Бул тууралуу АКИpress жазып чыкты. Аларга № 1 төрөткананын гинекологу Раиса Асылбашева билдирген. Анын айтымында, 6 кг 230 грамм ымыркайды беш баланын энеси (34 жаштагы келин) төрөгөн. “Акыркы убакта салмактуу балдар төрөлүүдө. Буга чейин 5 килограммдык балдар төрөлгөн. Биринчи жолу 6 кг салмакта бала төрөлүп жатат. Бул биз үчүн нонсенс. Учурда эне-баланын саламаттыгы жакшы”,-деген гинеколог.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы