«Кыргыз поэзиясынын феномени- Байдылда Сарногоев» аттуу илимий- практикалык конференция болуп өттү

«Кыргыз поэзиясынын феномени- Байдылда Сарногоев» аттуу илимий- практикалык конференция болуп өттү

Бүгүн, 14-сентябрда Улуттук илимдер академиясында «Кыргыз поэзиясынын феномени- Байдылда Сарногоев» аттуу илимий- практикалык конференция болуп өттү. Аталган конференцияга Кыргыз эл акындары, коомдук ишмерлер, студенттер жана Байдылда атабыздын уулу Бахтияр агабыз катышты. 

Кичинекей мамлекети… 90 күндүк эстафета уланат…

«Мен киммин? Мен бир акын жаман сары, /Колунда койкоңдогон калам сабы» деген Байдылда атабыздын көзү тирүү болгондо 90 жашка чыкмак экен. Залкар акыныбыз Таластагы эл оозунда бурмаланып Кулманбес аталып калган Кулун-Эмбес кыштоосунда 1932-жылы жарык дүйнөгө келген делет. Өмүрлүк жары Зина апабыздын айтканы боюнча чыныгы туулган жылы — 1928-жыл.

«Артыңда уулуң калса — өзүң калганың, кызың калса — изиң калганы» дегендей, айтылуу акын Байдылда Сарногоевдун артында өзү да, изи да калды. Турмушта тапкан жубайы экөө беш — үч уул (Баястан, Бахтияр, Бакай), эки кыздуу (Гүлсана, Карлыгач) болушкан. Тилекке каршы, тун баласы Баястан агабыз каза болуп калган.  Уул-кыздарынын ар бир сөзүнөн атасына болгон сагынычы, кусалыгы байкалып турат… Залкар акындын өмүр көчүн улап небереси Дилбара, чөбөрөлөрү Айганыш, Алсу  чоӊоюп жатат…

Көркөм сөз чебери, кайталангыс талант Байдылда Сарногоев атабыз  бизге калтырган бай казынасында — өлбөс-өчпөс поэзиясында жашай бермекчи! Эсен болуп, эстей жүрөлү!

90 жылдык мааракени утурлай, биз 90 күн ыр окуу эстафетасын жазында баштаганбыз. Бул саамалыгыбызда Байдылда атабыздын бир эле керемет ыр саптары окулбай, обондуу ырлары дагы ырдалды. Обондуу ырлардын башын мукам үндүү ырчыбыз Малик Аликеев Түгөлбай Казаков агабыз обонго салган «Эсен бол!» ырын комуздун коштоосунда аткарып ачып берген…

Малик агабыз бүгүн да илимий конференцияга келип, Байдылда атабыздын үч ырын ырдап берди. Баса, жакында эстафетабызды улантабыз..

Айтмакчы, маалымат үчүн Таластагы эл оозунда бурмаланып Кулманбес аталып калган Кулун-Эмбес кыштоосунун аталышын чечмелеп коелу. Бул тоо калдайып алыстан биздин айылдан да көрүнүп турат. Токтогул тарапка ыктап, Суусамыр тоолоруна барып ашташат. Жайы-кышы башынан кар кетпей, бети жашыл тартып турарын ыраматылык атабыздын айтып калганы эсибизде. Бир кездерде бул жердин чөбү кубаттуу, күчтүү өскөн экен. Кулундар чөпкө эле тоюп алып, энесинин сүтүн эмбей жата бергендиктен, ал жакта жашаган, ал жакка келген-кеткен эле Кулун-Эмбес деп атап койгон экен…

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.