Семетей ТАЛАС уулу суракка эмнеге чакырылганын айтты. УКМКнын билдирүүсү…

Семетей ТАЛАС уулу суракка эмнеге чакырылганын айтты. УКМКнын билдирүүсү…

Кырктын кырын эми ашып жаткан, акты актай, караны кара деп жазган, тийиштүү маселелерге өз ой-пикири, баасы-баамы да мыкты журналист Семетей Талас уулу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) бүгүн, 18-февралда, сурак берип чыкты. Көрсө, аны күбө катары чакырышыптыр… Болбосо, ага чейинки баарыбыздын кулагыбызга жеткен маалымат «кармап кетишти» болуп жаткан болчу…

Түпөйүл болуп УКМК алдында күтүп турган журналисттердин суроолоруна Семетей өзү жоопторду айтты, ал-жагдайды түшүндүрдү. Кайсы иш боюнча, эмнеге чакырылды — азырынча айта албай тургандыгын билдирди. «Саясий буйрутма эмеспи?» деген суроого, башында өзү да ошондой ойлогонун, бирок «Эч кандай саясий буюртма жок. Бир иш боюнча чоң иликтөө болуп жатыптыр, ошого күбө катары чакырышты. Айтпай туруңуз деп суранышты”, — деди…

Буга чейин Семетей Талас уулунун жубайы Айым Усупбаева улуттук коопсуздук кызматкерлери алардын үйүн тинтип, айрым буюмдарды, диний китептерди алып кетишкенин «Азаттыкка» билдирген эле…

А УКМК эмне дейт?

Эми алардын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Семетей Талас уулу суракка Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды таратуу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында чакырылган. Учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатыптыр…

Чакырышканы жакшы дечи…  бирок тинтүү жүргүзгөндөрү, «не бар, не жок, эки иштен — бир иш, бир иштин шылтоосу менен экинчисин кыла кетели» дешкенби, мына ушул жагы кызык эле иш болду…

Кесиптешибиз Семетей Талас уулу  уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция ж.б. талылуу маселелер боюнча сындаган, талдаган макалаларды мурда гезит беттерине, учурда «Фейсбуктагы» баракчасына көп жазганы менен белгилүү…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.