Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин 36 жаштагы бир тууган агасы Тариел Акаев кечээ көз жумду. Маркумдун сөөгү эртең, 6-декабрда, Алай районунун Кабылан-Көл айылында жерге берилет. Тариелдин артында “аталап” төрт баласы калды.
“Алакан” сайтынын эмгек жамааты депутат Жанар Акаевге терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.