Түрмөдөн качкандардын төртүнчүсү кармалды

Түрмөдөн качкандардын төртүнчүсү кармалды

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, бүгүн, 27-ноябрда Сокулук райондук милициясынын тергөө абагынан төрт киши качып кеткендердин төртүнчүсү — Кайрат Жанботоев кармалган. Ал 1-декабрда таңга маал Чүй облусуна караштуу Спартак айылында камыштын арасында жашынып жаткан жеринен колго түшкөн.

Булардын төртөөнө карата Кылмыш кодексинин “Каракчылык” жана “Киши өлтүрүү” беренелери боюнча айып тагылган. Бул окуяга байланыштуу Сокулук райондук прокуратурасы иш козгоп, эки милиция камакка алынган. Райондук милиция жетекчилери кызматтан бошотулган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.