ВИДЕО — Акын Эркеайым Боталиева эстафетаны кимден алып, кимге узатты?

ВИДЕО — Акын Эркеайым Боталиева эстафетаны кимден алып, кимге узатты?

Эстафета уланууда…

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине карата мамлекеттик деӊгээлдеги иш-чара 11-ноябрда Талас облусунан башталып, Бишкектеге  жыйынтыкталат. 90 жылдыкты утурлай, биздин «Алакан» (alakan.biz) сайты «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын 12-майда баштаганбыз. Социалдык желеде бир топ инсандарыбыз эстафетаны улантып келди. Бирок ортодо ыр окуу ыргагы ар кандай кырдаалга байланыштуу токтоп калган эле… Жакында эле кайрадан жандантып, мамлекеттик иш-чарага (16-ноябрга) чейин улантып жатабыз, туугандар! 

Жеке ишкер, жаш акын Акбар Жанышбеков Байдылда атабыздын «Кала берди» аттуу ырын талаада отуруп окуп, эстафетаны 3 акынга: Эркеайым Боталиева, Максат Кулуев жана Афина Бакировага узаткан.

ЫРЛАРЫМА
Ортокмун, жыргалыңа, азабыңа,
Ырларым жөнөй бергин сапарыңа.
Силерди өзүм үчүн жазган жокмун,
Эл-журттун арасында жашагыла.
Байкабай түн киргенин таң атканын,
Баарыңды уйку көрбөй жараткамын.
Эл караган бетимди жер каратып,
Окуган окурманды жадатпагын.
Кээ бириң эл көңүлүн аларсыңар,
Жүздөгөн жүрөктөрдө жанарсыңар.
Кээ бириң өлүү түшкөн күчүккө окшоп,
Керексиз таштандыда калаарсыңар.
Силерди жан дүйнөмдөн жасап алдым,
Беремин балбандарын баталардын.
Кайгырсам силер менен бир кайгырып,
Жашарсам силер менен жашарармын.
Туурабай чардаганын бакалардын,
Ар бириң өз алдынча атак алгын.
Учкула уяңардан перзенттерим,
Силердин атаңармын, апаңармын.
Байдылда САРНОГОЕВ

ЗАЛКАРГА

Ашуудан берген отчётуң,
Ар жылы сайын окуймун.
Жаттап алдым далайын,
Канбады бирок, моокумум.
Термелеп ар бир тамгасын,
Түшүмдө көрөм, саптарын.
Китебиң жаздап башыма,
Изденем талбай, сырларың.
Чогултуп издеп жыйнагың,
Окудум канбай ырларың.
Устатым деп, урматтап,
Шакиртиң болуп алганмын.
Залкарым акын Байдыке,
Башымды ийем, мен сизге.
Жолуңуз улап жазсам деп,
Тилегим менин бирөө эле…
Эркеайым БОТАЛИЕВА (17.12.17)
Эркеайым эжебиз эстафетаны Гүлбүбү Байбугуева, Халида Токоева, Кундуз Суранбаева жана Стал Абдыраевге узатты.

Эстафетанын жол-жобосу жана өтүнүчүбүз…

Урматтуу эстафета катышуучулары жана жалпы окурмандарыбыз!

Биздин жол-жобону туура кабыл алып, туура аткарып коюшуңуздарды өтүнөбүз. Ал татаал деле эмес, айтканга деле, аткарганга деле оңой:

  • — ырдын аталышын айтып;
  • — ырды аудио эмес, видео кылып тартып;
  • — эстафетаны узатып, узаткан адамдардын аты-жөнүн атап жана аларга эскертип;
  • — «Фейсбукка» жайгаштырып, белгилеген адамдардын арасына Salieva Salimaны кошуп коёсуздар.
  • — анан, «ар бир адам — бир аалам» дейт, автобиографияңыздарды, даяр болсо, даярын же даярдай коюп электрондук почтабызга (Saalnaz@list.ru) салып коюңуздарчы.

БАШКЫ ӨТΥНΥЧ: ыр окуганыңыздарды АУДИО ЭМЕС, ВИДЕО КЫЛЫП ТАРТЫҢЫЗДАР!Υнүңүздөрдү эле угузуп койбой, жүзүңүздөрдү көрсөтүп бир сүйүнтүп коюңуздарчы, сураныч. Биз ВИДЕОЛОРДУН БААРЫН ЮТУБ-каналыбызга ЖАЙГАШТЫРАБЫЗ!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “ВИДЕО — Акын Эркеайым Боталиева эстафетаны кимден алып, кимге узатты?

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.