Президенттин жарлыгы менен Алмазбек Бейшеналиев кайрадан Билим берүү жана илим министри болду

Президенттин жарлыгы менен Алмазбек Бейшеналиев кайрадан Билим берүү жана илим министри болду

Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, Билим берүү жана илим министри болуп Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 16-февралда Алмазбек Бейшеналиев Жогорку Кеңештен колдоо тапкан. Анын талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган.  Анын талапкерлигин 76 депутат жактырып колдоп б беришкен. Каршы чыккандар болгон эмес.

Ой, ким бул, ой?!

Кайра министр болгон Бейшеналиев 41 жашта. Ал 1981-жылы 2-июнда Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетин жана Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасын аяктаган. Педагогика илиминин кандидаты,  Жонс Хопкинс университетинин профессору. 4 тилде (кыргыз, орус, немис, англис) эркин сүйлөйт. 4 илимий басылманын автору. 41 жергиликтүү, 23 эл аралык макаласы жарык көргөн. Эмгектери үчүн бир топ сыйлыктар менен сыйланган. Алсак, Майне Франкфурт Эл аралык гезитинин сыйлыгы, ФРГ; Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси; КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы; Европа Илимдер Консорциумунун ордени «Laborte de Scienta».

Эмгек жолу Жаш ишкерлер ассоциациясынын (ЖИА) президенти, башкармалыктын төрагалыгынан башталган. Эл аралык Ала-Тоо университети, эл аралык мамилелер факультетинде мугалим болуп эки жыл эмгектенген. Андан кийин, Варшавадагы (Польша) Вистула университетинде (Vistula University in Warsaw, Poland) проректор, чет тилдер институтунун директору, Түндүк Айова университети (University of Northern Iowa) (Сидер Фоллс, Айова, АКШ) илимий изилдөө боюнча чакыртылган профессору, Жонс Хопкинс университетинде (Johns Hopkins University) (Балтимор, Мериленд, АКШ) докторантура жогорку кызматында, Эл аралык Ала-Тоо университетинде илим жана сырткы байланыш боюнча проректору, Жонс Хопкинс университетинде (Johns Hopkins University), (SAIS) (Вашингтон, АКШ) илимий изилдөө жана окутуу боюнча чакыртылган профессору болгон. 2017-2018-жылдары өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы, Борбордук Азия регионалдык институтунун директору болуп иштеген. Бир жыл (2020-2021-жылдын апрель айына чейин) Билим берүү жана илим министри болуп эмгектенген. Андан кийин Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женевадагы кеңсеси жана башка уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп иштеген. 2021 -жылы, августта Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалган. Быйыл кайрадан министр болуп келди.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчиси Болотбек Купешов ден соолугуна байланыштуу тапшырганы маалым болду.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.