№27 Биринчи май, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча маалымат алам десеңиз…

№27 Биринчи май, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча маалымат алам десеңиз…

Бүгүн, 27-февралда, саат 08.00дө Бишкек шаарындагы бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоодо добуш берүү башталды. Добуш берүү 20.00дө аяктайт.

БШК маалыматына караганда, №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн 120 шайлоо участогу ачылган. Эки шайлоо округу боюнча шайлоочулар саны — 219 654, алардын ичинде 92 587си – эркек, 127 067си – аялзаты…

№27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 113 105 шайлоочу, алардын ичинде 46 753ү – эркек, 64 135и – аялзаты; №29 Свердлов шайлоо округу боюнча 106 549 шайлоочу, алардын ичинде 44 273ү – эркек, 60 438и – аялзаты.

Шайлоочулар саны канча болду?

Шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү боюнча БШКнын саат 10.00гө карата маалыматына таянсак, 5913 шайлоочу келип, жалпы саны 2,69%ды түзгөн.

№27 Биринчи май округу – 1 954 шайлоочу же 1,73%;

№29 Свердлов округу – 3 959 шайлоочу же 3,72 %.

№27 Биринчи май, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча маалымат алам десеңиз, анда (0312) 38-24-26 номурун бурайсыз, жалпы маселелер боюнча – 1255, шайлоочулар тизмеси боюнча – 119 номурун териңиз!

Талапкерлер тууралуу маалыматты бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуй аласыздар!

Эмнеге кайра шайлоо болууда?..

Эске сала кетсек, былтыр (2021-жылы) 28-ноябрда парламенттик шайлоо болуп өткөн. Бир мандаттуу Свердлов, Биринчи Май шайлоо округдарынын шайлоочуларынын теңинен көбү “баарына каршы” деп добуш беришкен. Ошондон улам, БШК ушул жылдын 27-февралына кайра шайлоону дайындаган. Бул шайлоонун үгүт иштери 7-февралда башталып, кечээ, 26-февралда, эртең мененки саат 8:00дө аяктады. 

Белгилей кетсек, былтыр 29-декабрда ишин баштаган VII чакырылыш курамы 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн бир мандаттуу округдардан бирден шайланып келмек, азырынча парламентте 34 округдун өкүлү иштеп жатат. Эртеңки кайра шайлоодо утуп чыккан эки талапкер Жогорку Кеңешке депутат болуп келип, 36нын катарын толуктайт… 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.