Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл аймагында 1-декабрында түнү “Жалгыз бак” мечитинен өрт чыккан. Өрт түндө саат 00:47де чыгып, саат 02:48де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен мечиттин 500 чарчы метр чатыры жана 200 чарчы метр пластик шыбы күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы