«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол долбооруна ШКУнун сентябрдагы саммитинде кол коюу пландалууда

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол долбооруна ШКУнун сентябрдагы саммитинде кол коюу пландалууда

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) 15-16-сентябрь күндөрү Самарканд шаарында өтө турган саммитинде «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча үч тараптуу документке кол коюу пландалууда. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов билдирди.

Ташкентте диалог форматында өтүп жаткан алгачкы «Өзбекстан – Азербайжан – Түркия» жыйынында сүйлөгөн министр учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу боюнча иштер активдүү жүрүп жатканын айтты.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол коридорунун транскавказ коридору менен биригиши биздин өлкөлөр ортосунда бирдиктүү транспорттук түйүндү түзүп, Кытай-Европа соода географиясын кеңейтет», – деди Норов.

Өткөн жумада Бишкекте Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алган Кыргызстандын президенти «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу боюнча документке ШКУнун саммитинде кол коюуну сунуштаган. Өз кезегинде кытай министри Бээжин кыргыз жана өзбек тараптын каалоосун эске алуу менен долбоор боюнча документке Самаркандда өтө турган саммитте кол коюу мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө даяр экенин билдирген.

Буга чейин кыргыз бийлиги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл күзүндө башталышы мүмкүн экенин билдирген. Муну кийин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да ырастаган. Анда тараптар бир катар маселелер боюнча мунаса тапканы жана Кыргызстандын аймагындагы долбоордун багыты аныкталганы кабарланган.

Кытайды Борбор Азия менен туташтырган темир жолду куруу боюнча сүйлөшүүлөр 20 жылдан ашык убакыттан бери жүрүп келет. Ал жол регионалдык жана дүйнөлүк мааниге ээ болуп, Перс булуңуна чыкчу жаңы соода маршрутун ачмак.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.