Кыргызпатенттин ишине ким оң баа берди?

Кыргызпатенттин ишине ким оң баа берди?
Бүгүн, 1-февралда Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинде (Кыргызпатент) 2021-жылдагы ишмердиктин жыйынтыгы боюнча Коллегиянын отуруму болуп өттү.
Бекитилген күн тартибине ылайык, отчеттук мезгилдеги Кыргызпатенттин жана ведомствого караштуу уюмдардын ишинин жыйынтыктары чыгарылып, учурдагы жылдын пландары жактырылды. Макулдашылбаган жана талап кылынбаган автордук сый акынын суммаларын бөлүштүрүү, «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ойлоп табуучусу» Ардактуу наамына, ИМБДУнун жана ЕАПУнун Алтын медалын ыйгарууга талапкерлерди сунуштоо чечимдери жактырылды. Мындан сырткары, 2017-2021-жылдарда Кыргызстанда интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчет кабыл алынды.
Отчеттук мезгил ичинде, Кыргызпатенттин ишинин негизги багыттары боюнча төмөнкүдөй иштер жүргүзүлдү.
Өткөн жылы мүлктүк укуктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүгө авторлор, аткаруучулар жана укук ээлери менен 1437 келишим түзүлгөн. Анын ичинен: авторлор менен – 847, аткаруучулар менен – 494, мураскорлор менен 96. Автордун мүлктүк укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө 123 келишим түзүлгөн. Мамлекеттик реестрге жыл ичинде 654 укуктардын объектилери катталган, 2020-жылга салыштырмалуу 78% өскөн.
2021-жылы жалпысынан чогултулган автордук сыйакынын суммасы 13 421 993,28 түздү. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 61%ке көп.
Колдонуучулар менен түзүлгөн лицензиялык келишимдер жыл ичинде 115 лицензиялык келишим түзүлгөн (соода үйлөрү менен – 27, кафе, ресторандар менен – 74, ТРК – 9, театрлар менен – 3, фитнес клубдар менен – 2).
Өнөр жай менчигинин объектилерин (ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү ж.б.) жана ушул топко чектеш индивидуалдаштыруу каражаттарын (товардык белгилер, тейлөө белгилери, товарлардын чыккан жерлеринин аталыштары) укуктук коргоону камсыз кылуу боюнча келип түшкөн 3937 өтүнмө каралды. Анын ичинде, товардык белгилер боюнча – 3714, ойлоп табуулар – 63, пайдалуу моделдер – 29, өнөр жай үлгүлөрү – 9, салттуу билимдер – 122.
Коллегиянын отурумунун жыйынтыгы боюнча автордук сый акыларды чогултуу жана автордук укук объектилерин колдонуучулардын ар түрдүү категориялары менен лицензиялык келишимдерди түзүү иштерин күчөтүү, авторлордун жана ойлоп табуучулардын патенттик жана чыгармачыл активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштерди күчөтүү, өлкөнүн аймактарындагы ата мекендик инноваторлорду колдоо иштерин улантуу жөнүндө маселелер белгиленди. Ошону менен бирге, аталган багыттар боюнча Кыргызпатенттин ишине оң баа берилди.
Кыргызпатентти басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.