Улан НИЯЗБЕКОВ: «Кош болуңуз, жолдош генерал!..»

Улан НИЯЗБЕКОВ: «Кош болуңуз, жолдош генерал!..»
Бүгүн, 14-февралда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында мурдагы ички иштер министри, милициянын отставкадагы генерал-лейтенанты Конгантиев Молдомуса Ташболотовичти акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.
Коштошуу зыйнатына Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министри Улан Ниязбеков жана анын орун басарлары, ИИМдин “Генералдар клубунун” төрагасы Садырбек Дубанаев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, милиция кызматкерлери жана ИИОнун ардагерлери, Молдомуса Конгантиевдин жакын сааналаштары жана жакындары катышты.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков Молдомуса Ташболотовичтин укук коргоо тармагындагы эмгегин баса белгилеп, Кыргыз милициясынын тарыхында анын ысымы алтын тамгалар менен жазылып, анын ички иштер органдары үчүн кылган эмгеги, жасаган иштери милиция кызматкерлеринин жүрөгүндө түбөлүк сакталып каларын билдирди.
— Бүгүн баарыбыз терең кайгыруу менен кыргыздын улуу инсаны, кыргыз милициясынын чыгаан генералы Молдомуса Ташболотовичти акыркы сапарга узатып жатабыз. Милициянын анык иштерманы, дайыма талыкпаган аракеттин үстүндө жүргөн, кесипкөй адам болчу. Элдин коопсуздугу үчүн 30 жылдан ашык экгектенип, катардагы милиционерден, министр кызматына чейин жетип, коомдун тынч жашоосуна өмүрүн арнаган адам эле. Анын адамгерчилиги, иштермандыгы, өжөрлүгү адамдык боорукерлиги, кол алдындагы кызматкерлерине атасындай жасаган камкор мамилеси, ар бир маселени түпкүрүнөн түшүнө билген мүнөзү анын жакшы инсан экенин белгилеп турат. Ошондуктан, генерал агабыз кыргыз милициясынын тарыхында тайманбас, намыскөй, кесибин мыкты билген эмгекчил генерал катары жазылып, ар бирибиздин эсибизде калды. Милициянын кадыр-баркын жогорулатууга, мындан ары өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошуп, кылмыштуулукту алдын алуу, элдин коопсуздугун бекемдөө боюнча ишмердиктин багытын түптөп кеткен белгилүү инсан болгон.
КРнын ички иштер органдарында кызмат өтөө мезгилинде өзүн укук коргоо органдарынын системасын жакшы билген жогорку кесипкөй жана демилгелүү жетекчи катары көрсөтө алды. Анын аракетинин аркасында КРнын ИИМдин материалдык-техникалык базасын толугу менен жакшыртуу боюнча практикалык чаралардын комплекси ишке ашырылган. Кызматкерлер үчүн турак жайлар курулуп берилди, шарттар түзүлдү, имараттар курулду, айлыктары көтөрүлдү, элдин милицияга болгон ишеними жакшырды. Айрыкча кесиптик күжүрмөн чеберчиликти күчтөндүрүү жана спорттун бардык түрүн өнүктүрүү колго алынды. Улуттук спорттун түрлөрүн жогорку деңгээлге көтөрдү.
Молдомуса Ташболотович өзүнүн мазмундуу өмүрүндө чолпон жылдыздай жанып, кыргыз эли, кыргыз милициясы кылымдарга сыймыктангыдай мурас калтырды. Ички иштер министрлигинин соңку тарыхында анын ысымы алтын тамга менен жазылды, генералдын өмүрү, басып өткөн жолу, кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнө кошкон салымы зор экендигин билебиз.
Урматтуу Молдомуса Ташболовичтин үй-бүлөсү, туугандары жана жакындарына, кесиптештерине Ички иштер министрлигине алыскы, жакынкы чет мамлекеттерден көңүл айтуулар байма-бай түшүүдө.
Сиздерге өзүмдүн, коллегия мүчөлөрүнүн, жалпы ички иштер органдарынын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кайрат кылыңыздар. Молдомуса Ташболотович сыяктуу эр жүрөк агаларыбыз дайыма биздин эсибизде, биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат. Кош болуңуз, жолдош генерал! Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!
ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.