Азыр коомчулукта мөңгү жөнүндө талкуу болуп жатакандыктан, мындан 12 жыл мурун атамдын жаркын элесине арнап жазган «Ак мөңгүлөр» деген ырды жарыялап коюну ылайык көрдүм.
АК МӨҢГҮЛӨР
(Атамдын жаркын элесине арнайм)
Жатса да кесел кыйнап, ажал тооруп,
Кар жаабай кечикти деп, көңүл ооруп.
Жаны эмес, мөңгүлөргө кейиди эле,
Акыркы сүйлөшкөндө биз жолугуп.
Кар жаабай Чоң-Кеминде мурда неге,
Чаң учуп декабрда турган эле.
Атабыз үзүлгөндө ак кар жаады,
Артынан апакай кар ылдам эле.
Эки күн тынбай жаады мампарлаган,
Көмгөн соң күн ачылды жаркын анан.
Атабыз дал ушундай жан эле го,
Артынан чаң калтырбай, кар калтырган.
Аппак кар жараткандан тиленди эле,
Акыркы керээзи да, тилеги эле.
Силерди ата тутуп жүрөм эми,
Мөңгүлөр, атам көргөн өлбөгүлө.
Ичимен дуба кылып арбагына,
Атабыз өлдү дебейм балдарыма.
Силерге булганалек ак кар издеп,
Кеткен дейм Улуу Тоонун аржагына.
Кышында кар жатпаган тоону көрсөм,
Өлөөрдө кар жаадырган атамды эстейм.
Армандап биз атасыз калсак дагы,
Ала-Тоо ак мөңгүсүз калбаса экен.
2005-жылдын 27-декабры