ВИДЕО — Франциядан Түркияга кеткен эстафета…

ВИДЕО — Франциядан Түркияга кеткен эстафета…

18-декабрга чейин узартылган эстафета…

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине арналган мамлекеттик иш-чара 13-ноябрда Талас облусунан башталып, Талас шаарына эстелиги орнотулду. Бул иш-чаранын соңу 18-ноябрда Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында жыйынтыкталат.

Залкар акындын мааракесин утурлай, биздин «Алакан» (alakan.biz) сайты «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын 12-майда баштаган. Эстафетабыз, ортодогу айрым жүйөлүү себеп-окуялардан улам бир азга токтой калбаса, калган учурларда ыргагын бузбай уланып эле келатты. Анан, эстафета эми кызуусуна кирип калганда мамлекеттик иш-чара менен кошо жыйынтыктап салбай, окурмандардын суранычы менен «залкар акыныбыздын жылы болуп аяктасын» деген изги тилек кылып декабрдын он сегизине чейин узарттык…

Эстафетаны кызыткан кыргызымдын жигиттери

Эстафетаны Сыймык Бейшекеевден алган Шайырбек Абдырахман уулу Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Ниязга узаткан. Элчинин жообу:

Жакшы жаңылык

Садык Шер-Нияз Кыргыз эл жазуучусу, Эл аралык Түрк маданияты уюмунунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы Султан Раевге узатты. Султан мырза бүгүн улуу акын Байдылда Сарногоевдин ыр жыйнагы тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырган:

Кыргыз адабиятынын классиги, улуттук поэзиянын нукура шаасы, нагыз элдик акын Байдылда Сарногоевдин «Тандалма» ыр жыйнагын ТҮРКСОЙ эл аралык маданий кызматташуу уюму түрк тилинде басып чыгарууну максаттап отурат.

Кыргыз тилинин тунуктугун, ойдун карапайымдыгын, сезимдин ширесин, поэзиянын жайдары илебин жаратып, эл тамырына сиңип кеткен элдик акындын ырлары түрк окурмандарынын жүрөк толтоосунан жай табарына ишенимибиз чоң.
Байдыкеми түрк боордошторубуз атактуу акын Орхан Валинин ыр берметтериндей сүйүп окуйт деген тилектебиз…

Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда…

Урматтуу эстафетага катышуучулар, Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда, Байдылда атабыз, дегеле кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт! Ушинтип ырларын окуп, обондуу ырларын ырдап акындардын экинчи өмүрүн узартып турган кандай жакшы! Бардыгыңыздарга сайтыбыздын эмгек жамаатыбыздын жана өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем!

«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун» деп журналист, акын, котормочу маркум жолдошум Эрнис (Асек уулу) «Башат» ырында жазгандай, алар арабызда бар. Дегеним ырларында, биздин эскерүүлөрүбүздө, китептерибизде жашайт.

Кыргыздын дагы бир чыгаан акын уулу Жолон Мамытов айтып кеткендей, «…Узун өмүр ырга болсун, ыр окуган элге болсун»!
Бар болуңуздар, дайыма биздин сайт менен бир болуңуздар!

Эстафетанын жол-жобосу жана өтүнүчүбүз…

Урматтуу эстафета катышуучулары жана жалпы окурмандарыбыз!

Биздин жол-жобону туура кабыл алып, туура аткарып коюшуңуздарды өтүнөбүз. Ал татаал деле эмес, айтканга деле, аткарганга деле оңой:

  • — ырдын аталышын айтып;
  • — ырды аудио эмес, видео кылып тартып;
  • — эстафетаны узатып, узаткан адамдардын аты-жөнүн атап жана аларга эскертип;
  • — «Фейсбукка» жайгаштырып, белгилеген адамдардын арасына Salieva Salimaны кошуп коёсуздар.
  • — анан, «ар бир адам — бир аалам» дейт, автобиографияңыздарды, даяр болсо, даярын же даярдай коюп электрондук почтабызга (Saalnaz@list.ru) салып коюңуздарчы.

БАШКЫ ӨТΥНΥЧ: ыр окуганыңыздарды АУДИО ЭМЕС, ВИДЕО КЫЛЫП ТАРТЫҢЫЗДАР!Υнүңүздөрдү эле угузуп койбой, жүзүңүздөрдү көрсөтүп бир сүйүнтүп коюңуздарчы, сураныч. Биз ВИДЕОЛОРДУН БААРЫН ЮТУБ-каналыбызга ЖАЙГАШТЫРАБЫЗ!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.