Жээнбековдун уулу атасынын дарылануусуна мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү суранып, Жапаров менен Ташиевге кайрылды

Жээнбековдун уулу атасынын дарылануусуна мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү суранып, Жапаров менен Ташиевге кайрылды

Бүгүн, 21-октябрда абактагы экс-депутат Равшан Жээнбеков медициналык кароону улантып жатканын, учурда боорунда көйгөй жаралганын «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди. Ал саясий туткун катары ден соолугунун абалы кармалган шарттан көз каранды экендигин баса белгилеп жазды.

Буга чейин баласы Азат Равшан уулу атасынын ден соолугу тууралуу билдирген. Бүгүн болсо атасынын диагнозу өтө оор диагноз болуп саналарын, «циррозго» өтүп кетүү коркунучу бар экендигин «Азаттыкка» билдирди. Анда ал президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылып, атасынын дарылануусуна мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү суранган.

Эске сала кетсек, Равшан Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы окуяларга айыпталып, 2019-жылы, декабрда камакка алынган. Былтыр, 6-октябрда абактан бошотулган. Быйыл, августта сот аны кайра камоо чечимин чыгарган. Соттун ага койгон айыбы «үй камагынын талаптарын бузган». Жээнбеков өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, саясий куугунтук деп эсептейт. Учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында.  Алдыдагы парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышаарын билдирип, БШКга документтерин тапшырган. Талапкер болуп азырынча каттала элек.

Белгилей кетсек, талапкерлердин арыздарын кароо, документтерин текшерүү, каттоо учурда уланууда. Ал 29-октябрда аяктайт. Дал ошол күнү үгүт иштери башталат. Парламенттик шайлоо болсо, 29-ноябрда өтөт…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.