Белгилүү журналист, котормочу, акын, конфликтолог Жыргалбек Касаболотов кыргызга, кыргыз тилине күйгөн, мекенин сүйгөн, өзүнүн позициясы бар адам. Бул жагынан алганда, Өмүрбек Текебаевге окшош. Дегеним, Текебаевдин ордун жоктотпой, азыр бийликке катуу сын айткан Касаболотов болууда. Мына кечээ жакында ажо Талас элин “Алыке, Көбөштүн тукумдары” деп салды эле, бир да саясатчы “ажо туура эмес кылды” деп айталган жок. Дагы да болсо Өмүрбек Текебаев парламентке бул маселени көтөрүп чыгып, айтмак. Текебаев айта турганды Касаболотов айтты, ошого көңүл буруңуздар!
-Жыргалбек, кечээ Дастан Жумабеков спикер, Дайыр Кенекеев вице-премьер-министр болду. Кызматка туура эле келишти деп ойлойсуңбу?
-Кенекеевди да, Жумабековду да саясатчы катары билбейм. Менимче, парламент өкмөттүн ишин тескеп, коомдогу орчундуу маселелерди ачык айта турган, эл арызданса уга турган, элдин кызыкчылыгын коргоп тура турган орган болушу керек эле. Азыр парламент бир ууч гана топтун кызыкчылыгын сактаган системанын бир бутагына айланды. Президент эмне айтса ошону кылып келатат. Каяша айткан эч кимиси жок. Анткени көбүнүн артында калбыры бар. Парламент Текебаев камалгандан бери мамлекеттик бийлик бутагы катары өзүнүн табигый ролун да, духун да жоготту. Эми ким келгени анча деле маанилүү эмес.
-Дайыр Кенекеевдин тынчтык митингине чыккан элдин алдында “Манас” китебин көтөрүп чыгып, окуп берейин дегени туурабы? Мисалы, аны ажо туура көрүп, ага телефон чалып, “Эй, сен Манастын урпагы экенсиң” деп айттым деди. Экөөнүн тең кылган иши туурабы?
—Биринчиден, ал жер Манас айта турган жер эмес. Ар бир нерсенин өзүнүн жолу, орду болот. Митингге чыккан кишилер кайсы бир конкреттүү талап менен келет. Ошол талабына жараша жооп бериш керек.
Экинчиден, «Манасты» митингден айтпайт. Дегеле митингге чыккандардын суроосуна жооп берип маселени жөнгө салуунун ордуна «Манас» айтып же куран окуп кирген киши ошол жерде тургандардын кимисинин болбосун кыжырын гана келтирет. Конфликтологияда белгилүү бир эреже бар. Кандай контингенттеги эл чогулса, кандай талап койсо ошонусуна жараша сөз сүйлөш керек. Айталык, айлыгын талап кылган заводдун жумушчуларынын алдында Кафка менен Фолкнердин чыгармасы тууралуу лекция окуп отуруп алган болбойт, төбөдөн ары төрт коюп кууп чыгат. Ага ошол лекция окуган киши өзү күнөөлүү болот, анткени аудитория, анын маанайы туура келбейт. Мындай элементардык нерселерди билбеген киши жетекчиликке татыктуу эмес.
Үчүнчүдөн, «Манасты» ким гана пайдаланган жок? Ыгы келсе да, келбесе да көрүнгөн жерге сүйрөп отуруп баркын кетирип бүтмөй болушту. Айталык, Акаев убагында «Манастын 7 осуяты» дегенди ойлоп табышкан. Бул жасалма нерсе. Анткени Манас атабыз биринчи иретте жоокер болгон. Өмүрү жоокерчиликте, кылычтын мизинде, найзанын учунда жүрүп өткөн. Осуят айтып аны бирден тизмектеп отурганга убактысы болгон эмес. Ошондуктан ал сиңген жок. Эң негизгиси — үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган, ак марал багып уй кылган, ай-ааламды буй кылган, кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган, эптеп жүрүп эл кылган, эр уулу менен тең кылган, Алтайдан Алатоого атпай журтту жыйып келген, өлкөсү үчүн өз жанын кыйып келген, тентектерин теске салып тыйып келген Манастын саясатына каршы 25 жылдан бери кыянаттык жасалып келатат. Кыргызды тентиткен, Алоокенин чапкынындай кылып бирин Алтайга, бирин Каңгайга жөнөткөн бийлик, кыргыздын тилин башка тилге басып берип кор кылган бийлик, паспортундагы атын өчүргөн бийлик, кыргыздын кыйындарын өлтүргөн кылмышкерди кылгыра карап узаткан бийлик Манасты оозанууга кенедей да моралдык акысы жок.
-Туура, Манасты оозанууга моралдык акысы жок болчу. Мамлекет башчысы болуп туруп, элди бөлүп-жарып, “Абыке, Көбөштүн тукумдары” деп талас элин кемсинткени туурабы?
-Манасты кыргыз өлтүргөн» (кыргыз чогулушу), «Манас — этнический россиянин» (орус медиасы), «Наши соседи — РОССИЯ (!!!), Китай и Казахстан» (ССТV каналы) деген тиги киши башкаларга «Манас» тууралуу айтпай эле койсо болмок. Абыке, Көбөштүн саясатын уланткандар — мамлекеттин колуна түшкөн мүлктү сатыкка чыгарып, анан уялбай аны сатууга каршы чыккандарды «сатмакчы болгонсуң» деп түрмөгө тыккандар. Бир кезде өкмөттүн үстүнөн башкарам деген чет элдик түзүмдүн белдүү кызматкерлерин кайра өкмөттүн башына алып келгендер. Тышкы күчтөрдүн эң такшалган тымызын жоокерлерин чоң кызматка дайындап, колуна эбегейсиз чоң ресурс карматкандар. Элди аткандарды куткарып жиберип, артынан кайра өздөрү өмүр бою жамандагандар. Жамандаган кишисине кызматка барып колунан орден алып, кийин ага каршы элди айдактагандар. Кайра анын адамдарын бүт бойдон жанына жыйып алгандар. Паспорттон кыргыздын атын өчүрүп, улутчулдарды «душманым» дегендер. Кылмышкерлердин ана башын кызыл килемге салып узатып, өзүнө каршы сөз айткандарды каматкандар. Соодадан өлүп бараткансып коңшу мамлекеттен товар ташып, элдин канына забын болгондор. Башмыйзамды каалашынча калчап, жалаң тышкы күчтөрдүн кызыкчылыгына ууру нормаларды киргизгендер. Экөөнөн тең кепилдик алып, бата берип узатып коюп, кайра бирөөнү эл көзүнчө жамандап өз айыбын өзү ачкандар. «Эл башкарат» дебей, «менин кишим менден эч кайда кете албайт, кызматтан кетсем да мен башкарам» дегендер. Башка элдин башчысына шыйпаңдап жетип баргандар. Кыргыздын жеринде туруп кыргызга каршы башкаларды көкүткөндөр. Аны сындайм деп оозуна ээ боло албай жамы журттун убалына калып, кайра шымын булгаган баладай көзүн жалдыратып отургандар. Чек араны жашыруун чечип, элдин тагдырын элден катып отургандар. Кыргыздын жеринде иштерин кыргызча жүргүзүүдөн баш тартып, өз элинин тилин башка тилге басып бергендер. Мына ушулардын баары Абыке, Көбөштүн жана башкалардын тукумдары. Ким экени түшүнүктүү эле болсо керек.
-Ошону түшүнбөй жатышпайбы… Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондон келип чыкты ушул сөздүн баары. Сенин оюңча, шайлоо таза өттүбү? Шайлоого бардыңбы?
-Шайлоого барган жокмун. Шайлоого барыш үчүн улуту көрсөтүлбөгөн паспортту алыш керек экен. Өзүм өкмөттүн ошол чечимине каршы чыгып атып, кайра өзүм улуту уялып чипке жашынган паспорт алгым келген жок. Жаңы паспортум болгон күндө деле бармак эмесмин же баарына каршы добуш бермекмин. Анткени ичим чыккан бирөө да болгон жок. Азыркы шайлоо — «Ак саманды жаман деп чөптү кайдан табасың?» деп алаканын жайып, астыбызга курт жеген алмаларды тизип, «эптеп жакшыраагын тандап алгыла» деген сунуш. Аны молдокелер айтмакчы, шариятка тууралап өткөрүштү. Мисалы, Бабановго Таластын көпчүлүгүн, Чүйдүн жарымынан көбүн эч ойлонбой туруп беришти. «Аскар Акаевич, биздин район Сиз үчүн 101% добуш берди» деген келесоолорду азыркы бийликтин саясий технологдору жолоткон жок жана ал жагынан туура кылды. Бирок анысына карабай айрым кемчиликтери көрүнүп калды.
-Мисалы?
-Мисалы Улукбек Кочкоровдун өтө эле аз добуш алышы шек туудурат. Аттангандардын бир тобу башынан эле өз алдынча талапкер эмес, кайсы бир оюндун катышуучусу катары талапкерлигин коюшкан. Алар өз ролун аткарышты. Азыр ал схемалардын көпчүлүгүн бийликке тиешеси бар кишилер түзүп, көчөдө стакан менен шарик ойноткон шылуундай улам бир колуна катып атышат. Алардын эрежесине түшсөң шарикти таап оюндан утуп чыгыш мүмкүн эмес, анткени аны ошол шарик ойноткон шылуун чечет. Мен каалагандай өңчөй улутчул, арты таза, эл ишене ала турган кишилерден эч ким чыккан жок.
Маектешкен Назира ЖАКШЫЛЫКОВА