«Кaktus.media» сайтына кылмыш иши козголду. Атамбаев ага нааразы болду…

«Кaktus.media» сайтына кылмыш иши козголду. Атамбаев ага нааразы болду…

Бүгүн, 2-февралда, парламентте Жогорку Кеңештин депутаты Сеидбек Атамбаев массалык маалымат каражаттарына кысым көрсөтүлүп жатканын билдирди.  Ал «Kaktus.media» жана башка журналисттердин суракка чакырылышын туура эмес деп эсептейт.

Буга чейин, 31-январда аталган редакциянын бир нече кызматкери суракка чакыртылганын «Кактус медиа» жазып чыккан. Ошондой эле алар, бүгүн Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук прокуратурасы «Kaktus.media» сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал тууралуу маалыматка байланыштуу кылмыш ишин козголгонун жазып чыгышты. Ошондой эле мындай маалыматты Генералдык прокуратуранын басма сөз кызматы да билдирди. Алардын маалыматында: «2022-жылдын 27-январында сайттагы макалада Кыргызстандын аскер кызматкерлери тажик тарапка биринчилерден болуп ок атып провокация кылды делген чындыкка дал келбеген маалымат чагылдырылган. Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (“Согушту пропагандалоо, башкача айтканда, бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу”) менен кылмыш иши козголгон. Белгиленген аракеттин мыйзамдуулугуна баа берүү үчүн Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан тергөө улантылууда» деп жазылган.

Эл менен «Kaktus.media» эмне дейт?

Эске сала кетсек, аталган сайтка макала жарыялангандан кийин, эртеси (28-январда) «Kaktus.media» басылмасынын кеңсесинин алдына «бул сайтты жабылсын!» митингге чыгышкан. Алар бир тараптуу маалымат таратууга айыпташкан.

Ал эми «Kaktus.media» талаш-талкуу, нааразылык жараткан маалыматы тууралуу түшүндүрмө берген. Анда ал кабар Тажикстандын «Asia Plus» басылмасынын көчүрүп жарыяланган маалымат (перепечатка) экендиги белгилүү болгон.  «Бул басылманын жалгыз максаты – тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын, Тажикстандын бийлиги катардагы жарандарына кандай маалымат таратканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү болчу. Учурда маалыматтык согуш жүрүп жатканы анык. Ага каршылык көрсөтүү үчүн экинчи тарап кандай иш-аракеттерди жасап жаткандыгын так билүү керек. Жарыяланган материалда, маалымат булагына шилтеме берилген. Башка басылмадан алынган (ПЕРЕПЕЧАТКА) маалымат боюнча оюбузду так жеткире албагандыгыбыз – биздин катачылык. Ошого байланыштуу бардык кыргызстандыктардан кечирим сурайбыз«, — деп жазылган басылманын түшүндүрмөсүндө.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.