– Олжобай, мына шайлоого да саналуу күн калды. Эки күндөн кийин жаңы президенттүү болобуз деп турабыз. Бирок каалайбызбы, каалабайбызбы, бийлик С.Жээнбековду алып келгени калды окшойт. Кокус келип калса, мунун арты кандай болот деп ойлойсуң?
– Агер Сооронбай таймаштан «утуп» чыгар болсо, Бабановдун эле эмес, башка талапкерлердин жактоочулары деле кол куушуруп отуруп калбайт го. Чоң нааразычылыктар башталат. Себеби тээ жаздан бери эле Жээнбековдун пайдасына көз көрүнөө колдонулган административдик ресурстар кандай иштеп келатканын көрүп атпайбызбы.
– Премьер-министр С.Исаков дагы Казакстанга уят кылды, “чек ара боюнча Назарбаев менен сүйлөшкөм” деп. Аны казак тарап айыбын ачты. Бирок болбой эле алар бет тырмоочулук менен жооп беришти. Сапар Исаковдун ушул кылганы туурабы?
– Атамбаевдин курчоосундагылар бүгүн мурундун учунан алысты көрбөгөн кадамдары менен улам мүдүрүлүп жыгылганынын бир эле себеби: булар башынан эле стратегиялык эмес, тактикалык кадамдар менен күн өткөрүп келатышат. Эптеп эле төө кыядан өтсүн үчүн бүгүнкү көйгөйдү чечип алыштан амалын ойлоп калышты. Ошон үчүн одоно катачылыктары улам булайып чыгып калып атпайбы…
– Негизи чек ара маселеси Атамбаев мамлекеттик сыйлык тапшырып атып, “балп” деп аларды жамандаганынан улам чыкты. Тилекке каршы, “ажо эмес, ага Бабанов күнөөлүү” деп да чыккандар болууда… Сенин көз карашыңда буга ким күнөөлүү?
– Кеп, Бабановду расмий Казакстан кабыл алганга чейин эле анык кокуйдун чети көрүнүп калган. Ага кенен ой чаптырар болсок, бүгүнкү күндө Борбор Азия жана Россия үчүн диний экстремизм өтө кооптуу абалда туру. Жалпы дүйнө жүзүндө андан бешбетер. Өзбекстан, Тажикстан диний фанатизмдин тизгинин кагып, диний агымдагылардын иш-аракеттеринен алдын ала чочулап отурса, а бизде кандай болууда? Борбор Азия боюнча диний ишмердиги менен чоң таасири бар Чубак ажы өлкөнүн Башмыйзамына чыйт түкүрүп, шайлоочулардын алдында Жээнбековду ачыктан ачык үгүттөгөнү – бизди эле эмес, Россия, Казакстанды да кооптондурбай коёбу? Себеби стратегиялык өнөктөштөрүбүз диний экстремизмди алдын алуу менен алпурушуп атса, а бизде өлкө башчысынын мураскерин диний чөйрөнүн таасирдүү адамы үгүттөгөнүн көргөн коңшу өлкөлөрдүн тынчы кетпей коёбу?! Демек, алар ой ушу Атамбаевдин мураскеринен көрө кимиси болсо да башкасы президент болсун деген позицияны кармангандан башка эмне аргасы бар?! Анын үстүнө жээнбековдордун баары эле Сауд Арабия менен өтө ысык ымалада экенин биз менен өнөктөш өлкөлөрдүн атайы кызматтары билбей коймок беле.
– Атамбаев да, Жээнбеков да Кудайлап көп сүйлөшөт, бирок, Текебаев айткандай, “Кудайды да алдап жатышат” да. Кандай дейсиң?
– Кудайды авторитет кылып сүйлөбөйлүчү, эй! Эмне Кудайдын көзү Кыргызстанды эле карап туруптурбу? Өлкө башкарган адам үчүн эл өзү кудайдан ыйык, кудайдан да коркунучтуу болсо эмне, атаңдын гөрү э… «Кудай урат», «Кудай жазалайт» деген түшүнүк менен эмес, «Эл жазалайт», «Элдин кусуру урат» деген ыйык түшүнүк – Кудайды деле ыраазы кылмак анда. Кудай бул – прожектор эмес да, бирине жарыгын тамызып, бирине жарыгын тийгизбеген. Дүйнө жүзүндө Кудай бирөө эле, бирок ошол жалгыз кудай миллиондогон, миллиарддаган адамдардын жүрөгүндө гана жашайт деген ойдомун.
– Дегеле өзүңдүн Кудайга ишенимиң кандай? Динге мамилең кандай? Сени “теңирчи” деп эле жазып жатышат. Же атеистсиңби?
– Мен бир Кудай урган кишимин да… Тээ качан эле философияга абыдан кызыгып, колумдан Ницшенин эмгектери түшпөй калган. Баарынан жакканы – Ницшенин «Бог умер»дегени. Иттей таамай, иттей туура айткан муну. Мында өтө терең маани жатканын көбү ойлонбойт дагы… Кудайдын өлгөнү чын үчүн Атамбаев менен Жээнбековдун оозунан түшпөй жүрөт да. Биз Кудайды тирилтишибиз керек. Кантип? Мечит же чиркөөлөргө, кечилканаларга барып эмес, жүрөгүбүздүн каалгасын каксак эле Кудайды тирилтип алабыз. Ишенип кой ушуга.
Ал эми мени Теңирчи дегендерге айтаарым, кадырыңар жам болсун: мен эч бир динге, эч бир Кудайга кошомат кылбаган адаммын. Эч бир динге да баш урбаймын. Менин Кудайым – Чындык. Издесем Чындыкты издейм, Кудайды издебейм. Себеби аны эбак эле таап алгамын, аны да Асман же Жерден эмес, Жүрөгүмдөн тапкамын. Ал мага ошон үчүн ыйык. Бир курдай жакын санаалаштарыма ушуну айтсам, «Сени бир күнү Кудай урбаса болду»,- дейт. А мен жөн каламбы, минтип жооп узаткамын: «Кудай эгер мага окшогондордун эле артынан түшүп алса, демек, ал менден да пас экен» деп…
-Эми акын бир башкача адам болот эмеспи. “Акындар аз уктайт” деп укканым бар. Канчада жатып, канчада турасың?
– Мен деле дардайып уктап жатканды жакшы көрөм. Башымда идея ойгонмоюн мени деле уйку басып жүрө берем. Агер идея келчү болсо менден биринчи кезекте уйку качат. Менден өткөн жиндини таппайсың. Куш уйку болуп калам. Түшүмбү, өңүмбү – ажырата албайм. Иштеп аткан болом. Жаздыкта баш коюп жатканым менен мээм тынымы жок иштей берет. Ошол себептен мындай афоризмим бар: «Дүйнөдө күнү-түнү тынбай иштеген бир гана эң алдыңкы завод бар, ал – жаратман адамдардын мээси».
-Акынга сайт иштетүү кыйын бекен? Дегеним, ыр жазуу калып калган жокпу?
– Эмнеге кыйын болмок эле? Тескерисинче, мен азыр учур адабиятынын акыбалын жакшы түшүнө баштадым. Кайсы автор кандай иштеп атканы сайтыма келген чыгармаларынан билинет. Чыгармачылык атаандаштыкты канткенде күчөтсөм деген аракет менен жалпы адабий процесс жандансын үчүн конкурстарды уюштуруп атканым да ошол. Себеби жалгыз дарак токой болбогондой эле бирин-экин активдүү автор учур адабиятынын жүгүн көтөрүп кетпейт. Убагында күргүштөгөн үйүрү менен орус адабиятында кандай акын-жазуучулар чыккан. Себеби генийге гений же улуу жазуучуга улуу жазуучу, улуу идеялар гана сүрөөнчү болот.
– Азыр сайтыңды жолго коюп алдың, туруктуу окурман таптың. Бул бир жылдык акыбетиңби же окурмандардын колдоосубу?. Окурмандар менен кандай мамиледе болуудасың?
– Мунун баарына бир эле нерсе менен жетсе болот экен, ал – чекеңден чыпылдап тер чыкканча ноюбай мээнеттенүү. Убактыңды туура сарамжалдоо. Мага башынан эле окурмандар менен жазуучу-акындардын колдоосу күч болду. Коомдо рухий муктаждык абыдан өсүп калган экен: өрнөктүү чыгармаларды тандап чыгара баштасам эле, иш өзүнөн өзү ордунан жылды. Мына анан кимдир-бирөөлөр менен телефондон сүйлөшүүгө да, фейсбуктан кат жазышууга да чолом тийбей, аларга корочу убактымды чектедим. Кээ бир авторлор начар чыгармаларын жөнөткөндө аларга эринбей кат жазып жүрдүм башында. Болжолу мындай мааниде: «Сенин чыгармаларыңды жарыялай албайм, капа болбо. Себеби окурмандардын көркөм табитин өстүрүшүбүз керек. Чыгармаңды мыктылап ийлеп чык, дурус болсо чыгарам» деп жүрүп, бара-бара туруктуу авторлор менен котормочуларым көбөйдү. Ошону менен сергек окурмандардын кыртышы жаралып калды. А кыртыш болгон жерде эч бир дарак да, дөң да солк этип койбойт. Кыртышы жок тоо деле табигый кырсыкка заматта кабылат. Мен ошол кыртышты бекем болсун үчүн башынан бери чыгармалардын сапатына көңүл бурдум. Албетте, айрым учурда сайтка илээрге эч нерсе табылбай карайлап калган учурда орто заар чыгармаларды илип ийген да учурларым болду.
– Сынак да өткөрө баштадың. Ага демөөрчүлөрдү кантип көндүрүп жатасың?
– Мен шар жүргөн жигиттер менен гана иш жүргүзөм. Бир-эки ооз намысына тийер кеп айтсаң эле, андай жигиттер аний дебейт экен. Улуттун руханий дөөлөтүн түптөйлү, көркөм мурастын кадырын өстүрөлү десең кимдин намысы ойгонбойт? Бизде мекенчил эр-азаматтар толтура, тек, аларга улуттук масштабдагы проблеманын чекесин чыгарсаң эле колдоп-буттап кетүүгө даяр. Болгону биз ошондой демөөрчүлөр менен иш жүргүзгөндү билбей кашайып атпайбызбы. Себеби акын-жазуучуларыбыздын көбү жеткен мажүрөө, жүүнү бош. Чычайып, керт башынын жашоосу шайма-шай болсо жүрө беришет…
– Ийгиликке жетүүдө аялдын ролу чоң эмеспи. Жубайың жөнүндө эки ооз сөз айта кетсең…
– Эки ооз эмес, андан деле көп айтайынчы… Кудай-Таала үй-бүлөлүк бакытты мага олчойто берсе керек. Катының ишенчээк болсо, андан өткөн бакыт барбы? Келинчегим Назгүлгө не деген гана жомокторду айтып келбедим? А балдарым менин айткандарыма бир аз рационалдуулук менен карап: «Ата, жомогуңузду коюңузчу» деп турушат. А Назгүлгө эмне айтсам ишенет. Былтыр кыш эрте түшүп кашайтпадыбы. Мен болсо сайттын ишин баштап алгамын. Менин бир иттигим ушул: бир балээни баштап алсам, баш-отум менен кирип кетем. Сүйүүгө да ошондой болчумун жаш кезде. Бирөөнү сүйдүм дегиче, жанынан айланчыктап чыкчу эмесмин. А кийин адабиятты сүйүп калдым. Сайтымды да адабиятка байлаганым ошол. Былтыр кышка даярдыгым жок туруп, сайтты баштап алдым эле – кычыраган суукта үй-бүлөмө көргүлүктү көрсөттүм. Дагы жакшы, жаңы үй болгон үчүн тоңуп өлгөнүбүз жок. Эки кабат үйдүн ысымагы да азап да. Ага болбой көгөрүп иштей бердим, кээде келинчегим бөлмөмдү тыкылдатып баш багып калат: «Балдар жол кирелери жок, сабакка баралбай отурушат» деп. А мен: «Кошуналарга барасыңбы, төркүнүңө барасыңбы, бирок менин бөлмөмө кирбегиле! Акча сурабагыла менден! Көрбөй атасыңарбы?! – дейм: – Мен эмне ойноп отурамбы?!» – дегенимди укканда баары жымырылып тынчып калышат. Акцентти андан ары дагы күчөтөм балдарыма: «Билим алам деген киши жөө болсо да барып келет. Менден үмүт этпегиле, билим силерге керекпи, мага керекпи?!» Ошону менен кулак-мээм тынчып, бир жылдан бери «РухЭшти» жолго коюп алдым, буюрса, мындан аркы жолум шыдыр болоруна көзүм жетип калды. Бирок ушул ийгилигимдин 50 проценти жалаң келинчегимдики. Себеби мендей акмакка башка адам чыдабайт эле да, эй! Дегеле сайттын ийгилигинде эле эмес, соңку жылдары жазылган «Куюн доор» романымдын бүтүшүнө деле үйдө кулак-мээм тынч болгону эң башкы себеп.
– Ошол алтын келинчегиңди айдатып алып эле машинадан түшпөй калдың. Шаарды велосипед менен кыдырып эле жүрчү элең. Машина минип калганың жалкоолукпу эмеспи?
– Өмүрү спорттон кол үзгүм келбейт. Себеби жазуучу болгон адам үчүн бул аба-суудай зарылдык. Өзүңдүн чыгармачылык мүмкүнчүлүгүңдү толук ачыш үчүн биринчи кезекте денсоолук керек. Дене боюң чың болбосо, узак сааттар бою кантип отурасың? Ошон үчүн көп учурда велосипед менен жүрөм. Машине айдаганды билбейм. Үйрөнгүм да келбейт. Кээде гана шашылыш же зарыл жумуш чыга калса, келинчегимди айдатып жөнөйм. Жакында «РухЭш» сайтынын бир жылдык тушоо кесүү тоюн уюштурууда гана иш көп үчүн машине айдатып жүрдүм.
Маектешкен Назира СААЛИЕВА