— “Ажо болсо мураскер калтырууга аппарат башчысы Сапар Исаковду тымызын даярдап жатат”- деген имиштер бар. Мураскер калтыруу туура деп ойлойсузбу?
— “Тымызын даярдап жатыптыр”- деп эл шек санабас үчүн Алмазбек Шаршенович өзүнүн көңүлүнө жаккан адамынын атын ачык-айкын айтышы керек. Болбосо эч ким ишенбейт. Бирок Алмазбек Атамбаев ар дайым: “Кетем, мураскер калтырбайм”,- деп айтып келет. Менин оюмча, бул туура эмес. Алты жыл ичинде өзүнүн ордуна шакиртин даярдашы керек болчу. “Жакшы иштесем рахмат айткыла, жаман иштесем кечирип койгула”- деп кол шилтеп кетип калганы болбойт. Америка болобу же башка мамлекет болобу, мураскер даярдашат. А эмнеге бизге болбойт?! Президенттикке талапкерлигин коюп жаткандардын ичинен Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаевдин атын ажо атап, “Экөөнүн бири келип калса, таң калбайм”- деген жок… Анын сыңарындай укук коргоочу Токтайым Үмөталиева дагы талапкерлигин койсо, мен да таң калбайм. Бул айымды мен жалын жүрөк дейт элем. Анткени колунда куралы жок. Президенттикке талапкерлердин колунда куралы (телевидениеси, радиосу, гезити, банкы, партиясы, акчасы, атак-даңкы, жалын жүрөгү) болуш керек. Ушундай куралы болбосо, маалыматтык айдыңда уттуруп коёт. Ошентсе да, мен ат салышып жаткандардын баарына рахмат дейт элем. Себеби, өзүнүн жүзүн ачуу үчүн ага да дух, эрк, күч керек! Булардын артыкчылыгы да, кемчилиги да жазылат. Керек болсо бири-бирин чукуп чыгат. Кыскасы, бардыгынын бети ачылат. Ошон үчүн аларга рахмат гана деш керек! Бизде демократия бар үчүн 2010-жылы талапкерлердин саны сексенге барган. Ошондо да Токтайым Үмөталиева талапкерлигин койгон. Баса, кечээ жакында эле Өмүрбек Текебаевдин колдоочулары, жактоочулары Ала-Тоо аянтына митингге чыгып, сүйлөп жатканда өз пикирин айтайын деп барса, жаман сөздөрдү айтып, кууп жиберишиптир. Анткенге эч кимдин акысы жок болчу. Каршылаштарга да сөз бериш керек. Ушундай мамилелери менен алар Өмүрбек Чиркешовичти артка тартып коюшту.
— Экс-депутат Роза Отунбаева жакшы айтты. Депутат Жанар Акаев да, “Леонид Маевский, Роза Рыкунова, Абдулла Юсуповго окшогондор көрсөтмө берүүдө. Булардан башка киши ишене тургандай күбөлөрүңөр барбы?”- деп УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевге суроо бергенде, ал, “сиз аларды экинчи сорттогу кишидей карабаңыз” — деп капаланды. А чынында, күбөлөр ошондой болуп жатпайбы, жалаң түрмөдө отурган же чыккандар…
— Абдил Сегизбаев туура айтат. Эч качан адамды кемсинтпеш керек! Мисалы, сыртта бирөө бирөөнү өлтүрүп жатса, мурун түрмөдө отуруп же камалып чыккан киши милицияга келип айтса, ал, “кой, бар, сага эч ким ишенбейт!” — деп коё албайт да, туурабы? Эми (күлүп), Жанар Акаев эмоцияга алдырып койду окшойт. Бизде, Конституцияда “кылмыш кодекси” деген бар, анын ичинде мындай деп жазылган: “Ууру болобу, же киши өлтүргүч болобу, камалганбы, соттолгонбу, ал жаран. Жаран катары эмне айтса, ага кылмыш иши козголот”. Мыйзам чегинде эле иш жүргүзүлүп жатат деп ойлойм.
— Өмүрбек Текебаевдин кармалып, отуруп калышы сизге баары бир болбосо керек?
— Албетте, мага баары бир эмес. Бирок, жактагандар эмоцияга алдырбаса дейм да. Өмүрбек Текебаевди жактап жаткандардан мага жакканы адвокаты Искен Афиджанов болду. Өзүн токтоо, олуттуу кармап, кыска, нуска сүйлөп түшүндүрүүдө. Саясатчылардан мага жакканы Каныбек Капашович болуп жатат, ал аргументтүү сөздөрдү айтып жатат. Анан Өмүрбек Чиркешовичтин кызы Айданектин жазганы көзгө жаш алдырат. “Атам мамлекет деп үй-бүлөсүнө убакытты аз бөлгөн. Бир канча жылдан бери бизди балык уулоого (рыбалкага) алып барам деп алып бара элек”- деп жазган жери тимеле жүрөктү титиретет… Сөздүн да күчү болот. “Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет” — деп бекер айтылбайт да. Сүйлөгөндө да далилдүү нерсе айтыш керек, жөн эле кыйкырып, өкүрүп, карганып-шилене бербей… Элди сабырдуулукка чакырат элем. Ал жерге эми ар кандай шылуун саясатчылар барат, тимеле кооз сүйлөп, өздөрүн көрсөтүү үчүн. Алардын максаты башка. “Эртең булар бийликке келип калса, мени бир кызматка алар…” деген ойлору бар башында. Көпчүлүгүнүн арты таза эмес, ошондон коркот. А жөнөкөй элде болсо, “кой, бу менин жек-жаатым эле. Көрүнүп койбосом уят”- деп барат. Жөн эле өтүп бараткан киши кайрылбайт. Анткени, ал балким бир нерсе сатканы шашып бараткандыр. (Күлүп) Негизи эле Өмүрбек Текебаевге эч бир адвокаттын кереги жок. Анткени, 25 жылдан бери саясатта кайнаган киши өз укугун өзү мыкты билет, мыйзам чегинде укугун коргой алат. Саясатта орду чоң. Саясаттагы чокуга жетти, чоку дегеним саясий алтынга жетти. (Күлүп) Алтынга жеткенден кийин ага эч нерсе: жакшылык да, жамандык да жукпайт. Бул жерде эки чоң үлкөн кишинин тирешүүсү болуп жатат.
— Тирешүү деп кабылдасаңыздар, жараштырып койбойт белеңиздер?..
— “Жараштырып койбойлубу”- дегендер болду. Мага да аксакалдар айтышты. Мен мындай дедим: “Аракет кылбайм. Себеби, Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев адамдык мамиледе жакшы эле, саясат жагынан караганда, экөөнүн көз карашы эки башка. Себеби бири — эл башчысы, экинчиси — оппозиционер. Экөө бири-бирин текшерип, казып жаткандары туура, ага эл ыраазы. Себеби, экөө достошуп, резиденцияда чай ичип отуруп алса, анда биз көп нерсени билбей калат элек. Бул да болсо тарых. Кимдин ким экенине эртең тарых өз баасын берет. Бул да болсо, кийинки артыбызда өсүп келаткан жаш саясатчыларга чоң сабак. Докемдин (Дооронбек Садырбаев жөнүндө сөз болууда – авт.) бир жакшы сөзү бар эле, мындай деген: “Кыргыз эли, биз көчмөн калкпыз! Падыша деген болгон эмес, эл өзүнө өзү падыша”. Кандай күчтүү сөз! Бирок, түз түшүнбөй, философиялык маанисин терең түшүнүш керек. Мен ушул абал боюнча аксакал, эксперттерди чогултуп, оюн билейин дегем. Ар бир нерсеге тактык, сын болуш керек!
— Сиз сынды кандай кабыл аласыз?
— (Күлүп) Өлө жакшы көрөм.
— “Жылдын Арзыматы-2016” деген дипломду сизге Равшан Жээнбековдор ыйгарышпады беле… Муну кандай кабыл алдыңыз?
— (Күлүп) Абдан жакшы кабыл алдым. Анткени, Равшан Жээнбековдор менин бир кичинекей ишимди өтө жогору баалап коюшту. Рахмат гана айтам. Болбосо ага көңүл бурбай деле койсо болмок. Равшан өзүмдүн иним, таластык. Андыктан чакырса деле барып, өз колунан алмакмын. Мен кек сактабайм. Бардык оппозицияны жакшы көрөм. Бир гана бир жаш саясатчыга капа болуп жүрөм. Ал интернетке мен жөнүндө өтө жаман, ыплас, эркектик намысыма тийген сөздөрдү жазып жатат. Анан мен аны тоого чакыргам, “эс алып келели, эркекче сүйлөшөлү”- деп, качып жүрөт.
— Тоого чакырсаңыз, “кандай ой менен чакырды?”- деп кооптонуп жатса керек?
— Эркекче жаздыбы, эркекче жооп берсин да. Эмнеге качат? Мен ага аябай ачуум келип жүрөт, чынын айтайын, өпкөсүн үзөм! Анан мени сотко берсин, бере берсин, барам! Эми биз алтымыштын ашын ашап калдык, кичине сыйлоо деген болуш керек да, керек болсо бизден кеңеш угуш керек! Дегеле, жаштарды ыймандуулукка чакырат элем. Интернетке тимеле жаман сөздөрдү колдонуп жазып жатышат. Бул туура эмес. Ушундан уламбы, Алмазбек Атамбаев быйылкы жылды “Адеп-ахлак, ыйман жана маданият жылы” деп жарыялабадыбы. Туура деп ойлойм. Келгиле, ыймандуу, маданияттуу бололу! Ал эми аялзатын жазгы майрамы менен куттуктайм.
Маектешкен: Назира БАЯН кызы,
«Саресеп», 11.03.2017-ж.