45 жаштан жогоркулар менен ойногон улакчы сот — бир кездеги көк бөрү жылдызы Аман Бөкөмбаев

45 жаштан жогоркулар менен ойногон улакчы сот — бир кездеги көк бөрү жылдызы Аман Бөкөмбаев

31-августта 31 жылдыгын белгилеген эгемендүүлүгүбүздүн көркүн ачкан улуттук ат оюндары — Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу-2022 алгачкы жолу тоо жүрөк эл жашаган Теңир-Тоодо өтүп, мелдеш соңу Кыргызстан, Казакстандын 45тен жогору жаштагы көк бөрүчүлөрүнүн “Достук” деген өзгөчө бир беттеши менен коштолгон эле.    

Тагырагы, соңку жылдарда биз улуттук оюнубуз көк бөрүнүн салттуу эрежелерин карманып, казак туугандар көкпарын айтып, башкасы кошулуп ортодо 5-6 жыл мамилебиз сууй түштү эле, биздин Көк бөрү федерациябыздын жетекчиси Талас Бегалиев менен казактын мыкты мырзасы Гани Ергалиулы жаштарга үлгү жакшы ишти баштап, кыргыз-казактын тээ эгемендүүлүк баштапкы жылдарында элге кызыктуу оюндарды тартуулашкан легендарлуу улакчыларын жыйып келип, жакшы оюн уюштуруп беришти.

Ошол оюнду эске салсак, эски улак тартыш беттештерин эстеткен кыргыз-казак улакчылары дале такымдары бекем, билек каруусу салмактуу экен, теңтайлашып ойношуп, 1-тайм эч бир казанга улак ыргыбай салымдарсыз өткөн эле. Эсеп 2-таймдын 4-мүнөтүндө ачылып, биринчи улакты биздин улакчыбыз Нурлан Молдокулов ыргытып, кийинки салымды экинчи тайм этегинде казак улакчысы Еркебай Омарбек салып, эсепти теңеген болчу. 3-таймдын 10-мүнөтүндө биздин улакчы Эрмек Шекитов салган улагы менен Кыргызстан курамасын 2:1 эсебинде жеңишке жеткирген эле.

Айтмакчы, 5 жана 45тен жогору жаштагы көк бөрүчүлөрүбүз кирген курама командабыздын капитаны Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун төрагасы Аман Бөкөмбаев болгонун айта кетпесек болбойт. Көк бөрү оюнун сүйгөн, анын келечегине күйгөн Аман мырза кечээ жакында, тагырагы, 5-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков менен жолугушууда Теңир-Тоодо кандай кызыктуу көк бөрү оюну өткөнүн берилүү менен баяндап берди. Замирбек Курамаевич да көк бөрүнүн чоң күйөрманы болгондуктан, Аман Бөкөмбаевди кабыл алып, эрендердин эр оюну көк бөрүдөгү жеңиши менен куттуктап, калпак кийгизип, каалоо-тилек сөздөрүн айтып, легендарлуу улакчыларыбыз бөктөрө келген кубокту, Аман мырза тагынып келген медалды жакындан көрүп, улакчынын тайманбастыгын, шамдагайлыгын, эпчилдигин, карандай күчүн талап кылган кыргыздын улуттук оюнун судьялар өздөштүрүп эле тим болбой, жеңишке жетишип жатканына кубанып:

Ар бир элдин өз тарыхы, каада-салты, үрп-адаты, анын ичинде улуттук оюндары болот эмеспи. Анын ичинде көчмөн кыргыз элинин көк бөрү оюнун ата-бабаларыбыз илгертен ойноп, аздектеп, муундан-муунга өткөрүп келе жатканы кубандырат”, — деди.  

Маалымат үчүн, көк бөрү оюнунун таржымалын айта кетсек, айтылуу режиссерубуз маркум Болот Шамшиев шаар четинде улак тартып жаткан балдарды көрүп, ушул оюнубузду эрежелүү оюн кылсак кандай деп Темирбек Дүйшекеев, Аскар Салымбеков, Болот Шерниязовдор менен кеңешип, оюн талаасы футбол талаасындай — узуну 200, туурасы 80 метр, убакыт-сааты хоккейдегидей 20 мүнөттөн үч беттешүү болсун деп алгачкы эрежелерди иштеп чыгышат. Алгач төрттөн сегиз улакчыны ойнотуп көрүшүп, оюнга чыкчу улакчылар санын да чечишет. Атайын оюн талаасы керек деп, ал кездеги Бишкек мэри Борис Силаевге кайрылып, шаарды айланып өткөн жол жээгинен жер бөлдүрүп, каражатын Аскар Салымбеков көтөрүп, оюн аянтын курдурушат. Улакты тай казанга ыргытуу эрежесин кирип, 1996-жылдын аягынан бери тай казан менен ойноп келебиз. 1998-жылы Көк бөрү федерациясы түзүлүп, алгачкы президенти болуп Болот Шерниязов шайланат. Ошондон ар кыл турнирлер өтүп, Кыргызстандын 7 дубаны катышкан көк бөрү чемпионаты 1999-жылы өткөрүлөт. Көк бөрү боюнча эгемендиктеги биринчи чемпионубуз Сокулук районунун «Рассвет» командасы болуп, биринчи президенттик кубокту Таластын «Манас-Талас» деген командасы уткан экен. Жогорудагы 45 жана 45тен жогору жаштагы улакчыларыбызга капитандык кылган Аман Бөкөнбаев учурунда ошол айтылуу «Рассветтен» (Кожомкул) чыгып, бир туугандары Индусбек, Нурслан Бөкөнбаев, Нурбек Найзабеков, Нурбек Чаргынов, Мухаммед Койчукеев, Айбек Солтобаев, Темир Мусабаев, Тилек Эсеналиев, Руслан Тыналиев, Табылды Шекитов, Нурлан Барпиев, Эсенкул Нураков сындуу чебер улакчылар менен үзөңгүлөш ойноп, көк бөрү жылдыздарынан болушкан. Казакстан, Өзбекстанга чейин барып кошуналар суктанган чабуулдарды жасап, кооз оюндарды көрсөтүп да келишкен. 

Ошентип, байыркынын баян-уламаларыбызда, башкы баалуулугубуз — “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторубузда да кеңири айтылып, кенен баян болгон көк бөрү оюнубуз советтик мезгил саясатында эскинин калдыгы деп ойнотулбай тыюу салынып, ара-чолодо тымызын айылдарда гана ойнолуп калган болсо, эгемендикке жеткенибизде көк бөрү оюнубузга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, бийиктеп кыйла өсүш алып, жаңы эрежелер менен толукталып, ааламды таң калтырган мыкты улакчыларыбыз чыгып, салттуу 31-август — Эгемендүүлүк күнүнө белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу деген өзгөчө мелдешибизге да 20 жылдын жүзү болуп калды. Анан учурунда унутта калып жетимсиреген көк бөрүнү жандандырып, өлкөдөн сырткары да даңазасын арттырып, күйөрман журттун ышкын ойготуп 

Жулдызхан Тайырбеков бизден казактарга кеткен айтылуу тулпар "Лазер" менен...
Жулдызхан Тайырбеков Бөкөнбаевдер таптаган, улакка үйрөткөн, казактарга 5 миң долларга кеткен айтылуу тулпар «Лазер» менен…

ойношкон,  бүгүн бири 40тын, бири 45тин кырын ашып калган ЛЕГЕНДАРЛУУ УЛАКЧЫЛАРЫБЫЗГА Көк бөрү федерациясынын жетекчилигине келген Талас Бегалиев 40 жаштагыларга былтыртан бери, 45 жаштан жогоркуларга быйыл казактар менен алгачкы беттешин, сыйлыгын, кубогун уюштуруп берип саамалык сонун ишти жасады. Казактар улуу муундагы улакчыларыбызга болгон мындай урмат-сыйды тамшанып кеп кылышканын интернет айдыңынан таап таанышсаңыздар да болот.

Айтмакчы, илгери бизден казактарга сатылып кетип, ал жакта 16 жыл улакчы аттардын мыктысы болгон даңазалуу «Лазерди» минип оюн көрсөткөн легендарлуу казак улакчысы, кезинде маркум Болот Шернияз агабыз “Удав” атап койгон Жулдызхан Тайырбеков “Өлі разы болмай, тірі байымайды»” деп, “бир кезде бирге жүргөн, үзөнгүлөш бирге ойногон, бирок бүгүн көзү өтүп кеткен бир катар улакчыларыбызды”, улуттук оюнубузга жаңы өмүр берип жандандырган Болот Шерниязды, аалымыбыз Чубак ажыны эскерип, көңүл айтып, тилектештик жакшы сөздөрдү айтты…

Биз да эки элдин достугу кылымдарга бузуку саясат аралашпай уланарына үмүт кылып, Казахстандын мекенчил эр жигити Гани Ергалиулыжаштарга дагы да үлгү бололу, 40-45 жаштагылар 18-сентябрь күнү келиңиздер” деп чакырып кеткен оюндан улакчыларыбыз, кудай буйруса, ийгиликтүү кайтарынан ишенимибиз чоң… 

 Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.