ВИДЕО — Байсаловду тартипке чакыруу маселесин депутаттар кайрадан көтөрүштү. Ал эмне деди эле?..

ВИДЕО — Байсаловду тартипке чакыруу маселесин депутаттар кайрадан көтөрүштү. Ал эмне деди эле?..

Жогорку Кеңештин бүгүнкү 9-февралдагы жыйынында депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду тартипке чакыруу маселесин кайра көтөрүштү.

Депутат Исхак Масалиевдин айтымында, эл шайлаган депутаттарга сын-пикир айтууга Байсаловдун укугу жок. «Дайындалгандар шайлангандарды сындайбы? Ал өзүн ордун билиши керек!»,-дейт Балбак Түлөбаев. Ал эми Нурлан Шакиев: «Эдил Байсалов депутаттарды шабака чегип, шылдыңдоого эч укугу жок. Капталган чыккан «балакай» боло бербесин! Эл шайлаган депутаттар отурабыз, бу жерде!»,- десе, Жеңишбек Токторбаев: «Депутаттарды шылдыңдады. Эдил Байсалов чыгып алып эле “кылым кыйшайбайт. Акылыбыз көп. Өкмөттүн мүчөсү Акылбек Жапаров” дейт. Акылбек Жапаровдун кандай акылы бар экенин билебиз”, — деди Токторбаев.

Эдил Байсалов эмне деди эле?

Эске сала кетсек, 2-февралда Эдил Байсалов “Марал FM” радиосуна маек куруп жатып, Жогорку Кеңешти катуу сындаган. Ал парламенттин VII чакырылышында тажрыйбалуу депутаттар бар болгону менен жалпы курамы сапатсыз экендигин баса белгилеген.

Эртеси эле, 3-февралда анын мындай пикири парламентте талкууланган. Жалпы жыйында бир топ депутаттар Байсаловдун бул сөздөрүнө жооп беришин талап кылып, аны кызматтан алуу сунуштарын билдирген.

4-февралда Эдил Байсалов менен Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов жолугуп, сын-дооматты талкуулашкан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.