Кышкы каникулдун узартылышынын себеби… Кыргызгидрометтин аба-ырайы боюнча маалыматы…

Кышкы каникулдун узартылышынын себеби… Кыргызгидрометтин аба-ырайы боюнча маалыматы…

Кышкы каникул узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, министрлик сасык тумоо, респиратордук вирустук инфекция ооруларынын андан ары жайылышына жол бербөөгө жана аба ырайынын температурасынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу окуучулардын кышкы каникулу 15-январына чейин узартылган. Сабактар 16-январдан башталат.

Эске сала кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-январдан тарта Кыргызстанда аномалдык суук болушу күтүлүп жатканын кечээтен бери билдирип келет.

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрүп, каар жаап, жолдордо муз тоңот. Кээ бир аймактарда абанын температурасы -38 градуска чейин төмөндөшү күтүлүүдө…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.