Эч жерде иштебей, элди талап-тоноп жүргөн кылмышкерлерди кармаган Нурдин Акматов

Эч жерде иштебей, элди талап-тоноп жүргөн кылмышкерлерди кармаган Нурдин Акматов

Ата-энесинин кыялын ишке ашырган Нурдин Акматов

ИИМ менен биздин сайт кызматташып келатканыбызга көп жыл болду. Алар ары кооптуу, ары жоопту кызматта эмгектенип келаткан кызматкерлерин элге тааныштыруу максатта почтабызга салып турушат. Бу жолу Октябрь РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары, генерал-майор Нурдин Акматовду жиберишиптир. 

Нурдин Акматовдун милиция кызматкери болуп калышына анын ата-энеси түрткү болуптур. Анткени каарманыбыздын атасы уулунун келечекте милиция кызматкери болуусун каалаган экен. Жаңы эле мектепти бүтүп, турмушка өз алдынча кадам шилтеп баштаганда, ата-эненин жардамы керек эмеспи. Нурдин атасынын каалоосу ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясында окуп калат. Ал окуу жайды аяктаган соң, эмгек жолун Талас ОИИБнын Кара-Буура РИИБинде аймактык тескөөчү болуп баштаган. Андан бери бир топ жыл өтүп, каарманыбыз ИИОнун көптөгөн тармактарында ак кызматын өтөп келет. Учурда ал Октябрь РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары, милициянын майору.

Милиция кызматынын бир күндүк иши ар кандай окуялар менен коштолуп келет эмеспи, Нурдин дагы ошондой окуялардын бирин баяндап берди. Мыкты тескөөчүлөр өзүнүн аймагын ит жатагына чейин билип алышат эмеспи. Каарманыбыз да аймагындагы кичи райондогу үйлөрдү кыдырып, жашоочулар менен жакындан таанышып баштайт. Анын арасында көп кабаттуу үйлөрдүн биринде эки-үч бала жашап жаткандыгы маалым болот. Нурдин ал батирге барса, анда 20-25 жаштагы үч бала батирде турушат экен, каякта иштешээрин сураштырса, алар соода-сатык менен алектенишкенин айтышат. Алар Нурдинге негедир шектүү көрүнөт, анан тескөөчү батирдин ээсин сураштырып табат. Телефон аркылуу байланышса, батир үчүн жанагы үчөө 300 АКШ доллар төлөшөөрү анык болот. Ал убакта мындай ири суммадагы акча көп эле болчу… Каарманыбыз акырын ал балдардын баскан-турганын иликтеп баштайт, байкап турса күндүзү эшикке чыгышпайт, кеч кирээри менен көчөнү көздөй жөнөшөт. Бирок, эч кандай шектүү себептер болбогондуктан, жөн гана байкоо жүргүзүп турат. Күндөрдүн биринде ошол райондон үч белгисиз адам бир жаш баланы бычак менен коркутуп, акча, телефондорун тоноп кеткен жөнүндө арыз түшөт. Нурдин дароо кесиптештери менен тоноо болгон жерге барып, жакынкы дүкөндөрдөн жана көргөн билгендерден сурамжылоо иштерин жүргүзө баштайт. Күбөлөрдүн жана жабыркаган баланын айтымында, кылмышка шектүү адамдар баягы Нурдин байкап жүргөн балдарга окшош болуп чыгат. Аймактык тескөөчү шектүүлөр жашаган дарекке барса, ал батирде эч ким жок болот. Нурдин кесиптеши менен алыс кетпей кылмышка шектүү балдар жашаган жерди кайтарып башташат.  Бир күн өткөндөн кийин баягы үч баланын келе жатканын көрүшөт. Нурдин кесиптештери менен алардын астынан тосуп чыкканда, шектүү балдар дароо эле качып жөнөшөт. Артынан кубалаган милиция кызматкерлери аларды көп үзатпай колго түшүрүшөт. Кийин териштирүү иштери убагында кармалган балдар тарабынан 22 талап-тоноо кылмыш иши аныкталган.

Нурдиндей болгон өзүнүн ички туюмуна ишенип, кыраакылык менен иш алып барган кызматкерлерибиз бар болгондуктан, шаар тургундарынын коопсуздугу сакталып келет деп ишенимдүү айта алабыз.

Булак: “Бетме-бет” гезити

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.