Түркиядагы Kültür Çağlayanı журналына Эрнис Асек уулунун ыры жарыяланды!

Түркиядагы Kültür Çağlayanı журналына Эрнис Асек уулунун ыры жарыяланды!
Журналист, акын, котормочу Эрнис АСЕК уулунун (1970-2020) «КААЛГА» китебиндеги «Үшкүрүк» , «Арал» аттуу эки ыры түрк тилине которулуп, Түркия мамлекетиндеги Kültür Çağlayanı журналына жарыяланды.
Бул тууралуу журналист, котормочу Мээрим Сайдилкан кызы (Meerim Saidilkan) билдирди. Анын айтымында, аталган журналга журналист, акын Зайырбек АЖЫМАТОВдун (1976-2020) «Туулган жерим» аттуу ыры да жарыяланган.
Ошондой эле, Мээрим Kültür Çağlayanı журналы Түркиядагы маанилүү журналдардын бири экендигин баса белгилеп, билим, адабият, маданият, искусство багытында иш алып барарын, журналдын жетекчиси белгилүү профессор, доктор, жазуучу Хайреттин Ивгин экендигин билдирди.
Буга чейин (май айында) Мээрим «Güfte Edebiyat» маданият журналына жолдошумдун «Чарчаган көз» ыры жарыяланганын билдирген эле.

АРАЛ

Унутулат көз ирмемге баарысы:

Учур чак да, келечек да, өткөн да.

Жаштык. Жалын. Сүйүү. Мезгил. Кусалык.

Жай. Жалгыздык. Кыш. Көңдөйлүк. Көктөм да.

 

Шыбырашпайт сыр чечишип бариктер,

Төкпөйт нөшөр. Сокпойт күздүн шамалы.

Көк мухиттей көөдөнүңдөн көрүнөт

Көз ирмемдик Эркиндиктин аралы.

1994-жыл

 Үшкүрүк

Кайрадан өткөн чактын дептерин

Колума алып, үңүлөм саптарына,

Барактаймын. «Күрр!» этип кулайт кыял,

Шылдырайт таза сезим булактары…

Кычыроон кыш аязы. Жаз илеби.

Жайкы кеч.  Жалбырак кылын терип,

Күздүн күүсү. Баары тең багыты жок.

Кайрадан кыш. Ушинтип өтөт күндөр.

Ушинтип өтөт жылдар. Ушинтип жылат

Кылым. Айланат жер. Күн тутулат…

Өткөн чактын дептерин салам да

Тээ жүрөктүн түпкүрүнө, бекитемин.

Калат жалгыз оор үшкүрүк…

Февраль, 1991-жыл

 Үшкүрүк менен өтүп жатат жылдар…

«Кычыроон кыш аязы. Жаз илеби.

Жайкы кеч.  Жалбырак кылын терип,

Күздүн күүсү. Баары тең багыты жок.

Кайрадан кыш. Ушинтип өтөт күндөр.

Ушинтип өтөт жылдар. Ушинтип жылат…» деп жолдошум жогоруда жазгандай, кычыраган кыш, анан жаз, жай, күз келип, оор үшкүрүк менен ушинтип күндөр, айлар, жылдар жылып жатканына 3 жыл 4 ай 8 күн болду… Көзү тирүү болгондо 13-июнда 53 жашка чыкмак.

Жаткан жериң жайлуу болсун, байым!

Жараланган жүрөгүмө жылуулук, ооруган көңүлүмө кубаныч тартуулап келаткан, жолдошумдун ырларын түрк тилине которуп, Түркияга атын таанытып жаткан Мээрим Сайдилкан кызына терең ыраазычылык билдирем!

Назира СААЛИЕВА

P.S. Ушу менен жолдошум Эрнис АСЕК уулунун 6 ыры түрк тилине которулду. Былтыр 3 ыры («Асманда жана көөдөндө» , «Сен», «Сагындым») которулуп, «Кыргыз поэзиясынын антологиясы» китебине жарык көргөн. Китептин бет ачары Бишкекте өткөн.

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.