Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага сурап берип чыкты…

Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага сурап берип чыкты…

Бүгүн, 25-апрелде Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага 2010-жылдагы Ош окуясына байланыштуу күбө катары сурак берип чыкканы маалым болду.

Буга чейин президент Садыр Жапаров июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү атайын кызматка тапшырган. УКМК болсо 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген.

Эске сала кетсек, 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Андагы президент Курманбек Бакиев качып кеткен. Апрелдеги кандуу окуя боюнча, жалпысынан 30га жакын кишиге кылмыш иши козголуп, Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып тагылган. Сот Курманбек Бакиевди жана улуу баласы Марат Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүрүнүн акырына чейин, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду 15 жылга кесүү боюнча сыртынан өкүм чыгарган.

2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыгып, бир топ адам каза болгон. Расмий маалыматка ылайык, 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у ушул күнгө чейин табыла элек.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.