Паймон БАХТИ: «…Эрнис у нас был известен как прозаик»

Паймон БАХТИ: «…Эрнис у нас был известен как прозаик»

“Эрнис  был прекрасным человеком! Его любили все…”

13 июня… Сегодня день рождения очень дорогого для меня человека – моего супруга. Прошло 3 года 4 месяца и 13 дней с тех пор как он нас покинул…

После смерти моего супруга моя сестра Салима всегда была рядом.  Она изо всех сил старалась поддержать и поднять мое настроение… И у нее это получилось, так как она нашла господина Паймона в социальных сетях.  При переписке с моей сестрой господин Паймон написал следующее:

“Здравствуйте Салима, мои соболезнования родным и близким. Эта новость очень огорчил меня. Я в шоке! Ужас, я до сих пор в ступоре…

Салима, да, вы правы я учился в Риге с этим прекрасным человеком. Эрнис был очень талантливым писателем. Общаться с ним было очень интересно. Он был человеком очень начитанным. Мы говорили в основном о прозе, так как Эрнис у нас был известен как прозаик.

Паймон Бахти, Эрнис Эшимканов, Юрий Садловский (Рига)

 

Я помню как мы с ним проводили эксперименты. Кто-то из нас начинал писать рассказ, а другому надо было его продолжить. Фишка эксперимента была в том,  что второй автор мог в корне изменить фабулу рассказа…

Часто бывало так, что мы с ним общались ночи на пролет. Он был чертовски талантливым человеком.  У него был кумир, какой-то кыргызский писатель. Он очень любил его и перечитывал его много раз. Эрнис ставил его выше Чингиза Айтматова…

Эрнис был настоящим патриотом, он очень любил Кыргызстан. И вообще он был высоко порядочным и достойным человеком. Я конечно могу написать о том кратком периоде его жизни, когда мы учились вместе и общались, но мне надо будет вспомнить очень многое. Я покопаюсь в своих бумагах.

Салима, я поищу его фотографии в своих альбомах и вышлю вам. Где-то у меня была фотография с ним, сделанная у общежитии.

Эрнис был человеком которого любили все.  Еще раз примите мои соболезнование”…

Паймон БАХТИ

Приятные слова – лекарство от разбитого сердца

Уважаемый господин Паймон!

Благодарю вас за слова сочувствия, за теплые, душевные слова. Приятные слова – лекарство от разбитого сердца.

Напишите, пожалуйста, любые Ваши воспоминания об Эрнисе, о моем любимом супруге. Надеюсь в своих бумагах вы найдете много чего хорошего и интересного… Буду ждать с нетерпением… Заранее благодарю и желаю в жизни настоящих ценностей —  близких людей, настоящих и близких друзей рядом…

Назира СААЛИЕВА

АРХИВден…

Записки от скуки

Балтика боюндагы жалгыздык

Студенттик дүйнө – бир башкача. Дегеним, дүйнөнү сугалак көздөр менен карап, сугалак жандил менен кабыл аласың. Жаштыктын укмуш мезгили, чиркин! Мен байкуш 1988-жылы алыскы Латвиянын борбору Ригада окуп калдым. Кычыраган кышта, жаныбардын 18инде аэропортто автобус күткөнүм эстен кетпейт. Даярдоо курсуна барып жатпаймынбы. Кадимки Чыңгыз Айтматов жолдомо жазып, кадимки Камбаралы Бобулов колун коюп, «Ленинчил жашта» чабарман болуп иштеп жүргөнүмдө Акбар Рыскулов сунуш кылып, айтор, ата-жотом көрбөгөн Балтиканын боюна барып калдым…

Союз учурундагы 15 республикадан, анан Алтайдан экиден студент окуп калдык. Кыргызстандан мени менен барган өзгөндүк Сатима эжем кетип калды. Жалгыз кыргыз жалдырап окуп жүрдү. Баарынан биринчи латышча мен үйрөндүм. Мугалимдер мени мисал кылып, азербайжан Ильясты, казак Төрөгелдини, эстон Марияны, грузин Зурабды тилдеп эле жатып калышчу. Баягы Союздун күчү күч эле да. Мен, кыргыз, эч кимге кошулчу эмесмин. Дайыма жалгыз жүрчүмүн. Бирок баары бирдей мени жакшы көрүшөр эле. Боюма карап «Маленький» деген «погонялам» бар болчу. Рига союздун ичинде болсо дагы, батыштын саясатын жүргүзчү. Азыр ошого таңгалам. Сальвадор Далини, Рафаэлди Дрезден музейи келгенде көрбөдүмбү. Эч жакка барбай, ошол музей 88-жылы Ригага гана келген. Аны көрүп чалкабыздан эмес, оңкобуздан кеткенбиз. Тажик досум Паймон, украин досум Юрко үчөөбүз маданий саамалыктарды эч калтырган жокпуз. Керемет күндөр эле.

88-жылы Киевдин үч миң жылдыгы болуп калды. Украин досторубуз чакырып, поюз менен «учуп» баратабыз. Тосуп алган киши жок, Киевдин таш көчөлөрүндө уктап калганыбызчы? Майрам күнү ачкадан фонтанга секирип, суу жутканыбызчы? Көчө боюнда өскөн гүлдөрдүн жалбырактарын жегенибизчи? Үч күндө Киевдин үч миң жылдыгын жонтерибиз менен сезгенибизчи?

Мен ар дайым жалгыз жүрчү элем. «Тейка» деген студенттердин шаарчасы болот эле. Шаарчанын четинде жалаң кайыңдардан, анан байтеректен турган токой бар эле. Ошол токойдон чыкчу эмесмин. Шукшиндей болуп, кайыңдар менен сүйлөшчүмүн. Кийин-кийин Анатолий Кимдин «Отец-Лес» деген романын окуп алып, ошол токой көз алдыман кетпей койду эле. Чогуу жашаган эки тажик, казак бала менин жалгыздыгыма тийише беришчү. Ошондо эле сөзгө сараң жаным, «Извините» дегенден башканы билчү эмес. Ригадан Акутагава, Достоевский, Фолкнер, Рильке, Кафка менен «оорудум». Балдарга айтсам, чыкыйларын чукуп, «Наш Маленький дуреет» деп коюшчу. Токойго качып кетчүмүн.

Анан футболдун акесин окутар элем. Эки метр латыштардын алаасынан өтүп барып гол киргизген күндөр, ай! «Марадона» деп коюшса, Алатоонун чокусуна чыгып кеткенсип сүйүнчүмүн.

Бир жолу факультетибизде улуттар арасында мелдеш кече болуп калды. Бардык улут экиден, мен – кыргыз – жалгыз. Ырдап жатышат, бийлеп жатышат, өз улутун даңазалап жатышат. Анан «Сахнада – кыргыз» дегенде кирерге тешик таппай калбадымбы? Юрко досум гитара кучактап олтурган экен, колунан жулуп алып сахнага чыктым. Зал гүүлдөйт, дуулдайт. Гитарамды көрүп, стул алып чыгып беришти. Анан «Кыргыз көчүн» черте баштадым. Мага гитараны эч ким үйрөткөн эмес эле. Өзүм тырмалаңдап жүрүп ушул күүнү гитарага салып алгам. Ойноп бүттүм… Кол чабуулар, тим эле бис!… Мага грамота беришти… «Кыргызды уят кылган жокмун» деп өзүмчө кудуңдайм…

Латыш кызы Каирина экөөбүз Балтиканын жээгинде жетелешип баратабыз. «Ты такой странный, но ты мне нравишься» деди. «Извините, я тебя не люблю» десем, колун жулуп алып, качып кетти.

Иий, тамагын эстесем, не дээримди билбейм. Бардыгы балыктан турчу да. Керек болсо, пирожки сатып алсаң, ичи балык болчу. Анан каникулда үйгө баратам, «бешбармак жейм, манты жейм, лагман жейм» деп… Келсем, апам «Балыкты жакшы көрчү эле» деп балык кууруп коюптур. Шаабайымдын сууганычы? «Апа, азыр кусуп жиберем» десем, түшүнбөйт. Балыкты кийин эле кайра жеп калбадымбы…

Кызык күндөр эле, сызык күндөр эле… Азыр эстесем да, кылым кыйшайган жок. «Өттү, кетти» деген киши ушинтип калабы же?.. Эстей турган көп эле нерселер бар эле. Эстегеним ушул болду. Гезиттин чамасы да. Бизде эмне бар? Студенттик күндөр бар. Оозум бош айтат…

Эрнис АСЕК уулу, 

«Баягы Асаба» (2013-жыл, ноябрь)

2 thoughts on “Паймон БАХТИ: «…Эрнис у нас был известен как прозаик»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.