ВИДЕО — Талапкер Бактыбек Сыдыковдун мыйзам бузганы боюнча ноокендиктер президентке, БШКга кайрылышты

ВИДЕО — Талапкер Бактыбек Сыдыковдун мыйзам бузганы боюнча ноокендиктер президентке, БШКга кайрылышты

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Учурда үгүт иштери талапкерлер арасында катуу жүрүп жаткан кез. Үгүт иши 26-ноябрда токтойт. 27-ноябрда жымжырттык өкүм сүрөт. Президент Садыр Жапаров шайлоодо добушту сатып алуу боюнча катуу эскерткен. «Шайлоодо добушун саткандар да, сатып алгандар да соттолуп кетесиңер» деп айткан жана айтууда. Тилекке каршы, талапкерлердин мыйзам бузуулары катталууда. Ал боюнча БШК күндө билдирүүдө..

НООКЕН: «Бакытбек Сыдыков шайлоодо добуштарды сатып алууга аракет кылып жатат. Бизде далил бар»

Мыйзам боюнча, үгүт иштериндеги мыйзам бузуулар тууралуу ар бир жаран БШКга арызданууга акылуу. №16 Ноокен бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер Бактыбек Сыдыковдун үгүт иштеринде мыйзам бузганы тууралуу Ноокен районунун жашоочулары биздин редакцияга кайрылышты. Алар талапкер добушту сатып алууга далалат жасап жатканы боюнча далилдери бар экени тууралуу кат жазышыптыр. Тастыкталган 3 видео да салышыптыр.

Катта мындай деп жазылыптыр, өзгөртүүсүз берилди:

— Урматтуу Борбордук шайлоо комиссиясы!

Сиздер «таза шайлоо өтөт» деп аттыңар беле? Анда талапкер Бактыбек Сыдыковго көңүл буруп, чара көрөсүңөрбү! Бактыбек Сыдыков Ноокенде айыл тургундарын шайлоодо ачык эле сатып алууга аракет жасай баштады. Ал жердештерине “фельдшер акушердик пунктту өз каражатыма куруп берем. Буга чейин футболдук аянтча куруп бергем. Дагы эмне керек болсо курам, мектеп, бала бакчаларга керектүү нерсенин баарын алып берем” деп шайлоочуларга айтып жатат. Урматтуу Борбордук шайлоо комиссиясы, Бактыбек Сыдыковдун айтып жаткандары мыйзамга туура келеби же келбейби? Президент баш болуп, таза шайлоо өткөрүү ниетиңерди билдирдиңер эле. «Добуш саткан да, сатып алгандар да жоопкерчиликке тартылат!» дедиңер эле. Бактыбек Сыдыков ал эрежени уруп ойнобойм дегенсип, өз билгенин жасап жатат го? Бактыбек Сыдыковго чара көрбөсөңөр, ал бул кылыгы менен таза шайлоо өткөрөбүз деген бийликти уят кылып жатат.
Бактыбек Сыдыковдун элдин добушун алам деп элди сатып алууга аракет кылган фактылары жетиштүү. Сөзүм куру болбош үчүн дагы бир мисал келтирейин. Бактыбек Сыдыков Курама айылына өз каражатына футбол талаасына газон сатып бериптир. Ал газонду жүктөп келаткан портердин шопуру кармалып, жыйынтыгында Бүргөндү айылынын ПОМуна Бактыбек Сыдыковдун Кочкор-Атадагы штабынан газонду жүктөгөндөр түшүндүрмө жазып, көрсөтмө беришти. Алар газонду Бактыбек Сыдыковдун штабынан алганын мойнуга алышты.
Бу шайлоочуларды ачык сатып алуу болбой эмне?

Урматтуу президент Садыр Жапаров жана Борбордук шайлоо комиссиясы!

Бул фактыга көңүл буруп коюуңарды суранабыз. Себеби, силер «Таза шайлоо өткөрөбүз. Өткөн каталарды кайталабайбыз!» деп жан үрөп жүргөндө, айрым талапкерлер ушинтип силердин жакшы ой-тилектериңерге жана аракеттериңерди жокко чыгарып, мурдагы адатын карматып жатышат. Буга чейин да Бактыбек Сыдыков шайлоого катуу даярданып, үгүт кагазына былтыр кимге канча сомго жардам бергени жөнүндө маалымат жазып, шайлоочуларын кокодон алган. Ал жөнүндө маалымат каражаттарында кеңири жазылып БШК ага көңүл бурбай койгон. Ал кагаздын маңызына көңүл бурсак, мен силерге жардам бергем эми силер мени шайлап бергиле дегенсип, элеттиктерди кокодон алгансыйт. Кыскасы, Бактыбек Сыдыковдой талапкерлерге көңүл буруп, шайлоодон четтетип, таза шайлоо өткөргүлө. Болбосо мына ушулар таза шайлоого шек келтирип, элдин нааразычылыгын жаратат.

Ноокен районунун жашоочулары

P.S. Бакытбек Сыдыков Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында депутат болгон. «Бирок 5 жылдык депутаттык ишмердигинде парламент трибунасына же микрофонго чыгып маанилүү маселе чечип сүйлөгөнүн же бир мыйзам жазганын көргөнүбүз да, укканыбыз да жок» дегендер четтен чыгат! Ал кайсы кызматка барбасын ызы-чуулар көп болгон. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Бакытбек Сыдыковго кайрылып, жогорудагы факт боюнча жообун алабыз!

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.