Сапар Исаковдун ордуна Өкмөт башчы болуп келчүлөрдүн аттары аталууда, алар: Темир Сариев, Акылбек Жапаров, Иса Өмүркулов, Мухамметкалый Абылгазиев. Булардын ичинен Абылгазиевди колдоорун КСДПнын депутаты Кожобек Рыспаев журналисттерге ачык эле билдирди. «Учурда премьер-министрликке көп кишинин аты аталууда, алардын арасында Иса Өмүркулов, Акылбек Жапаров жана Мухамметкалый Абылгазиев бар. Мунун бардыгы татыктуу талапкерлер, бирок, мен Мухамметкалый Абылгазиевдин талапкерлигин колдойм», — деди.
М.Абулгазиев учурда президенттин аппарат башчысы. Бул кызматка ушул жылдын 16-мартында эле келген.
Эрзат МЫРЗА