Бакиевди жоопко тартуу өтүнүч каттан Беларусия дагы баш тартты… Ташиевдин айтымында…

Бакиевди жоопко тартуу өтүнүч каттан Беларусия дагы баш тартты… Ташиевдин айтымында…

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Беларустун башкы көзөмөл органына мурдагы президент Курманбек Бакиевге карата Аскердик соттун өкүмүн таануу жана аткаруу боюнча өтүнүч кат жолдоду. Мындай маалыматты  «Азаттык» жазып чыкты. Алардын маалыматына караганда, Курманбек Бакиевди жоопко тартуу өтүнүчү менен Беларуска төрт өтүнүч жөнөтүлгөн. Беларус тарап Бакиевди «саясий себептерден улам куугунтукка алды» деп эсептеп, аны экстрадициялоодон дагы бир жолу баш тартты.

Эске сала кетсек, Курманбек Бакиев 2005-жылдагы Март ыңкылабында бийликке келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен. Өзү ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, анын жеке өзүнө жана жакындарына каршы онго жакын факты боюнча айып тагылган, мурдагы президент өзү сыртынан соттолуп, 30 жылга эркинен ажыратылган. Негизги айыптоо 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтында адамдар өлтүрүлүп, жараат алгандар боюнча тагылган. Бир тууган иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев өмүрүнүн аягына чейин кесилген. Тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон. Бирок Бакиевдер аларга коюлган айыптарды четке кагып келет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 15-июнда «Новые лица» басылмасына курган маегинде азыркы бийликтин Бакиевдерди реабилитация кылуу ою жок экенин билдирген, бирок мурдагы президенттерди «реабилитация кылгысы келсе эл гана качандыр бир кезде кыла алат» деп айткан.

Июль айынын башында «Жаңы ордо» гезитине берген маегинде Курманбек Бакиев өзүнө карата козголгон кылмыш иштери боюнча суроолорго онлайн жооп берүүгө даяр экенин билдирген.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.