ВИДЕО — Кечээ ноокендик шайлоочулар президентке кайрылса, бүгүн талапкер Акылбек Арстанбеков өзү кайрылды

ВИДЕО — Кечээ ноокендик шайлоочулар президентке кайрылса, бүгүн талапкер Акылбек Арстанбеков өзү кайрылды

28-ноябрда парламенттик шайлоо болот. Учурда үгүт иштери талапкерлер арасында катуу жүрүп жаткан кез. Татыктуусу да, чабалы да, мыктысы да, начары да келатат. Ар ким ар кандай жол менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келүүгө далбастап жатышат. Бир шагыл төгүп берем десе, бири жолду оңдоп берем дейт. Баягы, баягы эле куру убадалар эмеспи дейсиң…

Акылбек АРСТАНБЕКОВ: «Быйыл да көнгөн адаттары менен былтыркы шайлоодогу ыкмалар кайталанып жатат»

Айрым талапкерлер президенттин «парламенттик шайлоо таза өтөт» деген сөзүнө ишенгенин айтып, Садыр Жапаровго кайрылуу жасашууда. Алардын бири — №16 Ноокен бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер Акылбек Арстанбеков. Ал кечээ кечинде соцтармактар аркылуу президентке мындай деп кайрылды:

— Мен, Акылбек Арстанбеков, №16 Ноокен жана Майлы-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары катталгам. Учурда шайлоо өнөктүгү жүрүп, жер-жерлерде үгүт иштери өтүп жатат. Ушуга байланыштуу мен президент Жапаров Садыр Нургожоевичке өзүмдүн жана шайлоочуларымдын атынан кайрылууга аргасызмын. Себеби, президенттин таза шайлоо өткөрөм деген аракетин жокко чыгарып, таза шайлоого шек келтирген, мурдагы эле шайлоонун ыкмаларын ишке ашырган фактылар Ноокен районунда катталууда. “Быйыл болуп көрбөгөндөй таза шайлоо өтөт, административдик ресурс колдонулбайт, бийлик эч бир талапкерге жана партияга жан тартпайт, добуш саткандар да, сатып алууга аракет кылгандар да жоопко тартылат” деген элеңиз. Мен сиздин ошол сөзүңүзгө ишенип, эл каалаган адам Жогорку Кеңешке депутат болот экен деген ниет менен шайлоого аттангам. Тилекке каршы, үгүт маалында добуш сатып алууга аракеттер жасалып жаткан фактыларга күбө болуп жатабыз. Бирок, жыйынтык чыкпай жатат. Ошон үчүн сизге кайрылууга аргасыз болдум.
Урматтуу Садыр Нуркожоевич! Былтыр шайлоо эмне үчүн жокко чыкканынын себебин сиз да, биз да билебиз. Өкүнүчтүүсү, быйыл да көнгөн адаттары менен былтыркы шайлоодогу ыкмалар кайталанып жатат. Бул менин атаандаш талапкерлеримди жамандоо эмес, элдин таза шайлоо өтсүн, добуштар сатылбасын деген талабынан улам айтууга аргасыз болуп, сизге кайрылып жатам. Ошон үчүн Ноокен районундагы добуш сатып алуу маселеси боюнча ишти жеке көзөмөлүңүзгө алышыңызды суранабыз. Себеби, факт бергиле дейсиңер деп факт да бердик. Милиция келип сурады. Тактады. Бирок, мыйзамга каршы иштер орун алып жатканы боюнча жогору жакка жетпей жатат. Ошон үчүн бул жактагы абалды жеке көзөмөлүңүзгө алып коюуңузду, таза шайлоо өткөрүүнү аягына чейин көзөмөлдөшүңүздү суранам.

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров шайлоодо добушту сатып алуу боюнча катуу эскерткен. «Шайлоодо добушун саткандар да, сатып алгандар да соттолуп кетесиңер» деп айткан жана айтууда.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Үгүт иши 26-ноябрда токтойт. 27-ноябрда жымжырттык өкүм сүрөт…

Мыйзам боюнча, үгүт иштериндеги мыйзам бузуулар тууралуу ар бир жаран БШКга арызданууга акылуу.

Шайлоочулардын кайрылуусу…

№16 Ноокен бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер Бактыбек Сыдыковдун үгүт иштеринде мыйзам бузгандыгы тууралуу Ноокен районунун шайлоочулары биздин редакцияга кечээ кайрылып, кат жана видео жөнөтүшкөн. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

P.S. Бул маселе боюнча талапкер Бакытбек Сыдыков унчуга элек. Аны таппай жатабыз. Эгер кайрылса, анын да жообун бергенге даярбыз!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.