“Ырчы Айжан Газиева премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кызы, ал биринчи никесинен төрөлгөн” деп айрым ММКлар жазып чыккан. Мындай маалыматты өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Чынгыз Эсенгул уулу четке кагып, ал «Фейсбук» баракчасына: «Бул чындыкка дал келбей турган маалымат. Айжан Газиева өкмөт башчынын бир тууган агасынын кызы”,-деп жазды.
Өткөн жумада өкмөт башчысы болуп дайындалган Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрт баласы бар.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы