Мугалимдер, студенттер таймашында «IT Окурмандар» жеңип алды. Эрнистин «Каалгасы»…

Мугалимдер, студенттер таймашында «IT Окурмандар» жеңип алды. Эрнистин «Каалгасы»…

Бүгүн, 23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү. Ушул күндү утурлай 21-апрелде К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин алдындагы Техника-экономикалык колледжи студенттер, мугалимдер арасында «Китеп – жан дүйнө азыгы» аталышта сынак уюштурду. Иш-чараны уюштурган мугалим Роза Молдобаева сынакка «Жамгыр» басма үйүнүн директору Толкунбек Арсен уулу, «Глобал принт» жана Бугу пресс» басмаканасы демөөрчүлүк кылганын айтып, чакыруу кагазын жөнөткөн.

Чыңгыз Айтматов: «Адамга эң кыйыны күндө адам болуу»

Ошентип, чакыруу менен аталган окуу жайга барып калдым. 114-дарсканага баш бакканда эле, дубалдагы плакаттардагы залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун «Сен китепти ачсаң, китеп сени ачат» деген учкул сөзү менен катар жазылган «Китепсиз өскөн бала, суусуз өскөн даракка окшош», «Билим эң мыкты инвестиция», «Билим гана адамды эркин жана бийик кылат» деген жазуулар көзгө урунду. Чурулдаган студенттердин үнүн угуп, жаз айындай жадыраган жүздөрүн, көздөрүн көрүп, калыстар тобунун катарында отуруп жаштык, студенттик жылдарды эстеп да алдым…

Аңгыча Мамлекеттик ГИМНибиз (сөзү: Жалил Садыков, Шабдан Кулуевдики, музыкасы: Калый Молдобасанов, Насыр Давлесовдуку (Насыр агадан интервью алганда, фамилиясы Дөөлөсов экенин айтып, орустар Давлесов деп жазып койгонун кейип айтты эле — авт.) жаңырып, залда отургандар оң колун жүрөккө коюп, топурай ордуларынан турушту…

Байдылда Сарногоев: «Эне тилин билбеген элин сүйүп жарытпайт»

Иш-чараны алып баруу милдетин Роза Молдобаева өзү алган экен, сынактын башын Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин (өзүнүн аты-жөнү Убайдылда Айтмамбетов. Толук маалымат бу ШИЛТЕМЕде.  Учурда 90 жылдыгына арналган иш-чаралар ар кайсы аймактарда өткөрүлүүдө — авт.) «Кыргыздын жигиттери» аттуу ыры менен ачты.

«Толкун болот деңиздин күчтүү жери,
Толкундай бол, кыргыздын жигиттери!
Токсон тогуз өнөрдүн ээси бол деп,
Тоолук эне төрөгөн сени, мени.
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол, кыргыздын жигиттери!
Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,
Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени»

Алтынбек БАРПИЕВ: «Акын, жазуучулардын чыгармасы жан дүйнөбүзгө азык болуп берген»

Албетте, иш-чаранын расмий сөз сүйлөмөй жөрөлгөсү да болуп, баштапкы сөздү Техника-экономикалык колледж директору, техника илимдеринин кандидаты Алтынбек Барпиев сүйлөдү. Ал сынак аталышы туура коюлганын, плакаттарга жазылып илинип турган учкул сөздөрдү кубаттап: «Илгери ай сайын «Ала-Тоо» адабий көркөм жана коомдук-саясий журналы чыкчу эле. Ага атактуу акын-жазуучулардын чыгармалары жарыяланчу. Кыргыз Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романын Мен «Сынган кылыч» жазсам, балам «Бүтүн кылыч» жазат» деди эле. Ал маеги бу жердеги ШИЛТЕМЕде — авт.),

грузин элинин улуу акыны Шота Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» поэмасын алп акын Алыкул Осмоновдун котормосунда окуганбыз. Жазуучу, акын, драматург Зуура Сооронбаеванын «Астра гүлү», «Чоочун киши», «Жапайы роза», «Жетимдер» аттуу чыгармаларын окуганбыз. Эмне деген дөө-шаа акын, жазуучулардын чыгармалары жан дүйнөбүзгө азык болуп берген. Жаштар, китеп окугула, ал жан дүйнөңөргө азык болуп берет. Китеп күнүнө карата өтүп жаткан иш-чара жакшы көрүнүш» деп жазма адабияттын сонун бир доору болгонун эстетип, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, сынак катышуучуларына ийгилик каалады.

Алтынбек мырзанын «Ала-Тоо» журналы дегенинен улам, аз убакытка почточу болуп иштеген маркум Саалы уулу Жакшылык атам эске түштү. Биздин ата-энебиз гезит, китептерди укмуш окушчу. Ошол «Ала-Тоо» журналы менен катар мектеп окуучусу болгон биз үчүн «Байчечекей», «Кыргызстан пионери», «Жаш ленинчи» гезит-журналдарын, өздөрү үчүн «Ленинчил жаш», «Кыргызстан маданияты», «Кыргызстан аялдары», «Ден соолук» ж.б. гезит-журналдарга тынбай жазылып, почточудан алдыртып турушчу. Ата-энебиз менен жарышып «Ала-Тоо», «Кыргызстан маданияты» — баарын окучубуз. Китеп окуу, китепке жакын кылууда ата-эне өзү үлгү болот экен. Атабыздын колунан китеп түшчү эмес, андан да ушундай тез окучу, алган китебин заматта окуп бүтүрүп койчу. 70 жаштагы апабыз алигүнчө китеп окуйт. Анан бат да окуйт. Жакында эле менден Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаковдун «Эсимде» аттуу китебин алып кеткен. Эртеси эле «окуп бүттүм» деп ала келиптир үйгө. Алтын апам неберелерине да китеп окутат, жомок айтып берет. Муну менен мен азыркы азыткысы көп интернет заманында балдарга китеп окуу жагынан ата-эне өзү үлгү болушу керек дегенди айткым келди…

1 мүнөттө 4 миң сөз окуган Максим Горький…

Сынак алдында 23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнүн тарыхы боюнча даярдалган слайд да көрсөтүлдү. Анда дүйнөлүк адабият менен маданияттын көч башында турган Сервантес, Шекспир,  Инка Гарсиласо де ла Вега сыяктуу классиктер 1616-жылдын 23-апрелинде дүйнөдөн кайтканы, бул күндүн символикалык мааниси бар болгондуктан, ЮНЕСКО китеп менен автордук укукту урматтоо максатында бул күндү атайын белгилөө жөрөлгөсүн иштеп чыкканы, кыргыз өкмөтү 2002-жылдын 1-апрелиндеги токтому менен Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн белгилөө шартын кабыл алганы айтылды. Дүйнөдөгү эң чоң жана кичинекей китеп көрсөтүлдү. Ошондой эле китеп окууда орус жазуучусу Максим Горькийдин (өз аты-жөнү  — Алексей Максимович Пешков. Анын турмушу татаал, катаал, ачуу болгон үчүн Горький деп атап алганын айтканы бар– авт.) 1 мүнөттө 4 миң сөз окуганы, дүйнөдөгү эң биринчи жазылган китептер  биздин заманга чейинки 6-кылымда Ассирия падышасы Ашшурбанипал убагында математика, физика, география, тарых жазуу таш китептери пайда болгону… кыскасы, китеп ааламынан кызыктуу маалыматтар айтылды.

Мугалимдер жана студенттер таймашы… 

Роза Молдобаева мындай даталуу күндү белгилөө жаштарга, жалпы эле коомчулукка мотивация берерин өзгөчө белгилеп, китеп окуу — ой жүгүртүү, так, туура сүйлөөгө өбөлгө болоорун айтып, сынакка катышып жаткан үч команданы чакырып, четинен тааныштырды:

Экономика – бухгалтердик учет бөлүмүнөн — «Акыл» командасы:

1.  Назира Нуралиева (окутуучу, топ башчы),

2. Албина Кубатова (студент),

3. Уланбек  Үсөнов (студент),

4. Зарина Мураталиева (студент).

Жалпы билим берүү бөлүмүнүнөн «Шамчырак» командасы:

1. Айнура Көкөева (окутуучу),

2. Асел Асанбекова (окутуучу),

3. Данияр Жанышбеков (студент),

4. Жанетте Кулукеева (студент),

5. Руслан кызы Бегимай (студент).

Маалыматтык технология жана аралыктан окутуу бөлүмүнөн — «IT Окурмандар» командасы:

1. Тимур Жаныбаев (окутуучу),

2. Жаннат Молдобеков (студент),

3. Алишер Абдыкадыров (студент),

4. Миранда Исмаилова (студент),

5. Азамат Паязов (студент).

Калыстар тобу: К. И. Скрябин атындагы кыргыз улуттук агрардык университети илимий китепканасы директору Нуркыз Карыпова (калыстар тобунун төрайымы), Адила Рысалиева, техника -экономикалык колледжинде тарбия иштери боюнча директордун орун басары, Бишкек шаарындагы №65 экология-экономикалык лицейдин мугалими Керез Шааева жана мен, «Alakan.biz» сайтынын жетекчиси, журналист Назира Саалиева болдук.

Сынак 4 бөлүмдөн турду: саламдашуу, видеоролик, көркөм окуу, акыл таймашуу.

Сынакты «Шамчырак» командасы баштады. «Китеп жандүйнөңө эшик ачат, жарык чачат. Бийик-бийик максаттарга жетелейт» деген ураан менен чыккан команда саламдашып, китеп караңгыда шамчырак болуп берерин жүйөлүү чечмелеп беришти. Алар китеп караңгыда шамдай жарык жол көрсөтүп, аң-сезимди тазартып, жандүйнөңдү жалбырактай жашартарын айтышты.

 Ал эми «Акыл» командасы плакатка куураган дарак менен жапжашыл даракты тартышыптыр. Аны китепсиз, окубаган адам суусуз өскөн даракка окшоп соолуп калат, китеп окуган адам келечекте чынар терек болуп өсөт деп түшүндүрүштү. Бул салыштыруу бизге аябай жакты.

«Жаман ойду таштайбыз, китеп окууну баштайбыз!» деген ураан менен чыккан «IT  Окурмандар» командасы заманга жараша элдер заманбап илимий-техника жетишкендиктерин колдонуп, бардык маалыматты интернет желесинен алышарын, ошондон улам команда аталышын ушундай болгонун саймедирешти. 

Саламдашуудан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин 1-курсунун студенти Аскар Токтосунов сөзүн Кыргыз Эл акыны Жолон Мамытов жазган, обонун бул жашоодон жаш кеткен, колунан комузун түшүрбөй муңдуу обондорду жаратып кеткен ырчы, обончу Калмурат Рыскулов чыгарган «Адамдарга кайрылуу» аттуу ырды комуз менен ырдап берди.

Сүй журтуңду, сүй жериңби, жарыңды,
Адалдыкка бер күчүңдү, каныңды.
Кыйын чакта кыйган болсоң өмүрдү,
Кыяматта калк унутпайт аныңды.
Адам пенде акын болбо ашынган
Акмак болбо адалдыкка таш урба
Ансыз деле тирүү жанды ойлонтуп
Ажал деген кылыч турат башыңда
Найзалашмай, кылычташмай жок заман
Пейли кенен, кийими бүтүн ток заман
Ой энеден найза жасап, бирок дейм
Кырчылдашын токтотпогон шок заман
Ойлой берсең ооруу менен ажалды
Алып тынат ал күчүңдү, мазаңды
Андан көрө келээр кечтин камын көр
Тамак астыр, боркулдатып казанды
Соогунбасын семиз менен арык да
Күндун-түндүн айырмасы жарыкта
Кимге тансык түн уйкуңдун ширини
Күндүз кылган ишин калат тарыхта
Ойдогуңду элдер менен бөлүшкүн
Чын төгүнүн сынга салып көрүшсүн
Баарың жаман мен жакшымын дебегин
Жалгыз өзүң айдабайсың жер үстүн,
Арак деген айлап, жылдап акырын
Алып тынат акылмандын акылын
Дал ошондон ичпейт аны акылман
Не жүйөңө сен ичесиң жакыным
Бирөө жүрөт таппай суусун ичээрге
Бирөө кечүү таппай жүрөт кечээрге
Мунун баары тизгин каккан жолоочу
Оо тирүүлүк сенин жалгыз көчөңдө
Эсен-аман эс тарттырып урпакты
Өтсөк экен ыйык сезип турпакты
Океандар тың шарпылдап турса экен
Чайпалбайт, чайпабайлы кургакты
Көзөлдөрдүн көрүп шалпар көйнөгүң
Муну эстедим баарын коюп өнгөнүн
Кырк баригин кырк күнү жеп жибек курт
Сулууларга жибек чубап өлгөнүн
А бул дүйнөң ажайып бир керемет
Убакыттын калбырынан эленет
Биз тирүүлөр чек арасы болобуз
Сансыз элдин өткөн жана келе элек
Адам пенде дасторконуң жайгын да
Пейилиң төк бирок мунуң айрым да
Үлпөтүңдө отургандын баарысы
Келип бербейт катаал күндө, кайгың да
Адам пенде өжөрсүң да, кежирсиң
Билим ойсуң көк катылган сезимсиң
Аары менен кумурскадан кийинки
Табигаттын мээнеткечи өзүңсүң.

Студент Аскар Токтосунов жакшы ырдады, үнү да жакшы экен, комузду да жакшы чертет экен. Бир гана кемчилик кетирди: ал «Адамдарга кайрылуу» ырын таандык кылып, Жолон Мамытовду атабай, Калмурат Рыскуловдуку деди. Андыктан, дагы бир жолу кайталап коелу, бул ырдын сөзүн жазган Кыргыз эл акыны Жолон Мамытов, ал ырга обон салган Калмурат Рыскулов.

Толгонай менен Майсалбектин ролун кудум өзүндөй аткарган студенттер…

Сынактын экинчи бөлүгүнүн тапшырмасы Видеоролик даярдоо экен, «Шамчырак» тобу китеп тарыхын айтып, китеп окубаган баланын кантип китеп окуп калганы боюнча ролик даярдашыптыр. Кыскача баяны: кулагына наушник тагынып музыка угуп бараткан жигит колунда толтура китеп кармап келаткан кыз менен кагылышып кетип, китептер жерге чачылып кетет. Жигит кызга чогултууга жардам берип жатып, Мамбетасан Ибраевдин «Эмне үчүн китеп окушубуз керек?» деген китебине көзү түшөт. Анан аны атайы китепканага барып, издеп таап, окуйт. Ошондон кийин ал бала китепканадан чыкпай калат. Ага улай чоң апасы менен неберелери китеп окуп жатканын даярдашыптыр. Мунун менен алар китеп окууда ата-эненин ролу чоң экенин, баланы китеп окууга кичинесинен үйрөтүү керектигине басым жасашыптыр. Бул роликтен улам колунан көөрү төгүлгөн уз апамдын бизди кичинебизде, кошуналарга кийиз басканга барабы же оюм салабы же иш кызыган башка учур болобу, апам бизди ээрчитип алып, жанына отургузуп алып, оюм салып да, окуубузду да окута берчү. Айрым аялдар: «Эмне балдарың чилистен болобу?» деп жактырбагансып сүйлөп калышчу эле, кийин ошол апалар, чоң апалар: «апаңар силерди китепти аябай окутуп туура кылыптыр. Китеп окуган жакшы турбайбы…» деп моюндашканы эсимде…

Ал эми «IT Окурмандар»  Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестинин негизинде тартылган «Саманчынын жолу» тасмасындагы эне-бала Толгонай менен Майсалбектин поезд жолундагы коштошуусун атайын темир жолуна барып, өзүндөй кылып аткарган аракеттери жүрөктү жылытты. Поезд токтобой, Майсалбек апалап кыйкырып, баш кийимин ыргытып, апасы тумагын жыттап калганы… ага улай  Майсалбектин апасына жазган акыркы катынан үзүндүнү көркөм окуп бергенге аракет кылышыптыр. Бирок, көркөм окуу чабалыраак болуп жүрөктөргө жетпегендей туюлуп калды. Бул сынак көп нерсени эске салгандыктан, ушул жерден маанилүү бир учурду айта кетейин. Ал Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине арналган Бишкек шаарынын борборлоштурулган китепканадагы иш-чарада болду эле. Анда 1-курстун студенти Лапитжан кызы Фатима кызы Б.Сарногоевдин 194 куплеттен турган «Мидинге кат» сатиралык поэмасынын 12 куплетин келиштире, көркүнө чыгара көркөм окуп баарыбызды ыйлаткан болчу … (толугу бу жердеги ШИЛТЕМЕде).

Эсенгул Ибраев менен Зайырбек Ажыматовдун ырлары окулду…

Көркөм окуу бөлүгүндө «Шамчырактан» Данияр Жанышбеков Кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраевдин «Тилим менен улутмун» аттуу маңызы да, мазмуну да терең ырынан кыскача окуп беришти.

«Эй жарандар, Эрендер,
Бектер жана берендер,
Эл баштаган кеменгер,
Мейли бакыр, Мейли баатыр… —
«МЕН КЫРГЫЗМЫН» дегендер!

Зоок үчүн келгеним жок бужерге.
Соболум бар
Айта турган силерге.
Бир АТАЖУРТ,
Бир АСАБА,
Бир АЖО бар бир элде.

Анан муну билип ал,
Кулагыңа сырга кылып илип ал: —
Ар адамдын
Ар башкача дини бар,
Ар башкача дили бар,

Бирок билгин,
Бирден гана тили бар,
Билгин, Муну билип ал!
Эй эрендер!
Эскертерим силерге:
Чындап кызмат кылам десе ким элге,
Сүйсүн тилин
Сүйгөн жарын сүйгөндөй,
Күйсүн тилге
Перзентине күйгөндөй.

Жалгыз ырын ырдай берет кекилик,
Кекиликтер койсун мени кечирип.
Эне тилин билбей туруп,
Эне тилге күйбөй туруп,
Эли-журтун “Сүйөмүн” деш — чекилик.

Ысыгыңа алар күйүп,
Суугуңа тоңалбайт,
Эне тилин түшүнбөгөн
Кур кыйкырып күпүлдөгөн,
Эч убакта Ата Журттун
Анык уулу болалбайт!

«IT – Окурмандар» командасынан Азамат Паязов акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун (2020-жылдын 29-апрелинде каза болгон кесиптешибиздин эстелиги «Ала Арча» бейитинде 29-апрелде тургузулат. Зайырбек тууралуу бу ШИЛТЕМЕде — авт.) «Мен кыргызмын» аттуу ырын көркөм окуп берди.
«Мен — кыргызмын, сатылбаган, сатпаган!
Мен — кыргызмын, баба наркын сактаган!
Ата Журтка жасасам деп бир эмгек
Ар күн сайын «Чоң казатка» аттанам.
Мен — кыргызмын, асман-жерге жашташмын!
Эзелкимин, келечекмин, максатмын.
Кылы дагы кыйшайганын каалабайм
Кырчылдаган «КЫРГЫЗ» деген жакшы аттын!
Мен — кыргызмын, түгөнөөрдө түтөгөн!
Мен — кыргызмын жок болордо күчөгөн!
Мен — кыргызмын, тарыхым бар, тилим бар,
Мезгилдин да ой-чуңкурун түзөгөн.
Мен — кыргызмын, жөнөкөймүн, улуумун!
Мертинтпеген эчен азап, улуумун.
Кылымдарга улап кетер дагы да
Кыргызмын мен, эр Манаска муунмун!»

Нуркыз КАРЫПОВА: «Китеп тандоону билгиле жана авторун атай жүргүлө!»

Акыркы тапшырма — акыл таймашы болду. Мында ар кандай сүрөттөр көрсөтүлүп, катышуучуларга аларды китеп менен байланыштырып айтып берүү тапшырмасы берилип, бул жерден алып баруучу калыстар тобуна логикалык ой-жүгүртүүлөрүнө, сөз байлыктарына көңүл буруу зарылдыгын эскертти. Үч команда тең тапшырманы туура аткарып, купулубузга толуп, 5 деген баага татышты.

Ошону менен кызыктуу сынак жыйынтыкталды. Жыйынтыгын калыстар тобунун төрайымы, К И Скрябин атындагы кыргыз улуттук агрардык университети илимий китепканасы директору Нуркыз Карыпова жарыялап, сыйлыктарын тапшырды.

3-орунду «Акыл» командасы алды. Аларга 700 сомдук сертификат тапшырылды.

2-орунду ээлеген «Шамчырак» командасына «Глобал принт» басмаканасынын 1000 сомдук сертификаты тапшырылды.

1-орунду «IT Окурмандар» командасы ээлеп, алар  «Жамгыр» басма үйүнүн 1500 сомдук сертификатын алышты. Үч команда тең колледждин диплому, белек-бечкеги менен сыйланышты.

Аягында Нуркыз Карыпова катышуучулардын бардыгын сыйлыктары менен куттуктап, аларга, залда күйөрмандык кылып көрүп отурган студенттерге мындай деп кайрылды: «Урматтуу студенттер, 23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү менен куттуктайм! Автордук укук дегендей, китептин авторун атай жүргүлө жана китепти туура тандоону үйрөнгүлө! Биздин китепканада электрондук китептер бар, келип окуп тургула».

Жыйыктыктоочу сөз кезегин алган техника-экономикалык колледжинде тарбия иштери боюнча директордун орун басары Адила Рысалиева Мамбетасан Ибраевдин «Эмне үчүн китеп окушубуз керек?» китебин окуу менен китеп окуу сынагы да болгонун, ал тест тапшыруу менен өткөнүн айтып, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды: Паязов Азамат «Жамгыр» басма үйүнүн 1500 сомдук сертификаты менен I даражадагы диплом, окутуучулар арасында Кундуз Токтогулова (тарых мугалими) жана Адис Алмазбеков II даражадагы диплом, Жаннат Молдобеков III даражадаты диплом менен сыйланышты. 2021-22-жылдардагы окуу жылынын активдүү окурманы деп Алишер Абдыкадыров табылып, ал да татыктуу белегин алды.

Эрнис АСЕК улуунун «Каалгасы»…

Эң соңунда сырттан барып калыс болуп берген №65 экология-экономикалык лицейдин мугалими Керез Шааева экөөбүзгө Ыраазычылык кат жана кайыш боз үй кутучасын белек кылышты. Керез айым сынак жогорку деңгээлде өткөнүн айтып, иш-чараны уюштурган Роза Молдобаева ыраазычылык билдирип, студенттерди китеп майрамы менен куттуктап сөз сүйлөдү.

Мен дагы Керез Шааеванын сөзүн кубаттап, 2020-жылдын 29-январында жүрөктөн каза тапкан жолдошум, акын, котормочу, «Ленинчил жаш», «Асаба», «Агым», «Баягы Асаба» гезиттеринде эмгектенген журналист Эрнис АСЕК улуунун «КААЛГА» аттуу китебин сынакка катышкан команданын башчыларына, калыс болгон Нуркыз Карыповага жана Адила Рысалиевага белек кылдым.

Жолдошум да кичинесинен эле китепке жакын болуп, өмүрүнүн акырына чейин китеп окуду. 600го жакын китеби үйдө бар. Ошол китептердин баарын алмадай башына батырып алган адам эле. Каалаган китепти сууруп чыгып, андагы чыгарманы сурасаң, жаттап алгандай айтып берип, руханий жактан ач калган жан дүйнөңдү байытып койчу эле…

«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун»деп «Башат» ырында Эрнис (Асек уулу) жазгандай, байым жана жогоруда аты аталган атактуу акын, жазуучулар болгон жана болот. Дегеним алардын баары элдин эскерүүлөрүндө, китептеринде жашайт. Жашаган үчүн бүгүн не деген залкар акын, жазуучулардын ырлары окулуп, ырдалды…
«Тарыхыбыз мурунку муундан башталат!» деп тарыхта калган мурунку муундагы инсандарды азыркы муунга таанытып, чыгармаларын окутуп жаткан К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин алдындагы Техника-экономикалык колледжинин жетекчилигине, мугалимдерине жана руханий жактан ач калган жан дүйнөгө азык тартуулаган сынактын катышуучуларына жана уюштуруучусу Роза Молдобаевага терең ыраазычылык билдирем!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.