ВИДЕО — Ата-эне талабы: «Жалгыз кызыбызды өлтүргөн мыкаачыларга өлүм! Атууга кетсин!»

ВИДЕО — Ата-эне талабы: «Жалгыз кызыбызды өлтүргөн мыкаачыларга өлүм! Атууга кетсин!»

ПРЕЗИДЕНТ: «Кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш!»

Президент Садыр Жапаров Кадамжайда өспүрүм кыздын киши колдуу болгону тууралуу пикирин «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирип, бул иш жеке көзөмөлүндө болорун жана кылмышка катыштыгы барлар жазасын аларын айтты.

Урматтуу мекендештер! Баткен облусунун Кадамжай районундагы жаш кыздын мыкаачы зөөкүрлөр тарабынан өмүрүнүн кыйылышы менин да зээнимди кейитти.

Кыргыз эли байыртадан кыз балага өзгөчө мамиле жасаган, мындай мыкаачылыкка бармак түгүл, кыз балдардын бир тал чачына залал келтирбеген нарктуу эл.
Биздин элдин аялзатына, кыз балага жасаган өзгөчө мамилесинен улам, Кыз Сайкал, Жаңыл мырзадай баатыр кыздарыбыз, Курманжан даткадай акылман энелерибиз чыккан.
Жакында эле нарктуулукту сактоо жана жайылтуу тууралуу жарлык кабыл алганыбыз да бекеринен эмес.
Бул коомубузду сырттан кирген жаман адаттардан сактоо үчүн улуттук иденттүүлүгүбүздү калыбына келтирүү максатында алдын ала көрүлгөн аракет болууда.
Кадамжайдагы мыкаачылыкты баарыбыз жектейли. Жаш муундарга болгон тарбия-насаатыбызды күчөтөлү. Ар бирибиз коом алдында жоопкерчилигибиз бар экенин эстен чыгарбайлы.
Мен Ички иштер министрлиги баштаган күч органдарына жана башка тиешелүү мекемелерге уул-кыздарыбызга карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырам. Кадамжайда жасалган мыкаачылык — кечиримсиз иш. Кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш. Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө болот.

Элдин да, ата-эне талабы да — өлүм жазасы!

Кайгылуу окуя Баткен облусунун Кадамжай районунда 4-сентябрда болгон. Киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылганын кечээ облустук милиция билдирген. Алдын ала маалыматтарда, кыздын колу аркасына жип менен байланып, мойнунан жип менен муунтулган абалда табылган. Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуучу кыз Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 2008-жылы туулган К.А. аттуу тургуну экени аныкталган. Кылмышка шектелип Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалды. Бул мыкаачыларга элдин да, жалгыз кызынан ажырап калган ата-эне талабы да — өлүм жазасы. Коомчулук атууга кетишин талап кылууда. Колдойбуз! Наристелерди коргойбуз!

Жалгыз кызынан ажырап калган ата-эне боздоп-сыздап «Турмуш» сайтына талабын билдирген:

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты  бейажал кеткен 14 жаштагы Айдайдын ата-энесине, үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.