«Кабардагы» президенттин маегинен кийин жетекчилери алмашты… Таабалдиевдин ордуна ким келди?

«Кабардагы» президенттин маегинен кийин жетекчилери алмашты… Таабалдиевдин ордуна ким келди?

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Таабалдиев Кубанычбек Абдименович ээлеген кызматынан кечээ. 26-апрелде бошотулуп, анын ордуна Шерметалиев Медербек Асанбекович дайындалды. Мындай маалыматты президенттин басма сөз кызматы жарыялады.

Кубанычбек Таабалдиев “Кабар” маалымат агенттигин 12 жыл жетектеген (2011-жылдан бери башкарып келген). Анын ордуна келген Медербек Шерметалиев мамлекеттик жана менчик телеканалдарда журналист болуп иштеген.

Азырынча аталган агенттигинин жетекчисинин алмашуусунун себеби айтыла элек. Президент Садыр Жапаровдун кенен маеги 25-апрелде «Кабарда» жарыяланган. Ошонун эртеси эле жетекчиси алмашты…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.