Чубак ажы Жалилов 30 жаштагы экинчи аялды эмнеге алганын толук түшүндүрүп берди. Аны видеодон караңыз. (Видео) Ал “жесир аялды багыш керек, ага дин уруксат берет, “багын ачып жатам”, “Аллахтын айтканын аткаруудамын”. Бирок, бул маселеге сын айткандар да четтен чыгат.
Көп аял алууну алгач Марат Кайыпов көтөрүп чыккан
Дегеле Кыргызстандын кийинки тарыхында аял үстүнө аял алуу качан чыкты эле? Баягы эле депутаттар козгогон, анткени козголгон маселени талкууга алуу алардын милдети эле. Козголгон маселе “асылган” абалда калып келет. Анан эле журналист Назира Бегим: “Бүгүнкү күндө аялзаттын укугу корголгон эмес, бирок ага карабай экинчи аялды байбичесинин үстүнө киргизип алган учурлар кадам сайын кездешет. Муну ажыга бараткандардан дароо байкасаң болот. Төрөлгөн балдар өз атасынын атын алалбай келүүдө. Ошондуктан бул маселени көтөрүп, аягына чыккым келет”,- деген эле. Эскерте кетсек, көп аял алууну мыйзамдаштыруунун демилгечиси болуп, 2005-жылдын ыңкылапчыл марттан кийин Юстиция министри болгон Марат Кайыпов чыккан. Ошондо коомчулук тикелей каршы чыккан. Имиштерге ишенсек, буга майды Курманбек Бакиев тамызган имиш, анткени ал өзү экинчи аял алган кези болуп, ал аялынан эки баласы да бар эле.
Клара СООРОНКУЛОВА: “Мыйзам боюнча көп аял алуу үчүн 2 жылга эркинен ажыратуу каралган”
Конституциялык соттун экс-соту Клара Сооронкулованын сөзүнө ылайык, көп аял алууга Кылмыш кодексинин 153-беренеси каршы турат. Ал нормага ылайык экинчи, үчүнчү, көп аял алуу үчүн эки жылга эркинен ажыратуу каралган. “Бул берене советтик кодекстен бери келе жатат. Совет учурунда бул кылмыш деңгээли эскинин калдыгына, калың төлөөгө, кыз ала качууга каршы каралып келген. Азыр Кылмыш кодексинде үй-бүлөлүк баалуулуктарга каршы багытталган кыймыл-аракеттер кирет. Бирок, бул берене боюнча Советтер союзу учурунда эч ким жоопкерчиликке тартылган эмес”, — дейт Клара Сооронкулова. Анын айтуусу боюнча, берене иштебейт, ал эми коомчулукта көп аял алуу адатка айланганы да чындык.
Бүбүсара РЫСКУЛОВА: “Көчөдө калам” деп коркушат…”
“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын айтымында, күнөөлөрү экинчи аял алгандыгы боюнча көп кайрылышат. Борбордо аларга психологиялык жардам берилип турат, кеп-кеңештер берилип, күйөөсүнүн жоругун ачыкка чыгаруу сунуш кылынат. Бирок, аялдар күйөөсүнөн каражат жагынан көз карандыгына байланыштыра беришет. “Биз жардам бере алабыз деген ишенимди күчөткүбүз келет. Кыйналган аялдар буга жакшы эле макул болушат. Анан ойлонушуп, кайра артка чегинип, күйөөсүнө экономикалык жактан көз каранды экенин мойнуна алышат. “Менин силерге кайрылганымды күйөөм билип калса, көчөдө калып калам” деп коркушат”, — дейт Бүбүсара Рыскулова.
Мыйзамды “мыш” кылган Жогорку Кеңеш
Ал эми диний үлемдер көп аял алуу демилгесин ар дайым колдоп келишет. Ал эми Кыргызстандын мусулмандар рухий башкармалыгы бул боюнча ачык-айкын расмий оюн билдирбей келет. Ал эми Чубак ажыга окшогон “устазылардын” оозу менен бул маселени жайылтып келаткандары да жашыруун эмес. Эл оозуна алынып калган Чубак ажы, Турсунбай Бакир уулу, Өзбек ажы жана башка молдокелер экинчи, үчүнчү аял алышканын жашырышкан жок. Ал эми Кылмыш кодексинин 153-беренеси дагы эле иштебей турат. Бизде бардыгы “кыргызча”, мыйзам бар, аткарган киши жок. Эң алгач мыйзамдаштырып ал да, анан каалашыңча үйлөнө бер. Жок, “мен аялым менен ажырашкан жокмун, бирок исламга ылайык соопчулук кылдым” деп суудан кургак чыгып кетишүүдө. Муну тескеген бизде органдар кайсыл? Жогорку Кеңеш эч нерсени капарына албай, мыйзам бузууларга унчукпай жол берип олтурганда, акыйкатчылыкты айтып эмне кылабыз десең?
Эрзат МЫРЗА