Тагай мырзанын Түштүк Кореяда 5 жыл иштеп келгенин угуп, редакцияга чакырдык. Ал Кореянын өнүккөнүн, эли эмгекчил экенин, кайсы убакта ит союп жешерин жана ал жактагы кыргыздардын, өзгөчө кыздарыбыздын абалын айтып берди.
— Тагай, биротоло келдиңизби же убактылуубу?
— Ооба, биротоло келдим. Кореяга барбайм эми. Ысык-Көлдөн болом. Жашым да, үй-бүлөм да жашыруун боюнча эле калсынчы.
— Ким аркылуу, кандайча барып калдыңыз эле?
— Эки өлкөнүн ортосунда жумушчуларды алуу боюнча келишим бар. Ошол келишим боюнча биз биринчилерден болуп кеткенбиз. Анда 2008-жыл эле. Алгач алардын тилин окуп, экзамен берип, анан жол тартканбыз. Билинбей эле 5 жыл өтүптүр. Ар кайсы жумуштарда иштедим. Кичинекей видеокамерам бар эле. Ошого кыргыздардын жолугушуусун, кечелерди тартып, көбүн интернетке жүктөп жүрдүм. Документалдуу кино тартсамбы деп ойлоп койчумун. Сценарий жазган кишини таппай турганда, Кореяга сценарист бала келишим менен барып калыптыр. Таанышып, сценарийин окусам, жакшы жазылыптыр. Макул болуп, каражатты өзүм чыгардым. Тагырагы, Кыргызстанга кетем деп чогулткан акчамды киного салдым. Акырындан тарта баштадык. Демөөрчү издедик, эч кимден акча чыккан жок. Орто Азия менен Кореянын кызматташтыгын бекемдей турган, маданият тармагындагы «Цитроуд» деген уюм бар. Ошолордун 10 миң доллар жардамы менен «Мигранттар» аттуу тасманы тартып бүттүк. Былтыр «Замандаш» партиясынын жардамы менен бул жакта көрсөткөнбүз. Чынында Кореяда кино тартыш аябай кыйын. Бюджетти 27 миң долларга болжогонбуз, аз кылып коюппуз. 40 миң долларга чейин кетти.
— Кандай өлкө экен? Эличи? Эмнесине таңгалдыңыз?
— Аябай өнүккөн өлкө. Дагы эле өнүгүүнүн жолунда. Бир жуманын ичинде эле үй куруп коюшат. Завод-фабрика жайгашкан атайын өндүрүш аймактары бар. Корейлер эмгекчил калк. Дүңкүлдөп эле иштей беришет. Эс алуу, майрам деген жок. Жети күн он эки сааттан иштешет. Саясат менен иштери жок. Ажосун эле тааныбаса, дээрлик көбү депутаттарын тааныбайт. Бизде эки кишинин башы бириксе эле саясатты сүйлөшөт го, алар болсо жалаң жумуш боюнча сүйлөшүшөт. Ар бир үй-бүлөнүн жеке өндүрүштүк цехи жана башка ишканасы бар. Кичи, орто бизнес аябай өнүккөн. Айлык акылары да жакшы. Биздин сом менен эсептегенде 60тан 100 миңге чейин алышат. Түштүк Кореянын экономикасынын 99 пайызын кичи жана орто бизнес түзөт.
— Кайсы тармакта иштедиңиз?
— Козу карын өстүргөн жерде үч жыл иштедим. Биздин директорлордун жумушка чыкпай, эс алгандарын көргөн жокмун. Күн сайын жумушка келип жүрүштү. Ал жакта паракорлук деген жок. Милиция өз ишин так аткарат. Четтен келгендерге жакшы мамиле кылышат. Бир нерсе сурап кайрылсаң, сага честь берип тура калат. Бейтапканадагы врачтар дагы жүгүнүп тосуп, жакшы мамиле менен узатып коет. Банк дагы жакшы иштейт. «Банктык китепче ачтырам» десең, бир күндүн ичинде баарын бүтүрүп берет. Айыл чарба тармагы да жакшы иштейт. Бир нерсе өндүргөн дыйканда «сата албай калып банкрот болуп калбаймынбы» деген коркунуч жок. Дыйкандын өндүргөн товарын үйүнөн келип алып кетишет. Чабып же жыйнап жатканда, телефон чалып коет, келип алып кетишет.
— Жашоо кыйынбы? Кымбатчылык барбы?
— Ооба, айлыгына жараша баары кымбат. Жөн эле демалыш күндөрү эс алып Сеулга барып келгениңе эле 200 доллардай кетет. Өкүнгөнүм, бизде же айлыкты , же пенсияны (аздан эле кошуп алдап коюшууда) көтөрүшпөйт, анан баарын бир заматта кымбаттатып жиберишет…
— Тамак-аш жагы кандай экен? «Ит союп жешет» дешет го, сиз жеп көрдүңүзбү?
— (Күлөт) Жо-ок, ит жеген жокмун. Ит боюнча икаясын айтып берейин. Корейлерде катуу ачарчылык болуптур, ошондо ит, мышык, чөп жеп жан багышкан экен. Ачкачылыкта ар кайсыл мамлекеттерге качышкан. Биздеги корейлер ошентип келип калышкан да. Ит жечү маалы — кыш. Атайын ит баккан адамдар бар. Ошолор итти союп кафелерге өткөрүп беришет. Азыркы учурда иттин этин жашы өткөндөр гана жешет. Ал эми жаштары көп деле жебейт. Жайында тооктун этин жешет. Үйдөн да, кафелерден да жалаң гана тооктун этинен жасалган тамактарды кезиктиресиң. Каада-салты жакшы сакталган. Үйлөнгөндө салтты катуу кармашат, улуттук кийимдерин кийишет. ММК аркылуу каада-салттын гана жайылтып, үгүттөп келишет. Бизде болсо качан, ким каада-салтты жайылтты? Кайра НПОлор көбөйүп кетип, алар батыштын каада-салттарын таңуулап жатышпайбы… Биздин дагы бир жаман адатыбыз бар, куру намыспы же салтпы, билбейм. Жолдошу жакшы чыкпай калса чыдап жашай беришет го, өздөрүн кыйнап, тескери карап ыйлап… Ал жакта андай эмес, күйөөсүн таштап кете берет. Анан эмне кылат, күйөөсү колдо бар алтынды билбесе… Дагы бир жакшы салты бар. Баласын урганга укугу жок. Уруп койсо, жоопко тартылат.
— Ал жакта кыргыздар канча жана ал-акыбалы кандай?
— Канча экени боюнча менде расмий так маалымат жок. Мен билгенден, келишим менен баргандар бир жарым миң адам. Мыйзамсыз жүргөндөр бир жарым миңге чукул. Жалпысынан үч-төрт миңге жакын кыргыз бар.
— Корейге мыйзам чегинде турмушка чыккан кыздарыбыз барбы? Көбүнчө келишим менен кетип, өмүр бою кул болуп калгандары бар турбайбы…
— Ал жакка корейлерге турмушка чыгып барган 700-800гө жакын кызыбыз бар. Бирок 80 пайызы ажырашып кетишкен. Кореяга бакыт издеп барып, күйөөгө тийип, бактысыз болуп калганда качып кеткендери да, бактылуу болуп жашап калгандары да бар. Ал жерде кыйын ишкеда чыдап иштеп, өз мекенине байып кайтып келген кыйын кыздарыбыз да бар.
— Жарандык алуу кыйынбы?
— Албетте. Корейге күйөөгө тийип, бир-эки бала төрөгөндөр да оңой менен ала алышпайт. Жарандыкты он жыл жашагандан кийин гана алат. Негизи көбү алышпайт. Алар, кайра Кыргызстанга кайтып келебиз дегендер. Кайтып келгендердин бири менмин.
Кайрат КЕНЖЕБАЙ уулу,
«Асаба», 30.01.2014-ж.