“Алтын казынада” жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү кармалды. Мавлянова эмне деди?..

“Алтын казынада” жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү кармалды. Мавлянова эмне деди?..

Чүй облусундагы Лебединовка айылында жайгашкан «Алтын Казына» ресторанында жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, кылмышка шектүү катары 20 жаштагы жигит кармалып, облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына камалган. Учурда Кылмыш кодексинин «Зордуктоо» беренеси боюнча иш козголуп, тергөө ишин Аламүдүн РИИБиси жүргүзүп жатат дешти…

Окуя боюнча айтсак, 6-августтан 7-августка караган түнү 17 жаштагы кызын Лебединовка айылында белгисиз адамдар зордукташканын айткан арыз менен милицияга 1964-жылы туулган У.Ж. аттуу жаран кайрылган. Андан сырткары социалдык тармакка жабырлануучу кыздын жакындары тартып жайгаштырган видео да чыгып, анда «кызыбызды бир күн бою ресторандын эки кызматкери алмак-салмак зордукташкан» дегендери, бул окуя болгон мейманканага жана анын бир бөлмөсүнө чейин баргандары жана сөз арасында «Алтын казына» ресторанынын негиздөөчүлөрүнүн бири, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Махабат Мавлянованын дарегине да айыптаган сөздөр айтылган болчу… 

Махабат Мавлянованын билдирүүсү…

«Алтын казына» ресторанынын негиздөөчүлөрүнүн бири, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Махабат Мавлянова бул окуя боюнча «Фейсбуктагы» баракчасына мындай түшүндүрмө берип жазып чыкты:

—  Мен үчүн да бул маалымат үрөй учурарлык болду. Учурда кылмыш иши козголду, тергөө бул иштин бардык жагдайларын аныктап, күнөөлүүлөр татыктуу жазасын алат деп ишенем.
Бирок, менимче, айрым түшүндүрмөлөрдү берүү зарыл. Акыркы 3 айдын ичинде Maryotel мейманканасы ар кандай спорттук командаларды кабыл алган спорттук уюм тарабынан ижарага берилген. Алар толугу менен өз алдынча башкарышат. Биздин компаниянын көзөмөлүндө эмес. Күнөөлүүлөр мыйзамдын өтө катаалдыгына жараша жазаланышын каалайм! Бирок шектелген адамдарды айыптоодон мурун, тергөөнүн, экспертизанын жыйынтыгын күтүш керек деп ойлойм. Анткени, күнөөсүздүк презумпциясы бар.
«Алтын Казына» ресторанынын администрациясы калкка банкеттик кызмат көрсөтүүнү гана максат кылып, ашпозчуларды, официанттарды жана башка кызматкерлерди жумуш менен камсыз кылып, айлыктарын төлөп келет. Бирок эртең тигил же бул кызматкер, тигил же бул адам кандай кадамга барарын эч ким алдын ала көрө албайт. Адамда келечектеги кылмышкерди же тартип бузуучуну алдын ала таануу өтө кыйын. Ар бир бизнес ээси ушундай кырдаалга туш болушу мүмкүн, анын кызматкери ким болуп чыгышы мүмкүн экенине эч ким кепилдик бере албайт. Мен жабырлануучунун ата-энесинин сезимдерин  түшүнөм, бирок, мен аларды менин аброюма жана мекемелердин аброюна шек келтирүүдөн алыс болууга чакырам. Биз да сиздерге окшоп акыйкат иликтөөнү жана сөзсүз жазаланышын талап кылабыз!

Эске сала кетсек…

Кечээ, 8-августта «Алтын Казына» ресторанында администратор болуп иштегендер жашы жете элек жаш кызды зордуктаганы тууралуу маалымат социалдык тармактарга тараган. Жабырлануучу кыздын жакындарынын айтканы боюнча, 17 жаштагы кыз баео, жоош кыз, колледж же башка окуу жайларда окуйт окшойт, студент экен. Буга чейин эч жерде иштеп көргөн эмес, болгону каникулда иштеп алсын, көнүксүн, бышыксын деген ниетте «Алтын Казына» ресторанына жумушка кирген. Тилекке каршы, иштеп баштаганына аз убакыт болгондо 5 жылдан бери, айрым маалымат боюнча, бири мейманканада, бири ресторанда администратор болуп иштеген эки баланын зордугуна кабылган. Алар кызды ресторандын жанындагы мейманкананын бир бөлмөсүнө камап алып, кордук көрсөтүшкөн.

Кейиштүүсү, жаш балдар-кыздар тагдырын сындырган кылмыштар соңку учурда көп катталып жатат. Ушул жыл башынан бери эле балдарга жасалган 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталып, анын 55 учуру (!) сексуалдык мүнөздө болгону ИИМдин 2 ай мурунку расмий маалыматында айтылган. Ошол сексуалдык мүнөздөгү 55  зомбулуктун 19у зордуктоо, 5и сексуалдык зомбулук көрсөтүү аракети, 23ү жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү аракети, 8и ыплас аракеттер болгон!!! Андан кийин деле коомчулук сынына кабылган не деген кабарлар чыкты! Бир ай мурунку жашы жете элек 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча сот иштери дале аягына чыга элек. Жогорудагы окуя боюнча болсо, укук коргоочу Назгүл Турдубекованын жазганы боюнча, тергөөчү алмашып, иш башка тергөөчүнүн колуна өтүп, шектүүлөр тараптан жабырлануучу кыздын жакындарына  кысым, басымдар болуптур…

Эми не дейбиз, канча талкуу кылбайлы, катуу сөз айтып, жазып канча ызы-чуу болбойлу, катаал жаза кабыл алып, катаал өкүм чыгаруу — зарыл чечим болуп калды… Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев балдарды зордуктаган айбандарга жазаны катаалдатуу боюнча мыйзам үч окууда кабыл алынганын, ал мыйзам Президентке кол коюуга жөнөтүлгөнүн Фейсбуктагы баракчасына «Силерге аз калды! 😡Педофилдерге жазаны күчөтүү боюнча мыйзам!» деп жазып, мыйзам долбооруна киргизилген бир катар маанилүү жаза чараларын айтып, «Конституция жол бербейт, болбосо өлүм жазасы болмок мындай акмактарга» (!) деп, катуу чара катары — өмүр бою эркинен ажыратуу  каралганын кабарлаган эле… Эми ушул мыйзам кабыл алынып, катаал жаза берүүчү мыйзамдык рычагды пайда кылар деген үмүттөбүз…

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.