БШКнын (20:22де) берген маалыматына таянсак, болжол менен азырынча алдыда президентикке талапкер Сооронбай Жээнбеков келатат. Ага 740 178 адам добуш берген. Ал эми Өмүрбек Бабановду 464 461 добуш колдогон. Пайыз боюнча абал төмөндөгүчө:
- Сооронбай Жээнбеков 54,34%
- Өмүрбек Бабанов 34,26%
- Адахан Мадумаров 6,6 %
- Темир Сариев 2,52 %
- Талатбек Масадыков 0,56%
- Улукбек Кочкоров 0,51%
- Азимбек Бекназаров 0,16%
- Арстанбек Абдылдаев 0,12%
- Арсланбек Малиев 0,09%
- Эрнис Зарлыков 0,08 %
- Токтайым Үмөталиева 0,07%
Өмүрбек Бабановду Таласта 85,76 % жана Чүйдө 51,27 % колдоп, ушул эки облуста гана алдыда келатат. Ал эми Бишкек, Ош жана калган облустарда С.Жээнбеков элүү пайыздан ашык алдыда келатат.
Саат 22.00до дагы маалымат беребиз.
Эрзат МЫРЗА