буга байланыштуу менин „Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө“ биринчи Жарлыгым чыккан. Азыр ушул Жарлыктын негизинде Концепция иштелип чыкты», — деп билдирген Садыр Жапаров.

Замир РАКИЕВ: «Республикада 100дөн ашык диний билим берүү мекемеси иштейт»

Ал эми муфтий Замир Ракиев Садыр Жапаровдун диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу керектиги тууралуу пикирин колдоптур.

Анын айтымында, учурда республикада 100дөн ашык диний билим берүү мекемеси иштейт.

Замир Ракиев Экстремизмге каршы турууга, конфессиялар ортосунда тынчтыкты жана ынтымакты сактоого, этникалык жана диний араздашууга жол бербөөгө салым кошо турган руханий агартуунун олуттуу бөлүгү катары кызмат кыла турган Ислам академиясын куруунун маанисин баса белгилептир.

Дин комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2,5 миңдей мечит, 100дөн ашуун медресе, 10 ислам институту бар.

«Ханафий мазхабы» деген эмне? . Бу жердеги ШИЛТЕМЕни басыныз.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.