Айтылуу “Кыз Бурак” тобунун жетекчиси, ырчы Сайкал Садыбакасова Максат Даврановго турмушка чыгып, Ала-Букага келин болду. Алардын үйлөнүү үлпөтү Ош шаарындагы “Динат” ресторанында өттү. Эки жашка өкүл ата-эне — Асан Мансуров менен Самара Каримова болду.
Сайкал — 25 жашта. Жолдошу Максат — 29 жашта. Ал ЭлТР телеканалынын “Кутман таң» берүүсүнүн алып баруучусу, продюсер.
Сайкалдын апасы Садыбакасова Гүлшайыр эжебизге чалып, куттуктап, куда-сөөгүн сурасак: “Бир чети кубанып, бир чети ичим ачышып жатат. Кызымдын барган жеринен бак айтсын! Кудабыз, Максаттын атасы 7-класста окуп жүргөндө каза болуп калган экен. Кудагыйдын аты — Максуда. 1960-жылкы. Жолдошунан жаш калып, үч уулду чоңойтуптур. 25-октябрда үйгө келишип, Сайкалыма сөйкө салып кетишкен. Эки балам бактылуу, таалайлуу болушсун!”,-деди толкундана. Биз дагы эженин сөзүнө толук кошулуп, Максат менен Сайкалга бакыт-таалай каалайбыз. Алар бүгүн баш кошуп апаларын кубантты, эмки жылы ушул маалда балалуу болуп, бешик той берип, чоң кубанычка бөлөшсүн!
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы