ИИМдин, Текебаевдин, Мадумаровдун билдирүүсү, Нарматованын кайрылуусу…

ИИМдин, Текебаевдин, Мадумаровдун билдирүүсү, Нарматованын кайрылуусу…
Кечээ, 10-сентябрда Ош эл аралык аба бекетинен кармалып, Бишкекке жеткирилген “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова күбө катары суралгандан кийин бошотулганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин буга чейинки билдирүүсү

ИИМ О.Нарматованын кармалышы боюнча кечээ, 10-сентябрда төмөндөгүдөй билдирүү тараткан:
Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга, өлкөнүн калкынын кеңири катмарынын арасында терс эмоцияларды жаратууга, жарандарды мыйзамсыз жана зомбулук көрсөткөн аракеттерге чакырууга багытталган укукка каршы аракеттерди аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча интернет тармагына мониторинг жүргүзүүнүн жана талдоонун жыйынтыгында РФдеги Москва шаарында “Мен макул эмесмин” жана “Менин укугум бар” коомдук кыймылдарынын лидери, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова Россия Федерациясында акыркы жылдары эмгек миграциясында жүргөндүгү, бул жылдар аралыгында аталган кыймылдын мүчөлөрү менен маал-маалы менен жолугушууларды жана конференцияларды өткөрүп келгендиги аныкталган. Бул өткөрүлгөн иш-чараларда О.Нарматова эмгек мигранттарынын, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандардын арасында нааразылыктарды күчөтүү максатында негизсиз сындарды дайыма айтып келген. О.Нарматованын билдирүүлөрүндө Кыргыз Республикасынын бийлигинин ишмердүүлүгүн дискредитациялоо жана терс чакырыктарды жасаган белгилер бар. Анын акыркы ишмердүүлүгү региондор аралык кастыкты козутууга жана бийликти күч менен басып алууга шарттарды түзүү үчүн терс маанайдагы коомдук пикирди калыптандыруу максатында коомдук-саясий процессти бир багыттуу чагылдырууга багытталгандыгы күбөлөндүрөт. Топтолгон материалдар КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгүндө (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилеринин негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын тапшырмасы менен 2021-жылдын 10-сентябрында О.Нарматова Ош шаарынын аэропортунда кармалган. Учурда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн аны ИИМдин Тергөө кызматына жеткирүү чаралары көрүлүүдө.

Орозайым Нарматованын кайрылуусу

Орозайым Нарматова түндө «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды:
Урматтуу мекендештер! Мага колдоо көрсөтүп, көңүл айтып, чындык үчүн бир болгонуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем! Азыр мени атайын кызматкерлер туугандарымдын үйүнө алып келишти. Буйруса эртең менен Москва шаарына узатып коюшат.
Менде баары жакшы! Тергөө иштерин ачыктабоо боюнча кол койдум, түшүндүрүү иштери болду, рахмат баарыңыздарга. Буйруса кененирээк эртең айтамын, Кудайым ыраазы болсун баарыңыздарга! Сиздерди кыжаалатка салганым үчүн кечирим сураймын.

Адахан Мадумаровдун билдирүүсү

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров  Орозайым Нарматованын кармалышы тууралуу “Азаттыкка” мындай деген:

Эки доско каршы сүйлөп койсоң бийлик аны мамлекетке каршы сүйлөгөндөй кабыл алат. Каалаган берене менен айып коё берет, ал жараша берет. Бул өтө чоң жапайычылык. Орозайым Нарматова бир ай атасынын үйүндө жаткан экен. Эмне үчүн укук коргоо органдары үйүнө барып койбойт? Эмне үчүн аэропортко келип учайын деп каттоодон өтүп жатканда кармашат? Милиция качантан бери чек араны кайтарып калды эле? Ал эми чек ара кызматы кимге баш ийерин билесиңер. Экинчиден, ал кыз жападан-жалгыз бир тууган агасынын сөөгүн алып келип жерге берип, кыргыздын салты боюнча 40 күндөн кийин жеңесин, агасынан калган төрт баланы алып кетип баратканда кармалганы чектен чыккан жапайычылык.

 Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсү

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Орозайым Нарматованын кармалышы тууралуу билдирүүсү кечээ “Ата Мекен” партиясынын “Фейсбуктагы” баракчасына «Конституция сынды, элита сынды, эми эл сынса турбай калабыз!» аталышта жарыяланган:

 — Мен кечээ эле Кыргызстандын эки гана союзниги бар, алар тоолор жана элдин эгемен мүнөзү деп айттым. Биздин өнүгүүбүздүн шарты коңшуларда жок ресурстарыбызды пайдалануу.
Коңшуларда жок ресурстарыбызды өнүктүрүшүбүз керек.
Биздин мына ушундай ресурстарыбыздын бири биздин эгемен мүнөзүбүз.
Бул – активдүү граждандык коом.
Бул – эркиндикти сүйгөн намыстуу, өз оюн, пикирин тартынбай айта алган граждандар.
Бул – биздин улуттук байлыгыбыз.
Мына ушундай граждандык активисттердин бири – Орозайым Нарматова.
Ал кечээки, бүгүнкү бийликтин кемчиликтерин айтып, мамлекет, чиновниктер эл үчүн иштесе экен, элдин жашоо-турмушу оңолсо экен, Кыргызстан биз сыймыктанган алдыңкы мамлекетке айланса экен деген ниет менен сындап келген.
Ал анын конституциялык укугу.
Бирок, аны террористти кармагандай, Ош аэропортунан кармап камакка алганы бүгүнкү бийликтин ниетин көргөздү. «Конституция сынды, элита сынды, эми эл сынса турбай калабыз» деп мындан бир нече жыл мурун айткан элем. Орозайым Нарматованы көз көрүнөө кармап камоо – бул элдин эркин сындырууга, баарыбызды коркутууга багытталган мамлекеттик акция. Бүгүн Нарматова, эртең ар бирибиз…
ИИМдин билдирүүсүн окудум. Алар Кыргызстандын Конституциясы ар бир гаражданга кепилдик менен берген укуктары үчүн Орозайымды айыптап жатат. ИИМ айтат, «ал иш-чараларда Нармтова мигранттардын ошондой эле Кыргызстанда жашаган жарандардын арасында нааразылыкты күчөтүү үчүн дайыма Кыргыз бийлик өкүлдөрүн негизсиз сындап келет. Нарматованын билдирүүсүндө жагымсыз пикир жана бийлик өкүлдөрүнүн ишин дискридитациялоо бар» деген негиз айтылат.
Бийликти сөзсүз мактоо, «пахтакор» болуу гражданиндин милдети эмес. Андайлар ансыз деле Кыргызстанда көп. Бийликке жакпаган, бийликтин ишинин кемчилдигин айтып туруу ар бирибиздин милдетибиз жана конституциялык укугубуз. ИИМ өз билдирүүсү бүгүнкү бийликтин жүзүн, абийирин ачып отурат. Бийликтин бүгүнкү аракеттери өзүм билемдиктин, зордук-зомбулуктун үлгүсү!»

Орозайым Нарматова деген ким?

Орозайым Нарматова Орусияда иштеген эмгек мигранты. “Мен макул эмесмин”, “Менин укугум бар” коомдук кыймылдарынын лидери, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан. Ага чейин президент Садыр Жапаровдун активдүү колдоочусу болгон. Ал камалган кезде аны колдоп, Бишкекте, Ошто бир топ митингдерди, жүрүштөрдү өткөргөн. Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин аны катуу сындай баштаган.

Орозайым Нарматова жакында эле бир тууган агасын акыркы сапарга узатуу үчүн Кыргызстанга келген. Кайра Орусияга учуп кетүү үчүн Ош аэропортуна барганда милиция кармап кеткен. Анын кармалышы алгач социалдык тармактарга тараган. Ал эми Ош ШИИБ Нарматованын кармалбаганын, ал ИИМдин тергөө тапшырмасы менен Бишкекке сурак берүү үчүн гана жеткирилгенин билдирген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы
Просмотрено Адинай Шаршеева в Понедельник 14:30

2 thoughts on “ИИМдин, Текебаевдин, Мадумаровдун билдирүүсү, Нарматованын кайрылуусу…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.