ИИМ: «Чагымчыл маалыматтарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат!»

ИИМ: «Чагымчыл маалыматтарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат!»
Ички иштер министрлиги (ИИМ) жарандарды социалдык тармактарда расалык, этностук¸ улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга (араздашууга) үндөгөн чагымчыл материалдарды бөлүшпөөгө чакырат жана чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 23-сентябрда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, ИИМ мындай чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча чараларды көрүп жатат. Акыркы күндөрү социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутууга түрткөн билдирмелер активдүү жарыяланууда. Алсак, 20 жакын социалдык тармактын колдонуучулары агрессивдүү түрдө улуттар аралык кастыкты козутууга (араздашууга) алып келген билдирүүлөрдү жарыялашкан. Социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда жарандар аныкталып, ички иштер органдарынын тергөө кызматтарына жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тергөө амалдары өткөрүлүүдө.

Чек арадагы абал туруктуу

Учурда өлкөдө жана чек арага чектешкен аймактарда коомдук-саясий абал туруктуу.
Күч түзүмдөрү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди жогорку деңгээлде жүргүзүп жатат.
Эскертүү
Ички иштер министрлиги аймактар жана улуттар аралык кастыкты козутууну көздөгөн жарандар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси («Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактык кастыкты козутуу») боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын дагы бир жолу эскертет! Мыйзам бузууларга, чагымчылдык жасоого аракеттенүүгө, коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар аныкталса, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.