Трамп TRUTH ( «Чындык») социалдык түйүнүн ачат

Трамп TRUTH ( «Чындык») социалдык түйүнүн ачат

Бир жылдан бери «Твиттер» менен «Фейсбукта» аккаунту блоктолуп турган АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп өзүнүн социалдык тармагынын тиркемесин чыгарарын жарыялады.

Ал TRUTH Social деп аталып, ноябрда сыноо баскычы башталат. Ал эми кийинки жылдын башында эл алдына чыгарыларын 20-октябрда Trump Media & Technology Group компаниясы билдирди.

Эске сала кетсек,»Твиттер» менен «Фейсбук» мурдагы президденттин аккаунттарын былтыр 6-январда Капитолийге болгон чабуулдан кийин блоктоп салышкан. Анда Трамптын тарапташтары президенттик шайлоодо уткан Жо Байдендин жеңишинин расмий таанылышына тоскоолдук жаратууну көздөшкөн.

Трамп «Твиттер» талибдерге кеңири аянтча берип, ал эми силер жакшы көргөн президенттин үнүн басып койгону кабыл алынгыс», — деп айткан.

Бир жылдан бери Трамп социалдык тармактарга кайтуунун аракетин көрүп келген. Ал президент болуп турган маалда соцтармактарды кеңири колдонгон.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.