Актёр Чыңгыз Мамаев эки айга камалды. Жакындары ага козголгон ишке ишенбей турганын билдирди

Актёр Чыңгыз Мамаев эки айга камалды. Жакындары ага козголгон ишке ишенбей турганын билдирди

Бүгүн, 2-апрелде Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмү (РИИБ) белгилүү актёр Чыңгыз Мамаев зордуктоого шектелип кармалганын билдирди. Алардын маалыматына караганда, бул факт Кылмыш кодексинин 155-беренеси («Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Ушул эле күнү Свердлов райондук соту шектүүнүн бөгөт чарасын карап, аны эки айга камакка калтырды.
Чыңгыз Мамаевдин жакындары менен чыгармачыл адамдардын көпчүлүгү актёрго козголгон ишке ишенбей турганын социалдык тармактарга жазышууда. Алар ага жалган жалаа жабылды деп эсептеп, аны боштондукка чыгарууну талап кылышууда…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.