ИИМдин мыйзам долбоорун бүгүн эксперттер талкуулашты. Эртең аны ММК өкүлдөрү талкуулайт

ИИМдин мыйзам долбоорун бүгүн эксперттер талкуулашты. Эртең аны ММК өкүлдөрү талкуулайт
Бүгүн, 3-февралда «Shеraton» мейманканасынын конференция залында ИИМдин демилгеси менен “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башкармалык начальнигинин орун басары Улан Бердибаев, бөлүм начальнигинин орун басары Самат Осмонов, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышты.
Улан Бердибаев аталган мыйзам долбоорунун негизги максаттарына токтолуп, адам укуктарын жана эркиндиктерин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин, Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн жана улуттук коопсуздугун экстремисттик иш-аракеттерден коргоо экендигин баса белгиледи. Бүгүнкү күндө дүйнөдө жана биздин республикада мамлекеттин улуттук коопсуздугун баалоого олуттуу терс таасирин тийгизген эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын ишмердигинен келип чыккан жаңы чакырыктар менен коркунучтарга байланыштуу окуялар орун алгандыгын билдирди.
Муну менен катар, акыркы жылдары мыйзамдарда, анын ичинен айрыкча Кылмыш-жаза, Жазык-процесстик жана Жазык-аткаруу мыйзамдарында олуттуу өзгөрүүлөр болуп, аталган мыйзамдын ченемдерин шайкеш келтирүү зарылдыгын жаратты. Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын практикалык иш тажрыйбасы экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу бардык субъекттерди мыйзамдуу түрдө бекемдөө жана бул чөйрөдөгү алардын негизги компетенцияларын аныктоо зарылдыгын аныктады.
Ал эми Самат Осмонов аталган мыйзамынын долбоорун тааныштырып, мыйзам 2021-жылдын 5-майынан тартып колдонууга киргизилген КРнын Конституциясынын жаңы редакциясына, эл аралык укуктун ченемдерине ылайык келтирүү максатында, ошондой эле жүргүзүлгөн инвентаризациянын жүрүшүндө аныкталган “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө» КРнын колдонуудагы Мыйзамындагы карама-каршылыктарды жана коллизияларды толуктоо максатында иштелип чыккандыгын билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө, мыйзам чыгаруу жана практикалык чараларды, ошондой эле мындан аркы биргелешкен аракеттер тууралуу талкуулашты. “Бир дүйнө-Кыргызстан” жана “Медиа полиси Институту” өкмөттүк эмес уюмдары өзүнүн сунуштарын айтып, ой-пикирлерин билдирди. ИИМ мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгууда өкмөттүк эмес уюмдардын жана эксперттердин сунуштарын эске алынаарын билдирди.
Жыйынтыгында, эртен, 4-февралда жогоруда аталган мыйзам долбоорун ММК өкүлдөрү менен талкуулоо боюнча ушул сыяктуу тегерек стол өткөрүлөрү кабарланды.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.